"Манас" эл аралык аэропортуна бомба коюлду деген маалымат аба майдандын электрондук почтасына 11-декабрда күндүз, саат 16:00 чамасында келген. Аэропорттун коопсуздук кызматы жүргүнчүлөрдү токтоосуз эвакуациялап, маалыматты текшерип жатканын аба майдандын басма сөз кызматы кабарлады.
Азырынча бомба коюлганы тууралуу маалыматтын чын-төгүнү белгисиз. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы текшерүү жүрүп жатканын, жыйынтыгына жараша маалымат берилерин билдирди.
11-декабрда түштөн кийин Бишкектеги ири соода борборлордун бири - "Азия моллдо" да бомба бар деген маалыматтан улам, анда иштеген ишкерлер жана кардарлар баары эвакуацияланганы социалдык тармактарга жазылды. Учурда соода борборун милиция жана атайын кызматкерлер курчап, бомба тууралуу маалыматты текшерип жатышканы кабарланды. Ушундай эле кабар Мбанктын башкы кенсесине да түшүп, кызматкерлер менен кардарлар эвакуацияланган.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы бомба тууралуу маалымат бере элек. Башкармалыктын басма сөз кызматы текшерүү жүрүп жатканын билдирди.
"Манас" аэропортуна жардыргыч зат коюлганы тууралуу маалыматтар мурда да бир нече ирет түшүп, текшерүү учурунда төгүндөлгөн.
Былтыр жыл аягында Бишкектеги бир катар мектептерде, окуу жайларда бомба коюлганы тууралуу анонимдүү маалыматтар көбөйүп, окуу үзгүлтүккө учураган учурлар катталган. (ZKo)
Шерине