Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:57

Мамлекет курган 510 батирди кимдер алды?


Нурадил Баясов
Нурадил Баясов

Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компания №47 түзөтүү колониясынын ордуна курган "Мурас" турак жай комплексинин ачылыш аземи өттү. Ага президент Жапаров өзү катышып, аталган комплекс жалпы 4 700 батирди камтыган ири долбоордун бир бөлүгү болуп саналарын белгиледи.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Нурадил Баясовду кепке тартып, долбоор кантип ишке ашып жатканын сурадык.

- Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компания мурдагы №47 түзөтүү колониясынын ордуна курган "Мурас" турак жай комплексиндеги батирлер канча адамга кандай шартта берилди?

- Алты үй курулган. Ар кандай категориядагы адамдарга 510 батир бердик. "Менин үйүм" программасынын алкагында төрт категория боюнча ипотекалык үйлөр жеңилдетилген ипотека, социалдык, арзан жана үлуштүк курулуш боюнча берилди. Жеңилдетилген ипотека жана социалдык ипотека 4% менен 25 жылга берилет. Арзан ипотека 8% менен 25 жылга берилет. Үч багытта тең баштапкы төлөм жок. Бирок үлүштүк курулушта 50% баштапкы төлөм бар. Ал 8% менен 15 жылга берилет.

- Буга чейин Мамлекет курган ипотекалык батир алуу үчүн кезекке тургандар кезек бузулганын, тизмеде акыркы тургандар алдыга чыгып кеткени айтты эле. Маселе парламентте да көтөрүлгөн. Бул жагдай эмнеден улам пайда болду? Маселе чечилдиби?

- Өткөндө туура эмес маалымат тарап кетти. Башында "Менин үйүм" программасын ишке киргизгенде эки багытта болчу. Ипотекалык насыя же ипотека эле болчу. Анда жеңилдетилген ипотеканын алкагында бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер ж.б. ушул категорияга кирчү. Аны 4% менен 25 жылга берчүбүз.

Экинчи категория, арзан ипотекада бардык жарандарга ыңгайлуу шарттар менен берилчү. Бирок бизде аялуу катмар бар, алар: ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелегендер, жаш адистер, көп балалуу үй-бүлө же ата-энеси жок ж.б. социалдык камсыздоого муктаж адамдар. Бул жарандарды эске алып, 2022-жылы Министрлер кабинетинин 217-токтому менен беш категориядагы адамдарды белгилегенбиз.

Биринчиси - үй-бүлөсүндө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер же алардын камкорчулары. Экинчи категория - тоолуу аймакта же алыс аймакта жашаган жаш адистер. Үчүнчүсү - көп балалуу үй-бүлөлөр. Төртүнчүсү - Баткен облусунда чек арада кызмат өтөгөн чек арачылар. Бешинчиси - ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата- энелери камкорчу катары биздин тизмеге киргизилген. Ошол 225 адам биринчи кезектеги укугу бар кишилер катары биринчи батирлүү болушту.

- Президент Садыр Жапаров өлкө боюнча 40 миңден ашуун батир куруларын айткан. Бул качан жана кандай шартта ишке ашат?

- Мамлекет эсебинен ар бир аймакта 430 турак жай курулуп жатат. Анын ичинде 40 миң 25 батир салынууда.

- Бул курулуштар качан аяктайт?

- Ар бир объекттин өз мөөнөтү бар, мисалы, Бишкекте экини ачтык. Келерки жылы ушул эле "Мурас" турак жай комплексинин экинчи этабын ачабыз. Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү дагы бир турак жайды ишке беребиз. Биринчи кварталда Жалал-Абаддагы эки үйдү ишке берүү планыбыз бар. Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас жана Нарында салынып жаткан турак жайлардагы батирлерди кийинки жылдын соңунда ээлерине беребиз деп пландаштырып жатабыз.

- Нурадил мырза, буга чейин социалдык тармактарда мамлекеттик ипотекалык компания курган үйлөрдүн сапатына сындар айтылды эле. Бул үйлөр боюнча да ошондой нааразылык айтылбайбы?

- Заманбап технологияларды колдонуу менен жер титирөө же башка табигый кырсыктарга туруштук бере турган үйлөр салынып жатат. Коммерциялык багытта жеке ишкерлер салып жаткан үйлөргө салыштырып көрсөк, биз курган имараттардын сапаты жогору, баасы эки эсе төмөн. Үйгө кирген жаран ремонт иштерин жүргүзбөй, өзүнө тийиштүү буюмдарын алып келип жашаганга тийиштүү шарттарды да түзүп бердик.

Мамлекеттик ипотека: Батир үчүн кезекти ким көзөмөлдөйт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:52 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG