Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Бишкек-Ош жолундагы кырсык киши өмүрүн кыйып, жетөө жаракат алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек-Ош жолунун Өзгөн районундагы тилкесинде эки автоунаанын кагылышынан бир жүргүнчү каза таап, дагы жети адам түрдүү жаракат менен Ош облустук ооруканасына жеткирилген.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) маалыматына караганда, 9-декабрда саат 5:30 чамасында "Хонда Фит" үлгүсүндөгү жана КИА үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына караганда, жыл башынан берки 11 айда өлкөдө 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Андан 640 адам каза болуп, дагы 9 миңге жакын киши жаракат алган.

Кыргызстанда 2023-жылы 6 945 жол кырсыгы болуп, андан 783 адам каза болгон. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп. 2022-жылы 7 040 жол кырсыгынан 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG