Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:18

Газа: Израил менен ХАМАС согушту токтотууну макулдашты


Газа тилкесинин тургундары ок атышууну токтотуу тууралуу кабарды уккан маалда, 15-январь, 2025-жыл
Газа тилкесинин тургундары ок атышууну токтотуу тууралуу кабарды уккан маалда, 15-январь, 2025-жыл

15-январда АКШнын президенти Жо Байден Израил менен ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал тобу Газада ок атышууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча макулдашууга жетишкенин жарыялады.

Байден 15-январдын кечинде Вашингтондо билдиргендей, бул макулдашуу үч этап менен ишке ашат. Алты аптага созула турган биринчи фазасында ок атышуу токтоп, Израил күчтөрү Газанын калктуу конуштарынан чыгып кетиши керек. Ошондой эле ХАМАСтын барымтасындагы бир катар туткундар бошотулуп, Израилдин абагындагы айрым палестиндер да эркиндикке чыгат жана газалыктардын үйлөрүнө кайтышына, тилкеге гуманитардык жардамдын жеткирилишине мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Жо Байдендин айтымында, экинчи этапта согушту биротоло токтотуу боюнча Израил менен ХАМАСтын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрөт. Ошондой эле калган туткундар, анын ичинде аскердик кызматкерлер бошотулат. Мындан тышкары Израилдин Газадагы калган күчтөрү чыгып кетет жана ок атышууну токтотуу боюнча убактылуу мунаса туруктуу келишимге айланат.

Үчүнчү этапта каза тапкан туткундардын сөөктөрү үй-бүлөлөрүнө өткөрүлүп берилет жана Газа тилкесин кайра калыбына келтирүү иши башталат.

Байдендин алдында Газадагы согушту токтотуу боюнча мунаса табылганын Катардын премьер-министри Мохаммед бин Абдулрахман аль Тани да ырастап, келишим 19-январда башталарын белгилеген.

Азырынча макулдашуу тууралуу Израилдин өкмөтү комментарий бере элек. Шаршембинин кечинде эл аралык медиа мунаса тууралуу адеп жаза баштаганда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси макулдашуунун деталдары дале такталып жатканын билдиргенин Associated Press кабарлаган.

Анын алдында АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп радикал топтун барымтасындагы туткундардын бошотулушун шарттай турган келишим жакын арада жарыялана турганын өзүнүн Truth Social социалдык медиа платформасына жазган болчу.

«Бизде Жакынкы Чыгыштагы барымтадагылар боюнча келишим бар. Алар жакында чыгарылат. Рахмат!", - деп жазган Трамп.

Катар, Египет жана АКШ арачы түшкөн сүйлөшүүлөрдүн бул жолку айлампасы 3-январда Дохада башталган. Согушка чекит коюп, барымтадагыларды бошотуу боюнча буга чейинки сүйлөшүүлөрдөн майнап чыккан эмес.

Газа: 15 ай эзилген эл

15 айлык наристе Масса Закут 2023-жылы 7-октябрда Газанын Бейит Лахья шаарында төрөлгөн. Дал ошол күнү Палестинанын анклавында согуш башталган.

Кыздын ата-энеси башка газалыктардай эле бир нече жолу жер которууга аргасыз болуп, тамак-аш, дары-дармек тартыштыгынан жапа чегүүдө. Закуттун үй-бүлөсү ушу тапта Дейр ал-Балахта качкындар лагериндеги чатырда жашайт.

Энеси Рола беш жыл балалуу боло албай жүрүшкөнүн, толгоосу келгенде бомбалоого карабай күйөөсү менен ооруканага жөнөшкөнүн айтып берди:

"Жарашууну, коопсуз жана туруктуу жашоого кайтарыбызды чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Ооба, Газанын түндүгүндөгү үйлөрүбүз кыйрады, бирок жок дегенде эч ким бомбалабай, аткылабай, согуш учактары асманыбыздан учпай калса экен".

Газа тилкеси. 3-январь, 2025-жыл
Газа тилкеси. 3-январь, 2025-жыл

Роладай болуп Израил менен ХАМАСтын Катардын борборунда өтүп жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жүз миңдеген палестиналыктар үмүт артып жатат.

Алардын бири, Хан Юнистен жер которгон Рами Абу Шера AP агенттигинин кабарчысына буларды айтты:

"Бир да адам өлбөгөн, жаракат албаган же жер которууга мажбур болбогон учурду күтүп жатабыз. Жетишет, согуштан чарчап-чаалыктык, күчүбүз калган жок, азап-тозокту мындан ары көтөрө албайбыз. Жашообуз бүлгүнгө кабылды. Дүйнөдөгү башка жөнөкөй адамдардай болуп эле жашагыбыз келет, андан көптү деле каалаган жокпуз".

АКШда жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС уюмунун жоочулары 2023-жылы 7-октябрда Газанын аймагынан Израилге кол салганда 1200 киши өлгөн, 250дөн ашуун киши туткунга алынган. Барымтадагылардын жарымынан көбү ошондон бери каза тапкан же бошотулган.

Газада ок атууну токтотууну жана барымтадагыларды бошотууну талап кылган израилдиктердин акциясы. Тел-Авив. 11-январь, 2025-жыл
Газада ок атууну токтотууну жана барымтадагыларды бошотууну талап кылган израилдиктердин акциясы. Тел-Авив. 11-январь, 2025-жыл

Барымтадагылардын тагдыры

Жакындары хамасчылардын колунда кала берген израилдиктер да тынчтык келишими кабыл алынса аталары, энелери же балдары үйүнө кайтат деп үмүттөнүшөт:

"Азыр абдан коркуп турам. Израил жана ХАМАС биротоло бекитишин күтүп жатам. Мүнөт өткөн сайын айнып кетишет, баш тартышат деп корком. Ошентсе да мунасага келишет деп үмүттөнөм", - дейт жээни барымтада кармалып жаткан Яир Кешет.

Долбоор боюнча биринчи этапта 33 кишини, биринчи кезекте балдарды, кары-картаңдарды бошотуу каралган.

Кан төгүүнү токтотуу аракеттери жүрүп жатканы менен Израилдин армиясы Газага соккуларын улантууда. Шейшембиде Дейр ал-Балах шаарында бери дегенде 10 киши мүрт кеткенин, бир нечеси жараланганын жергиликтүү дарыгерлер билдиришти.

ХАМАС башкарган тилкенин саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына ылайык, согуш башталгандан бери каза тапкандардын саны 46 миң 700дөн ашты.

15-январда акыркы 24 саатта анклавдагы 50 бутага сокку урулганын Израилдин ички чалгын кызматы – Шин Бет расмий кабарлады.

Израил армиясы - ЦАХАЛ адатта согушкерлердин жайларын бутага алганын, алар карапайым адамдарды калкан кылып пайдаланарын айтып келет.

Ал арада Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) ок атуу токтосо ачарчылыктын кырында турган, гуманитардык каатчылык тооруган Газага жардам жеткирүүгө даярдык көрүп жатат. Ошентсе да чек аралардан өтүү жана коопсуздукту камсыздоо маселелери бүдөмүк бойдон кала берүүдө.

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG