Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:27

Кумтөрдөн казылган алтындын көлөмү азайды


 Кумтөр алтын кениндеги иш учуру
Кумтөр алтын кениндеги иш учуру

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому быйыл алтын өндүрүү убактылуу азайып жатканын билдирди. Мунун себебин казылган рудаларда алтындын үлүшү төмөн болуп жатканы менен түшүндүрдү. Ушундай эле көрүнүш былтыр да катталган.

"Кадыресе көрүнүш"

“Кумтөр” компаниясы быйыл өндүргөн алтындын көлөмү мурдагы жылдарга салыштырмалуу аз болушун кадыресе көрүнүш деп белгилеген. Мекеменин расмий сайтына жарыяланган маалыматта мындай учур Кумтөрдүн тарыхында көп эле жолу болгону айтылат.

“Кумтөр” компаниясы ага үч мисал келтирген:

  • Маалыматка ылайык, 2002-жылы Кумтөрдөн 20 тонна 860 килограмм алтын өндүрүү пландалып, иш жүзүндө 16 тонна 439 килограмм болгон.
  • Ортодогу айырма 4 тонна 421 килограмм.
  • 2006-жылы 14 тонна 336 кг өндүрүү пландалса, иш жүзүндө 9 тонна 442 кг алтын алынган. Айырма 4 тонна 894 кг.
  • Ал эми 2012-жылы 19 тонна 286 кг алтын өндүрүү каралып, 9 тонна 805 кг алтын өндүрүлгөн. Ортодогу айырма 9 тонна 481 кг түзөт.

“Адистердин эсебинде, рудадагы алтындын аз өлчөмү дагы бир аз убакытка созулушу мүмкүн. Андан ары акырындык менен өсүү темпи башталат. Мындан тышкары, жер астынан алтын казуу, калдык сактоочу жайды кайра иштетүү долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашыруу менен жылына 17-18 тонна алтын өндүрүү пландалууда”, - деп айтылат “Кумтөр” тараткан билдирүүдө.

Кумтөр алтын кени. 2023-жыл
Кумтөр алтын кени. 2023-жыл

26-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөр кенинде алтындын жаңы запастары табылып жатканын жана кен дагы 20-30 жыл иштей турганын билдирген.

Ал кендеги калдык сактоочу жайдан алтын алууга аз эле убакыт калганын жана жер астынан алтын казуу долбоору да алдыга жылып жатканын айткан:

Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

“Алтындын кору көбөйүүдө. Кен дагы 20-30 жыл кенен иштетилет. Тоголок алтын кени да бар. Ушул тапта “Кумтөр” компаниясын фондулук биржага чыгарууга даярданып жатабыз”.

Быйыл февраль айында Кумтөр кенинде алтынды жер астынан казып алуу долбоору башталган.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, жер астынан казуу ыкмасы менен 115 тонна алтын алууга болот. Алтынды жер астынан казуу 2021-жылы пландалган.

"Ачык жол менен иштете турган запас 2028-жылы түгөнөт"

Тоо-кен тармагы боюнча адис Дүйшөнбек Камчыбеков буларга токтолду.

“Биздин божомолубузда Кумтөрдөн ачык жол менен иштете турган запас 2028-жылы түгөнөт. Андан кийин жер астынан казуу ыкмасы менен алынчу алтынга киришет. Ошол жерден кошумча алтын алып турсак болот. Бирок жер астынан алтын казуу оор. Өткөөлдөрдүн салынышына жараша ал жерден жылына 5-7 тонна алтын алса болот”.

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому 2023-жылы Кумтөр кенинен 14 тонна алтын өндүрүү планына калган себебин “казылган рудада алтындын көлөмү аз чыгып калганы менен” түшүндүргөн.

