Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:35

Рютте: Коргонууга көбүрөөк акча сарптагыла же орусча үйрөнгүлө


Балтика боюндагы 8 өлкөнүн лидерлери катышкан жыйын. Хельсинки, 14-январь 2025-жыл
Балтика боюндагы 8 өлкөнүн лидерлери катышкан жыйын. Хельсинки, 14-январь 2025-жыл

НАТО жана Еврошаркеттин лидерлери Балтикада мониторинг миссиясын киргизүү жөнүндө макулдашты.

14-январда аскердик блоктун баш катчысы Марк Рютте альянс Балтика деңизиндеги кабелдерди коргоо миссиясын баштап жатканын билдирди. Хельсинкиде балтикалык сегиз өлкөнүн лидерлери катышкан жыйында сүйлөгөн Рютте миссияга кемелер жана деңиз мейкиндигин коргогон учактар тартыларын айтты. Андан тышкары аскердик-деңиз дрондорунун чакан паркы түзүлмөкчү.

Мунун алдында Балтикада болгон бир нече окуя Орусиянын регионго жараткан коркунуч ыктымалдыгы тууралуу тынчсызданууларга жем таштаган.

Хельсинкидеги жыйын маалында AP агенттиги польшалык TVP телеканалына шилтеме берип, орусиялык көмүскө флотко таандык кеме Норвегия-Польша газ куурун айланып жүргөнү байкалганын маалымдады.

Декабрдын этегинде Финляндиянын бийлиги Балтика деңизинде интернет кабелдерин атайылап керектен чыгарган деген шек менен Орусиянын “көмүскө флотунун” танкерин колго түшүргөн.

25-декабрда Эстония менен Финляндияны туташтырган Estlink 2 электр кабели үзүлгөн.

Дүйшөмбүдө Рютте Европарламентте сүйлөгөндө Еврошаркеттин өлкөлөрү коргонууга ички дүң өнүмүдүн 2% чейин жумшоого тийиш, андай болбосо европалыктарга 4-5 жылдан кийин “орус тилин үйрөнүүгө же Жаңы Зеландияга жөнөөгө туура келет” деп билдирген.

16-декабрда Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Орусияга каршы санкциялардын 15-пакетин кабыл алган. Еврокеңештин билдирүүсүндө бул ирет “көмүскөдөгү флоттун” жардамы менен буга чейинки жазалоочу чараларды кыйгап өтүүгө каршы күрөшүү каралганы айтылган.

“Кара тизмеге” үчүнчү өлкөлөрдүн 52 кемеси киргизилген. Шаркеттин пикиринде, алардын Орусиянын энергетика тармагын колдоого жана орус армиясына аскердик техниканы ташууга тиешеси бар.

Шерине

XS
SM
MD
LG