Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:11

"Күндө бир жумуртка бөлүп жечүбүз". Газадагы туткундардын абалы


Израилдитер бир жыл мурунку кандуу чабуулдун курмандыктарын эскерүүдө, 6-октябрь, 2024-жыл
Израилдитер бир жыл мурунку кандуу чабуулдун курмандыктарын эскерүүдө, 6-октябрь, 2024-жыл

Газанын ар кайсы бөлүгүнө Израил армиясы абадан сокку уруп, соңку бир суткада 20дан көп адам каза тапты. Бул тууралуу "Рейтер" агенттиги жазды. Израилде ондогон адам митингге чыгып, АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАС уюмунун барымтасындагы туткундарды бошотууну талап кылды

Кошмо Штаттардын шайланган президенти Дональд Трамп ал расмий кызматка киришкиче туткундар бошотулушу керек экенин эскертти.

2023-жылы 7-октябрдын жылуу таңында 71 жаштагы Луис Харды ХАМАС уюмунун согушкерлери кармап кетишкенде үстүндө жеңил көйнөк жана чолок шым гана болгон.

Ондогон башка туткундар менен бирге Хар бир нече ай барымтада жеңил кийимчен отурганда аңгыча кыш да түшкөн.

"Ошондогу сөөккө чейин жеткен суукту мурда эч качан сезген эмесмин", - дейт Хар.

Ал былтыр февралда израилдик аскерлердин Газадагы рейди маалында бошотулган.

Хар кармалып турган жерде эч кандай жылуулук жок эле. Сыз жерге жука төшөнчүнүн үстүндө уктачу. Ал эми аскердик операциядан улам сынган терезелерден муздак шамал аркырап кирип турар эле.

Быйылкы кышты Хар эркиндикте, жылуу үйдө өткөрүп жатканы менен ондогон туткундар дагы эле Газада барымтада кармалып турушат.

Алардын үй-бүлөлөрү жана жакындары 15 айдан бери уланып жаткан согушка чекит коюу максатында ок атышууну токтотуп, туткундардын бошотулушун талап кылып жатышат.

"Кышында аябай эле кыйын. Алар үйүнө тезирээк кайтышы керек", - дейт Хар.

ХАМАС радикал уюмунун туткунунда бир нече ай өткөргөн Луис Хар. 27-март, 2024-жыл.
ХАМАС радикал уюмунун туткунунда бир нече ай өткөргөн Луис Хар. 27-март, 2024-жыл.

Туткундар Газадагы жүз миңдеген палестиндер сыяктуу эле шартта кармалып турушат. Ар бир секундда Израил армиясы абадан сокку урушу мүмкүн. Азык-түлүк жетишсиз, суук.

ХАМАС радикал уюмунун Израилге кол салуусунан улам башталган Газадагы согуштан анклавдагы 2,3 миллион адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон. Алардын көбү экинчи жыл катары менен чатырчаларда кыштап жатышат. Учурда Газада -10 градуска чейин суук болууда.

Израил армиясы аба соккулары

Газанын ар кайсы бөлүгүнө жасалган аба чабуулдарынан соңку бир суткада 20дан көп адам каза тапты. Бул тууралуу "Рейтер" агенттиги жазды.

Израил аба соккуларынан талкаланган имараттардын ортосунда турган палестин аялдары. 4-январь, 2025-жыл.
Израил аба соккуларынан талкаланган имараттардын ортосунда турган палестин аялдары. 4-январь, 2025-жыл.

Анклавдын борбордук бөлүгүндөгү Газа жана Дейр-эл-Балах шаарларында 8-январга караган түнкү соккудан алты палестиндин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу тилкенин Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди. Ал эми качкындар баш калкалаган ал-Бурейж лагерине жасалган аба чабуулунан ондой адам жараат алганы кабарланды.

"Эч кандай эскертүү болгон эмес. Бир убакта ракетанын үнү угулду. Кудай сактай көр деп келме келтирдим. Ракета коңшубуздун үйүнө тийди. Эмне болгонун билбейм. Аялым менен балдарым аманбы деп аларды карадым. Кийин өзүмдүн башымдан кан агып жатканын сездим. Балдарды алып, коопсуз жакка чыгып кеттик. Урандылардын алдында дагы адамдар бар", - дейт Газанын тургуну Хассан Жабр.

Израил армиясы соңку чабуулдар тууралуу комментарий бере элек. Адатта ЦАХАЛ мындай операцияларда ХАМАС радикал уюмунун согушкерлери бутага алынарын белгилейт.

