Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:13

Газа: Израилдин соккуларынан 18 киши, арасында наристелер да каза тапканы кабарланды


Дейр ал-Балах качкындар лагери Израилдин соккусунан кийин. Газа. 14-январь, 2025-жыл.
Дейр ал-Балах качкындар лагери Израилдин соккусунан кийин. Газа. 14-январь, 2025-жыл.

Газада шейшембиге караган түнү Израил армиясынын (ЦАХАЛ) соккуларынан 18 киши, мунун ичинен алты аял менен төрт бала каза тапканын тилкенин саламаттыкты сактоо мекемесине шилтеме жасап AP агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Дейр ал-Балах качкындар лагеринде эки аял төрт баласы менен набыт болду. Наристелердин эң кичүүсү бир айлык ымыркай болчу.

"Ал-Акса шейиттери" ооруканасынын дарыгерлери маркумдардын биринин боюнда бар болгонун, баласын куткара албай калышканын маалымдашты.

Дагы 12 палестиналык Хан-Юнис шаарында каза тапканын жергиликтүү ооруканадан билдиришти.

Израил куралдуу күчтөрү бул соккуларды комментарийлеген жок. ЦАХАЛ адатта согушкерлердин жайларын бутага алганын, алар карапайым адамдарды калкан кылып пайдаланарын айтып келет.

АКШда жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу башкарган анклавдын саламаттык сактоо мекемеси согуш башталгандан бери Газада 46,645 палестиналык каза тапканын 14-январда билдирди.

2023-жылы 7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери тилкенин аймагынан Израилге кол салганда 1200 киши өлгөн, 250дөй кишини жоочулар туткунга алган. Андан бери барымтадагылардын жарымынан көбү коё берилди же набыт болду.

Ал арада урушту токтотуу жана туткундарды азат кылуу аракети уланып, ортомчулар Катарда жолугууга камынып жатат.

Дүйшөмбүдө катардык жана америкалык арачылар согушка чекит коюу боюнча келишимдин соңку долбоорун Израилге жана ХАМАС тобуна тапшырганы кабарланган. Маалыматка караганда, дүйшөмбүгө караган түнү АКШнын президенти Жо Байден жана жаңы шайланган президент Дональд Трамптын чабармандары катышкан сүйлөшүүлөрдө олуттуу алга жылууга жетишилген.

Сүйлөшүүлөрдөн кабары бар палестиналык булактардын бири “бардыгы көздөгөндөй кетсе”, долбоордун акыркы варианты шейшембиде даяр болот деп күтүлгөнүн Рейтер агенттигине билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG