АКШ "Газпром нефть Азия" ишканасына санкция салды
Украин күчтөрү Түндүк Кореянын эки аскерин туткунга алды. Украинанын президенти Владимир Зеленский аларды Орусиядагы украин туткундарына айырбаштоого даяр экенин билдирди. Социал-демократтар партиясынын бир мүчөсү милицияга сурак берип, дагы бир мүчөсү кармалганы кабарланды. Партиянын абактагы лидери Темирлан Султанбековдун жакындары анын ден соолугу начарлап жатканын айтса, Жаза аткаруу кызматы ал медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө турганын билдирди. АКШнын Каржы министрлигинин башкармалыгы Бишкекте катталган “Газпром нефть Азия” жана “Мунай мырза” компанияларына санкция салды. Батыш өлкөлөрү мурдараак Кыргызстандагы он чакты компанияны Орусия менен кызматташканы үчүн "кара тизмеге" киргизген.
Чыгарылыштар
-
Апрель 18, 2025
Вашингтон Москва менен Киевге эскертүү берди
-
Апрель 17, 2025
Экс-президенттердин эртеңи эмне болот?
-
Апрель 16, 2025
Лавровдун казак президентине "кечиккен" жообу
-
Апрель 15, 2025
Соттун Бакиев тууралуу чечими талкуу жаратты
-
Апрель 15, 2025
Украина: Сумыда үч күндүк аза күтүү жарыяланды
-
Апрель 11, 2025
Якутияда жол кырсыгынан беш мигрант каза болду
Шерине