Туткундарды бошотуу талабы

Эки тараптын ортосунда макулдашууга жетишүү аракети АКШнын, Катардын жана Египеттин ортомчулугу менен уланууда. "Рейтер" агенттиги өз булактарына таянып, учурда олуттуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

Бирок жагдайдын оңолушу тууралуу убадаларга туткундардын үй-бүлөлөрү азырынча ишенбей турушат. Анткени алар буга чейин да үмүттөнгөн сүйлөшүүлөр эч натыйжасыз аяктаган. Алар бул жолу да ошондой болуп калышы мүмкүн деп кооптонушат.

"Жүрөгүбүзгө сайылган бычактай эле болду", - дейт Офри Бибас Леви. Анын агасы, жеңеси, алардын беш жана бир жаштагы эки баласы Газада туткунда.

"Же алар азыр бошотулушу керек, же бул нерсе такыр ишке ашпайт", - деп ал үмүтү үзүлүп баратканын кошумчалады.

Туткундардын Газада барымтада отурганына 400 күндөн ашты.

ХАМАС радикал уюмунун барымтасында кармалып тургандардын сүрөттөрүн көтөргөн израилдиктер. 4-январь, 2025-жыл. Тель-Авив.
ХАМАС радикал уюмунун барымтасында кармалып тургандардын сүрөттөрүн көтөргөн израилдиктер. 4-январь, 2025-жыл. Тель-Авив.

Ал эми Кошмо Штаттардын шайланган президенти Дональд Трамп жакын арада туткундар бошотулбаса, Жакынкы Чыгышта “тозок” башталарын эскертти.

"Азыр мен сүйлөшүүлөргө тоскоол болгум келбейт. Эгер туткундар мен кызматка киришкиче үйүнө кайтпаса, Жакынкы Чыгышта жөн эле тозок башталат. Бул ХАМАСка эч кандай пайда алып келбейт. Ачыгын айтканда, эч кимге пайдасы жок. Чыныгы тозок башталат. Башка айтарым жок. Алар эбак эле кайтарылыш керек эле. Аларды эч ким эч качан барымтага албашы керек эле. 7-октябрдагы чабуул болбошу керек эле", - деп Трамп кесе айтты.

ХАМАС Израилдин түштүгүндөгү конуштарга кол салган маалда 1200 кишини өлтүрүп, 250дөйүн барымтага алып кеткен. Алардын 100дөн ашууну согуштун алгачкы жумаларында ок атышууну токтотуу боюнча жетишилген убактылуу келишимдин алкагында бошотулган. Анклавда Израилдин аскердик операциясы башталгандан бери 46 миңдей адам каза болгонун аймактын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.

"Он күндө бир жуунуп, күнүнө бир жумуртка бөлүп жечүбүз"

Газада калган 100дөй туткундун үчтөн бир бөлүгү набыт болгон деген кабарлар бар. Алардын айрымдары ХАМАСтын чабуулу маалында, башкалары туткунда кармалып турганда каза болгону айтылып келет. Израил алты туткунду бошотуп, ондон көбүнүн сөөгүн чыгарган.

Туткундардын курагы 1ден 86 жашка чейин. Алар Газа тилкесинин ар кайсы аймактарында, же батирлерде, же ХАМАСтын жер алдындагы тоннелдеринде кармалып турганы маалымдалган.

Хар тууганы Фернандо Марман менен бирге Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарында өзүн уурдаган адамдар менен чогуу бир батирде турган. Ал калың күрмөчөн согушкерлерден жылуу кийим алып келип берүүнү өтүнгөн. Акыры алар жыртык болсо да жылуураак кийим-кече алып келип беришкен.

Ар он күндө самын менен чакадан суу куюнуп жуунуп турушкан. Талкаланган терезени эптеп бир нерсе менен бүтөшкөн.

ХАМАС радикал уюмунун туткунунда бир нече ай өткөргөн Луис Хар. 27-март, 2024-жыл.
ХАМАС радикал уюмунун туткунунда бир нече ай өткөргөн Луис Хар. 27-март, 2024-жыл.

Айрым азык-түлүк келген күндөрү Хар тамак жасачу. Помидор болсо, андан күрүч менен шорпо жасаганын эстейт. Андан тышкары консерваланган буурчактан да шорпо даамдуу болор эле.

Согуш уланган сайын азык-түлүк да азая баштаган. Хар тууганы экөө күнүнө бир жумуртканы бөлүп жегенине ыраазы болгон күндөр өттү. Жумалап Марман экөө күнүнө бир кесим нанды бөлүп жешкен.

Былтыр февраль айындагы түнкү операция маалында куткарылганда ал жылаң аяк көчөгө чуркап чыккан. Аскерлер бут кийим, күрмө берип, алып кетишкен. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, ошол рейд учурунда 70тей палестиндин өмүрү кыйылган.

Туткунда ушул күнгө чейин кармалып тургандардын жакындары ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасына үмүт артып турушат.

"Болгону, кудайдан амандыгын суранам", - дейт алардын бири.

Шерине

XS
SM
MD
LG