Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:51

"Вагнердин" катарында согушкан казакстандык төрт жарым жылга кесилди


“Вагнер” менчик компаниясынын борбору. Архив
“Вагнер” менчик компаниясынын борбору. Архив

Казакстанда Улытау облусунун тургуну чет өлкөдөгү куралдуу жаңжалга катышканы үчүн 4 жарым жылга түрмөгө кесилди. “Азаттыктын” казак кызматы маалымдагандай, өкүмдү 14-январда Сатпаев шаарынын соту чыгарды.

Соттун материалдарына караганда, Украинада Орусиянын тарабында согушкан ал киши 2022-жылдын күзүндө Жезказган шаарынан чек аралаш Петропавловск калаасына кетип, андан ары Орусияга бет алган. Казак жараны “Вагнер” менчик компаниясынын (ЧВК) катарында согушканы аныкталган.

“Г” аттуу жаран... идеологиялык идеяны көздөп “В” компаниясынын курамында куралдуу жаңжалга катышууну максат кылган”, - деп айтылат соттун билдирүүсүндө. Маалыматка ылайык, ал атасынын туулган жери Харьковдо “чет мамлекет орус улутундагылардын укуктарын чектейт" деген идеяга жетеленген.

Сот маалында казак жаранына 240 миң рубль (2,4 миң доллар) айлык убада кылышканы айтылды. Ал артиллериялык-техникалык куралдын кампасын карачу, кийин вагнерчилердин согуштук бөлүгүнө которулган.

2023-жылдын июлунда Москвадан Астанага кайтып келген.

Кабарга караганда, соттолуучу чет өлкөдөгү куралдуу жаңжалга билип туруп катышканын моюнуна алды.

Буга чейин «Азаттыктын» казак редакциясы Донбасста каза тапкан эки казакстандык тууралуу жазган. Алар да болжолу менен “Вагнерге” кошулган. Казакстандын медиасына Украинадагы согушта набыт болгон башка кишилер тууралуу да маалымдашкан.

Казакстанда чет өлкөлөрдөгү согушка катышуу үчүн сот жообуна тартуу каралган.

Вагнерчилердин катарына Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн да жарандары жалданганы маалым.

Шерине

XS
SM
MD
LG