Ал эми 2024-жылы 12,5 тонна алтын өндүрүү пландалган. Компания ушул тапта алтын казуу иши белгиленген жадыбал менен жүрүп жатканын, жыл жыйынтыгы боюнча бардык маалыматтар 2025-жылдын I кварталында жарыялана турганын билдирди.

Бирок быйыл алтын коюлган пландан канчага аз өндүрүлөрүн тактаган жок.

"Кен тармагында бирдиктүү саясат керек"

Экономист Эркин Абдразаков алтын казуу тармагында бирдиктүү саясат керек деген пикирде:

“Соңку жылдары Кумтөрдөн казылган рудаларда алтындын көлөмү азайып кеткени сезилип турат. Бирок Кыргызстанда Кумтөрдөн башка да майда алтын кендери бар. Ошолор толук кандуу иштебей турат. Алардан кошумча 4-5 тонна алдын казып алса болот эле. Алтын тармагында өкмөттүн бирдиктүү саясаяты болушу керек”.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2024-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандан чет өлкөлөргө 405 млн долларлык алтын сатылган.

Ал эми 2023-жылы 20 тонна алтын сатып, мунун наркы 1 млрд 284 млн 332,8 миң доллар болгону расмий айтылган. Алтындын көбү Швейцарияга кеткен. Мындан сырткары Бириккен Араб Эмираттарына, Кытайга жана Түркияга да сатылган.

Алтындын кору Улуттук банкта сакталат.

Саясат талдоочу Турат Акимов алтындын баасы анын сапатына көз каранды экенин айтты:

Турат Акимов
Турат Акимов

“Алтын биздин экономикабызга түзмө-түз кирип, акчага окшоп айланбайт. Ал Улуттук банкта сакталат. Анын көлөмү канчалык көп болсо, аны күрөөгө коюп сырттан карыз алса болот. Ошого жараша алтындын көлөмүн жарыялап туруш керек. Алтындын сапатын аныктаган Лондон баалуу металл биржасынан сертификациядан өтүп турган оң. Биз дүйнөлүк рынокко алтынды көп чыгарып жиберсек, анын баасы төмөндөп кетиши мүмкүн”.

Кыргыз өкмөтү 2021-жылдын май айында канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштеткен Кумтөр кенин башкарууну өз колуна алып, узак талаш-тартыштан кийин – 2022-жылдын апрелинде аны толук өткөрүп алган.

Кенде 2021-жылы 14,6 тонна алтын өндүрүлгөн. Мунун 4-5 тоннасын кенге ага чейин ээлик кылган канадалык “Центерра Голд” компаниясы чыгарып кетсе, 10 тоннасы Кыргызстандын өзүндө калган.

Кыргыз бийлиги мындан 323 миллион доллар киреше тапканын маалымдаган. Натыйжада мамлекетке 13,6 млрд сом салык төгүлгөнүн билдирген.

2022-жылы 17,3 тонна алтын өндүрүлүп, план 200 килограммга ашыкча аткарылган. Компания мындан 986,5 миллион доллар киреше тапкан. Натыйжада ишкана мамлекетке 32,1 млрд сом салык жана милдеттүү төлөмдөрдү төккөнүн жарыялаган.

Ишкана 2023-жылы Кумтөр кенинен 13 тонна 567 килограмм алтын өндүрдү. Бул жылы жалпы 14 тонна алтын өндүрүү планын койгон. Бирок планга жетпей калган себебин “казылган рудада алтындын көлөмү аз чыгып калганы менен” түшүндүргөн. 2023-жылы өндүргөнүнөн жалпы 13 тонна 577 килограмм алтын саткан. Ишкана мындан жалпы 849,0 миллион доллар киреше таап, анын 302,4 млн долларын таза пайда катары көргөн. Мамлекетке салык жана башка төлөмдөр түрүндө 17 миллиард 241 миллион 71 миң сом которулганын маалымдаган.

2024-жыл боюнча маалыматтар адатта жыл аяктагандан кийин берилет.

XS
SM
MD
LG