- Сикела мырза, Кыргызстанга кош келдиңиз. Сиз Борбор Азия сапарыңызга утурлай X социалдык тармагына кеңири пост жазып, чөлкөм менен кызматташтык багыттары катары энергетика, суу ресурстары, минералдык ресурстарды иштетүүгө кызыгуу бардыгын айттыңыз эле. Евробиримдикти кандай долбоорлор кызыктырат?
- Рахмат, бул аймакта Евробиримдик үчүн маанилүү өнөктөш болгон өлкө - Кыргызстанга келгениме терең кубанып турам. Айрыкча, Тажикстан менен чек ара боюнча тарыхый келишимге кол коюлгандан кийин эки өлкөнүн тең элинин жашоосун жакшырта турган бул жетишкендик менен куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер.
Биз биргелешип Кыргызстандын элине пайдасын тийгизип, ошондой эле аймактык кызматташтыкка салым кошо турган конкреттүү долбоорлорго көңүл буруп жатабыз.
Суу чарбасы биз үчүн негизги багыт болуп саналат. Кыргызстандык дыйкандарды колдоо, климатка туруктуулукту бекемдөө жана азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу үчүн ирригациялык системаларды модернизациялоонун үстүндө иштеп жатабыз.
Энергетика дагы бир негизги тармак. Камбар-Ата-1 ГЭСи эки тарап үчүн тең артыкчылыктуу. Бул Кыргызстан үчүн таза энергиянын булагы болгон ири долбоор гана эмес, энергетика жана суу ресурстарына байланган жалпы көйгөйлөрдү чечүүгө өбөлгө болчу аймактык кызматташтыктын символу.
Кыргызстандын Европаны маанилүү чийки зат менен камсыз кылууда келечектеги өнөктөшүнө айлануу мүмкүнчүлүгү да бар. Ошондой эле биз кен байлыктарын иштетүү боюнча европалык стандарттар экологиялык жана социалдык коргоону камсыз кылууга кантип колдонулса болорун талкуулап жатабыз.
Санариптештирүү жана билим берүү жаатындагы алгылыктуу кызматташуубузду улантып жатабыз. Еврошаркет алыскы аймактарга жогорку ылдамдыктагы интернетти жеткирүү үчүн спутник байланышын сунуш кылууда. Санариптик ажырымды жоюу жана өлкөнүн бардык аймагындагы калк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу максаты бар.
- Сапарыңыздын алкагында кыргыз өкмөтүндө кандай жолугушуулар, кандай натыйжа болду?
- Мен президент Жапаровго жолукканда Тажикстан менен чек ара боюнча түзүлгөн тарыхый келишим менен куттуктадым. Бул аймактык тынчтык жана туруктуулук үчүн өтө маанилүү кадам.
Биз ошондой эле Евробиримдик менен Кыргызстан ортосундагы кызматташтыктын жаңы багыттарын ача турган "Өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө кеңейтилген макулдашууга" жетишүүнүн соңуна чыгуу жөнүндө сүйлөштүк.
Дагы бир негизги тема - Өзбекстанда биринчи жолу өтө турган Евробиримдик-Борбор Азия саммити болду. Бул аймактагы байланыштарды тереңдетүү үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк.
Андан сырткары тышкы иштер министри, юстиция министри, экономика министри, финансы министри, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, Кыргызстандын инвестиция агенттигинин жетекчиси менен жолугуштум. Биз таза энергия булактарынан тартып, заманбап транспортко жана санариптик байланышка чейинки инвестициялык долбоорлорду биргелешип аткаруунун жол-жобосун талкууладык.
Анан, албетте, климаттык жана энергетикалык коопсуздук маселелерин чечүүчү чөлкөмдөгү флагмандык долбоор Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун жакындан колдой турганыбызды дагы бир жолу билдирдик.
- Камбар-Ата ГЭСин курууда Евробиримдин кандай жардам бере алат жана кандай пландар бар?
- Камбар-Ата-1 долбоорун Евробиримдикке мүчө мамлекеттер жана каржы институттары менен бирге жакындан колдоого даярбыз.
Биз Европа инвестициялык банкы (ЕИБ), Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) жана башка институттар менен бирге 500 миллион евродон ашкан насыяларды Европа Комиссиясынын каржылоосу менен ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Биздин максат – Кыргызстан үчүн жагымдуу негиз түзүү, ошондо бул өтө маанилүү долбоор илгерилейт.
Каржылоодон тышкары, европалык компаниялар ГЭСтин курулушунда инженердик, пландоо же көзөмөлдөө, анын экологиялык жана социалдык эң жогорку стандарттарга жооп беришин камсыздоо максатында салым кошуу үчүн дүйнөлүк деңгээлдеги тажрыйбага ээ.
- Былтыр жыл соңунда Европарламент Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына тынчсызданган резолюция кабыл алган. Анда Кыргызстанда демократия, адам укуктары жаатында бир топ маселелер бардыгы көрсөтүлүп, жакында эле европалык депутаттардын делегациясы Бишкекке келип кетти. Дал ушул жагдайлар экономикалык кызматташтыкка терс таасирин тийгизбейби?
- Адам укуктары биздин өнөктөштөр, анын ичинде Кыргызстан менен болгон диалогубуздун бир бөлүгү болуп саналат. Биз бул жөнүндө ачык айтып жатабыз.
Адам укуктары боюнча үзгүлтүксүз жана конструктивдүү диалог жүргүзүп, тынчсызданууларды жашырбай ачык айтабыз. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн Евробиримдик кыргыз бийлигине колдоо көрсөтүүгө даяр экенин да айта кетүү маанилүү.
Мисалы, биз укук коргоо уюмдарына каржылык колдоо көрсөтүп, былтыр Кыргызстандын акыйкатчысы жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор менен кызматтыштык боюнча жаңы келишимдерге кол койгонбуз.
Ошол эле учурда экономикалык кызматташтык уланууда, анткени биз өнүгүү менен адам укуктары жанаша жүрөт деп эсептейбиз. Биздин Кыргызстанга кайрылуубуз – күчтүү өлкөдө өнүгүү менен катар негизги укуктардын сакталышы абзел. Бул узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн бир бөлүгү экенин белгилей кетейин.
- Кыргызстан, жалпы эле Борбор Азия Кытай менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык мааниси бар чөлкөм экени талашсыз. Мындай шартта Брюссел Бээжин менен Москвага атаандаш боло алабы?
- Евробиримдик сунуш кылган нерсе - теңдикке, өз ара сый-урматка жана жогорку стандарттарга негизделген уникалдуу өнөктөштүк. Биз саясий шарттар менен эмес, өз ара пайдалуу кызматташтыкты, туруктуу өнүгүүнү колдоону жана адам укуктарын урматтоону талап кылабыз.
Мисалы, биздин Global Gateway деген стратегиябыз энергиянын таза булактарына, транспортко, суу ресурстарына жана санариптик өнүгүү сыяктуу Кыргызстандын келечеги үчүн маанилүү болгон тармактарга инвестиция тартууну көздөйт.
Биз ошондой эле Артыкчылыктардын жалпыланган системасы (GSP+) аркылуу Евробиримдиктин рыногуна жеңилдетилген шартта кирүү мүмкүнчүлүгүн сунуштайбыз. Бул Кыргызстандын продукциясын Европага экспорттоого жардам берет.
Ал эми европалык компаниялар өнөр жайды модернизациялоо жана жумуш орундарын түзүү үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылган алдыңкы жашыл технологияларды алып келишет.
Албетте, биз олуттуу жана узак алака-катышы бар өнөктөшпүз. Биздин өнөктөштүгүбүз Кыргызстан жана кеңири аймак үчүн олуттуу пайдасын тийгизет деп ишенем.
- Азыркы геосаясий шартта Украинадагы согуштан улам Орусияга санкциялар салынды. Ал санкцияларды айланып өтүүгө аракет кылган кыргызстандык компаниялар да бар экени аныкталып, кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүүлөр өткөн. Кыргызстан санкциялык режимди канчалык сактап жатат жана ал Евробиримдикти канааттандырабы?
- Санкцияларды айланып өтүү маселесине биз олуттуу карап, ал боюнча Кыргызстан менен тыгыз кызматташып жатабыз.
Бизде санкциялар жана экспорттук көзөмөл боюнча үзгүлтүксүз диалог жүрүп турат. Кыргызстанга ар кандай мыйзамдык же техникалык көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүү үчүн техникалык жана экспертизалык колдоо көрсөтүүгө даярбыз.
Биздин максат – Кыргызстандын аракеттерин эл аралык демилгелерге толук шайкеш келишин камсыз кылуу жана бул багытта прогресс бар деп ишенебиз. Бирок биз талаптардын толук аткарылышын камсыз кылуу үчүн ишти чогуу алып барууга кызыкдарбыз. Бул жалпы коопсуздугубуз үчүн маанилүү.
- Кыргызстан ВСП+ макамы берилип, былтыр жыл аягында аны узартуу боюнча атайын топ да келип кетти. Азыр кандай жылыштар бар?
- Артыкчылыктардын жалпыланган системасы (GSP+) Кыргызстан үчүн баалуу мүмкүнчүлүк — андан саналуу гана өлкөлөр пайда көрөт. Көпчүлүк товарга шаркеттин рыногуна алымсыз кирүү мүмкүнчүлүгүн ачат.
Өткөн жылы Бишкекке келген мониторинг миссиясы Кыргызстан GSP+ менен байланышкан адам укуктары, эмгек укуктары, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча эл аралык конвенцияларды кандай аткарып жатканын баалоо үчүн аткарылчу чаранын бир бөлүгү болуп саналат.
Ушул жылдын аягында биз отчетубузду жарыялап, Европарламент менен бөлүшөбүз. Мен келечекте дагы Кыргызстан үзүрлүү кызматташтык жана реформаларды ишке ашыруу менен Кыргызстан GSP+ статусун сактап калат деп ишенем. Ал эми кыргызстандык ишкерлерди өндүргөн товарын Европага экспорттоо мүмкүнчүлүгүн толук пайдаланууга чакырат элем.
Шерине