Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:45

Имамидин Ташов сот залында өзүнө кол салды


Имамидин Ташов Бишкектин Биринчи май райондук сотунда. 6-декабрь, 2024-жыл.
Имамидин Ташов Бишкектин Биринчи май райондук сотунда. 6-декабрь, 2024-жыл.

Сегиз айдан бери камакта отурган ишкер Имамидин Ташов бүгүнкү сот отурумунун аягында өзүнө кол салып, моюнун белгисиз нерсе менен бир нече жолу тилип жиберди. Конвойлор канды токтотууга аракет кылган учурда ал жыгылып, кийин дарыгерлер ооруканага алып кетти.

Ишкер 2021-жылдагы президенттик шайлоодо талапкер болгон. Ага бийликти күч менен басып алуу, муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүү жана пайдалануу тууралуу айыптар коюлган.

Ташовго шаардык клиникалык тез жардам оорукунасында медициналык жардам көрсөтүлгөн соң кайра Бишкектеги №1 тергөө абагына (№21 мекемеге) алып кетишти.

Саламаттык сактоо министрлиги анын өмүрүнө коркунуч жоктугун айтууда:

“Текшерүүдөн кийин дарыгерлер жарат үстүртөн экенин, кан тамырлар жабыркабаганын жана олуттуу кан жоготпогонун аныкташкан. Оорулууга керектүү жардам көрсөтүлдү, жаратка алгачкы хирургиялык дарылоо жүргүзүлдү. Канааттандырарлык абалда амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү”.

Ишкерди ооруканадан кайра камакка алып кеткен учурда анын апасы Саибжамал Абдукаимова эсин жоготуп кулады.

6-декабрдагы сот отурумунда Имамидин Ташовдун бөгөт чарасы каралып, судья Чыңгызбек Бердимуратов анын камактагы мөөнөтүн 2025-жылдын 8-февралына чейин узарткан. Ташовдун камактагы адвокаты Самат Матцаков судьяга арыз жазып, сот процессине катышууга мүмкүнчүлүк берүүнү суранган эле.

Адвокат Нурсултан Жаныбеков дагы кесиптеши Матцаковду сот процессине катыштыруу үчүн судьяга өтүнүч келтиргени менен, судья өтүнүчтү канааттандырган жок.

Жактоочу Нурсултан Жаныбековдун айтымында, Ташовдун иши боюнча далил катары топтолгон документтер, видео тасмалардын баары камактагы адвокат Самат Матцаковдун колунда болгон:

“Бардык чогултулган материалдар, топтолгон кагаздар, кылмыш ишинин көчүрмөлөрүнүн баары Матцаковдо болчу. Эми ал материалдар каякта экенин билбейм”.

Адвокат Самат Матцаковду 29-ноябрда Атайын кызмат кармап бараткан учурда ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, УКМКнын кызматкерлери үйүн тинтип, Имамидин Ташовдун ишине байланыштуу төрт дискти алып кеткенин айтып, мунун баарын кесиптик ишмердиги менен байланыштырган.

Матцаковду Биринчи май райондук соту 30-декабрга чейин камакка алган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” беренелери менен иш козголгон.

Бүгүнкү сотто да Имамидин Ташов адвокатынын камалышы тууралуу үн катты:

“Адвокаттын камалышы түздөн-түз менин ишиме байланыштуу болду. Биздеги топтолгон далилдерди жашыруу максатында болду. Бирок, буйруса, адвокаттар далилдерди кайра топтоп өткөрүп берет”.

Ал өзүнүн буга чейинки кыйноого кабылганы тууралуу буларды айтты:

"Июнь айында катуу ур-токмокту, кыйноону башыман өткөрдүм. Бул нерсеге даяр эмес болчумун. Анан декабрь айында ар жерде мени Тилекмат Күрөнов менен сүйлөштүрүп жатышты. Эмне деп сүйлөшүм керектигин дагы жазып берип жатты. Сүйлөшүлгөн ар бир видеону башка телефон менен жаздырып жатышты".

Буга чейин Улуттук коопсуздук комитети кыйноо тууралуу маалыматты четке кагып, анын чындыкка дал келбесин белгилеген.

Имамидин Ташовдун кийинки сот отуруму 17-декабрда уланат.

Камактагы ишкер буга чейин да абакта өзүнө кол салып, шаардык ооруканадан операция жасалып, кайра абакка которулган. Анын жакындары буга чейин президент Садыр Жапаровго кайрылып, аны үй камагына чыгарууну суранган.

Ишкердин сотуна катышкан укук коргоочу Азиза Абдирасулова Ташовдун ишине көзөмөл органдары тыкыр көз салышы керек деп эсептейт.

“Бул өзүнө жасалган мыйзамсыздыкка карата нааразылык билдирүүсү деп эсептейм. Убагында азыркы президентибиз Садыр Нургожоевич дагы тергөөдө, абактагы шартка нааразылыгын билдирип моюнун кескен факт тарыхыбызда бар да. Ошондуктан биз муну чоң белги катары кабыл алышыбыз керек. Тергөөчүлөр, соттор, көзөмөл органдары мындай фактыларга терең көңүл бөлүш керек”.

УКМК Имамидин Ташовду быйыл 22-апрелде кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган.

41 жаштагы Имамидин Ташов курулуш тармагындагы ишкер катары белгилүү. Ал негиздеген KG Group компаниясы 2010-жылдан соң Бишкекте көп кабаттуу турак жайларды куруп келген. Аталган үйлөрдүн айрым тургундары бул объектилерде көйгөйлөр бар экенин айтып чыгышкан.

Ишкерлик менен алектенген Ташов 2021-жылкы президенттик шайлоодо ат салышкан. Анда ал 17 талапкердин ичинен алтынчы болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG