Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:27

Депутат Арка айылындагы үйдө болгон жарылууну териштирүү керектигин айтты


Окуя болгон жер. Арка-2 айылы. 5-январь, 2025-жыл.
Окуя болгон жер. Арка-2 айылы. 5-январь, 2025-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-2 айылында 5-январда болгон жарылуу тыкыр иликтениши керек экенин билдирди. Бул тууралуу ал парламенттин 15-январдагы жыйынында айтты.

“Ведомстволор аралык комиссия түзүп, снаряд кайсы жактан келгенин карап чыгыш керек. Жарылуу болгон үйдөн Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров барып чай ичип кеткен. Саперлор кайсы жакты караган, эмне себептен мындай болду?”, - деди ал.

5-январда Баткендин Арка-2 айылында белгисиз жарылуучу заттан энеси менен кызы жаракат алган. Алар ушул тапта Оштогу клиникалык ооруканада дарыланууда. 32 жаштагы келин 11 жаштагы кызы менен короосундагы эски темир-тезекти жыйнап жатканда жарылуу болгон.

Жарылган зат аскердик снаряд болушу мүмкүн экени айтылууда.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, жарылуу болгон үй 2022-жылкы чек арадагы атышууда дээрлик толук өрттөнүп кеткен. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда эң ири жана көп курмандыктарга алып келген жаңжалдар 2021-жылы апрель-май айларында жана 2022-жылы сентябрда катталган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG