Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:34

Экономика

шейшемби 1 Апрель 2025

Календарь
2025-ж., Апрель
дүй. шейш. шарш. бейш. жума ишм. жек.
31 1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 1 2 3 4
Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

Өкмөт чакан бизнеске патент системасын кайтара турганы белгилүү болду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев айтты. Патент системасы 2024-жылы жоюлуп, муну ошол кездеги өкмөт салыктык ачыктыкты камсыз кылуу максаты менен байланыштырган.

Эми патент системасы кандай өзгөчөлүктөр менен кирет? Анын баасы кандай тартипте аныкталат? Ушул жана башка суроолорго Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов жооп берди.

- Алмамбет мырза, патент системасы кайра кире турганы айтылып жатат. Бул кандайча ишке ашат?

- Президенттин тапшырмасына ылайык, бул боюнча жарлыктын долбоору даярдалып жатат. Документте чакан жана орто бизнеске ыңгайлуу шарт түзүү максатында бир топ чараларды көрүү камтылып жатат. Бир нече жеңилдиктердин бири патент системасын кайра киргизүү. Ал базарларга жана чакан ишкерлерге, соода-сатыкка кирет. Ошондо патенттин баасы мурдагыдан жогору болот. Патент менен иштегендер кирешесине жана аймагына жараша төлөшөт. Мисалы, Бишкекке караганда аймактарда баа төмөнүрөөк болот. Ошол эле “Дордой” базарында иштегендер үчүн кымбатыраак баа коюлат. Айтор, кирешесине жараша патент болот.

Патент менен соодагерлер ар кандай бюрократиялык кагаздардан кутулат. Мисалы, аларда кассалык-көзөмөл аппараттары болбойт, электрондук-эсеп фактураларын толтурбайт. Ал эми ЭТТН жоюлган. Ошентип, бул чакан жана орто бизнестеги ишкерлерге камкордук болот.

- Бул жарлык качан жарыяланат? Алдыдагы процедура кандай уланат?

- Кийинки аптада бул боюнча президенттин жарлыгы чыкса, ал бизге тапшырма катары каралат. Бир айдын ичинде мыйзам долбоорун даярдап, Жогорку Кеңеш аркылуу Салык кодексине өзгөртүү киргизүү керек. Бул кодекске өзгөртүү киргизүү кеминде эки-үч ай убакытты талап кылат. Ошондуктан май-июнь айларында толук өтүп калабыз.

- Патент системасын кайтаруу салыктын жыйымдарына терс таасир этип калбайбы? Ушул жагын да карап чыктыңыздарбы?

- Биз эсептеп көрдүк. Бизде кошумча каржы булактары бар. Мамлекеттин кызыкчылыгы бир эле көп салык чогултуу эмес, биринчи кезекте жаңыдан иш баштаган, өзү кыйналып жаткан чакан ишкерлерге жеңилдик берүү. Бул дагы мамлекеттик саясаттын кызыкчылыктуу бир милдети болушу керек. Ошол эле маалда мамлекеттин кызыкчылыгы ар бир бизнести көзөмөлдөп, салыкты туура алыш керек. Бирок бул ири гана бизнести ЭЭФ, ККМ аркылуу көзөмөлдөйбүз. Ал эми базарлар, шарты жокторго, аймактарга ушундай жеңилдиктер берилет.

- Патенттин баасы ишкердин кирешесине карап аныкталат дебедиңизби. Бул кантип эсептелинет?

- Ишкерлер биринчи өзүнүн айландырган акчасынын суммасын ыктыярдуу түрдө көрсөтөт. Биздин салык органдары аны текшерип, тастыктап коёт. Анын жол-жобосу бар. Товардын калдыгы, ээлеген аянт дегендей маселелер бар.

Өкмөт мүчөлөрүн кайым айтыштырган салык саясаты
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:33 0:00
Эмне себептен дары-дармек таңкыс болуп жатат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:55 0:00

Эмне себептен Кыргызстанда дары-дармек таңкыстыгы жаралды? Айрым препараттардын баасы кескин кымбаттап кетти? "Азаттыктын" ушул жана башка суроолоруна Фармацевтикалык бирикменин аткаруучу директору Алмаз Алтыбаев жооп берди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG