Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:54

4-декабрь түнү атылган ок... Султан Ибраимовду эскерүү


Султан Ибраимов жубайы Рева Телтаева менен (сүрөт качан тартылганы так белгисиз).
Султан Ибраимов жубайы Рева Телтаева менен (сүрөт качан тартылганы так белгисиз).

1980-жылы 4-декабрда Кыргызстандын совет заманындагы өкмөт башчыларынын бири Султан Ибраимов Ысык-Көлдө “Белка” мылтыгынын огунан каза тапкан. Маркумдун жубайы Рева Телтаева менен 1989-жылы маектешип, өмүрлүк жарынын турмуш-тагдыры тууралуу кенен кеп кылдык эле.

Анын негизинде жаралган эссе-очерк “Кыргызстан маданияты” гезитине жарыяланган. Мындан 35 жыл мурун жарыяланган маалыматтардын көөнөрбөстүгүн эске алып, айрым кыскартуулар менен кайрадан жарыялап коюуну эп көрдүк.

Кудайдан тилеп алган бала

Рева эженин айтымында, Султандын атасы Ибраим да жалгыз бала экен. Байбичеси көп төрөп, бир топ жыл балдары токтобой жүрөт. Перзенттүү болууну зарлаган ата-эне далай ырым-жырымдарды жасап, барбаган жери да калбайт. Акыркы үмүт деп Султандын таенеси ай күнүнө жетип калган кызын (кайненемди) жетелеп, абысынына алып барып таштайт. Бир аз күндөн кийин толгоосу бышып, төрөр замат кайненем баланы ошол үйгө калтырып чыгып кетет. Көрсө, ырымы ошондой тура.

Он күндөн кийин атасы (Ибраим) ырымын жасап, темир-тезегин, куржунун асынып, көзүнүн жашын он талаа кылып агызып, "бала саткан киши барбы, мен алам" деп агын айтып барып, баягы үйгө келип, жаңы төрөлгөн баланы сатып алат. Атын жанагы он күн баккан энесинин Султанбек деген баласына уйкаш кылып “сатып алдык” деген мааниде Султаналы деп азан чакырып коюшат. Ошентип Султан Кудайдан зар какшап тилеп алган жалгыз бала экен.

Наристеге зар ата өтө эле баласаак болгон дешет. Султанды аябай эрке өстүрүшүп, кемпири экөө аны атынан чакырбай, "бала" дешчү экен. Ырымчысы ушу да, короосундагы жалгыз ую тууса да уузду бышырып алып, өздөрү ооз тийбей "биринчи баланын энесине" - баягы он күн баккан энесине (аты Жумакан) жөнөшчү деп айтып калышар эле.

Султан 1927-жылы күзүндө (кийин комсомолго өткөндө документтерине 20-сентябрь деп жаздырып алган) Чүй районундагы Алчалуу айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы колу эптүү, темир, жыгач иштете билген, өтүкчүлүк да жайы бар, өз чөлкөмүнө таанымал уста киши болгон. Энеси ошол эле айылдын кызы. Кийин да балдары токтобой жүрүп, 1939-жылы Мария аттуу кыздуу болушкан.

Султан мектепте да балдардын арасында тирикарак, зирек болуп, жакшы окуптур. "Өз айылыбызда мектеп жоктугунан кошуна "Ленин жолуна" келип окуйт элек, атам атка өңөрүп, бир топко жолго чейин узатып келчү“ деп көп айтып калар эле”, - дейт Рева эже.

"Жетинчи классты бүткөндө согуш чыгып, айылда кол арага жараган киши жок болгондуктан колхоздун арабасын айдап, Токмокко станцияга эгин тарткан күндөрүн узун жомок кылып айтып калчу. Бир күнү Чыңгыз Айтматовдун “Жамийласын” окуп алып "Чыңгыз азамат, чыныгы турмушту жазган, Сейиттин көргөн күнүн мен да башыман өткөргөм” деп эскерчү эле.

Султан Ибраимов.
Султан Ибраимов.

Уруш аяктагандан кийин деле окуусун уланта албай, айылда трактор айдап, бир топ жүрөт. Кийинки жылы да эгин-тегин жыйылганда окууга барам деп жүрүп кечигип калат да, бир чейрек бүткөндөн кийин Фрунзедеги гидромелиораторлордун техникумуна кирет. Өзүнүн зиректигинен уламбы, бат эле алдыңкылардын катарына кошулуп, жакшы окуучу катары таанылат. Техникумду да “эң жакшы” деген баалар менен аяктаптыр. Окуусун бүтүп, үч жыл айылда суу техник болуп иштейт. Көп өтпөй 1951-жылы Ташкенттеги Гидромелиоративдик институтка кирет. Ал жакта окуусун үч жылда эле бүтүрүп чыкты. Өзү менен чогуу окуган, курсташ, дос балдарынан көп кат келер эле. Баары Султанды сыйлап, ишине ийгилик каалап жазышарын көп көрчүмүн, ал каттардын көбү азыр да сакталып турат. Көрсө, кургурум, институтта да студенттер арасында кадыр-баркы болуп, жакшы окуган тура.

Экөөбүз да жөн жерден жолуккан жок окшойбуз. Мен Чүйдүн Кегети айылында туулуп, өстүм. Согуш бүтүп, шаардагы педтехникумду окуп келип, айылда мугалим болуп иштеп жүрөм. Атам, апам кары, же каралашар эркек кишибиз жок эле. Жашаганыбыз эски үй болгондуктан, оңдоп чыгайын деп өзүм шымаланып иштеп жатканда үйдү айланчыктап эки атчан бала жүргөн, ошонун бири Султан экен. Көрсө, көптөн бери сыртымдан багып жүргөн экен, аны кийин өзү тамашага чалып бир топко айтчу.

Кийин кат жаза берди. Мен болсо үйдү бүтүрүп, окуумду улантам деп гана жооп жазам. Турмушка чыгуу деген ой кайда? Анын үстүнө ата-энем жогорку билим алгыла деп эле какшай берер эле. Үйгө келген каттардын баарын апам көрчү экен. Бир күнү “ушу дагы бирөөнүн баласы да, “таанышуу кат” деп эле жазат, үмүт кылат да, көңүлүң жок болсо жооп бербейсиңби” десе болобу. Уялганымды айтпа. Учурунда жиним келген бойдон “таанышпайм, мен окуйм” деп кесе жооп бердим да, катты салып жибердим.

Экинчи курста окуп жүрөм. “Сага кат келиптир, ырда же бийле" деп эле курсташ балдар тамашалап калышты. Үйгө ата-энеме жума сайын каттап турсам, бир туугандарым деле шаарда окуп жүрүшсө, кимден кат күтмөк элем. Көрсө, кат Султандан келиптир. "Сенин окууга өткөнүңдү уктум, мен дагы Ташкентте окуп жатам” деп жазыптыр. Ошондон кийин экөөбүз жакшы болуп кеткенибизди өзүбүз да байкабай калдык...

Академия жана урап калган эски үй

Султан Ташкенттен келгенден кийин эле академияга кенже илимий кызматкер болуп орношту. “Чумыш” суу сактагычын изилдөөгө киришти. Али бойдок. Мага бат-бат келип турду. Үйү жок, ар кимдин батирин ижарага алып, эптеп жашайт. Азыркыдай унаа жок, базардын алдында тизилген эшек арабалар болор эле, биртике жүгүн салып үйдөн-үйгө көчөт. Кыргыз жаштары ошондо эле үйдүн азабын тартып жүрөр эле. Султандын же айылдан жардам берер жакын тууганы жок, ата-энеси да жашыраак кезинде эле каза болуп калышкан. Бир тууган эжеси оорулуу, карындашы жаш эле, аларга жардам берем деп, жекшемби сайын айылга каттайт. Биртике тапкан акчасын да аларга үлөштүрчү. Өзү анан калса жанда жок боорукер эле. Өзгөчө карыларга үйрүлө калып мамиле кылчу.

Ошентип жүрүп үйлөнүү жөнүндө кеп салып калат. Анын көргөн күнүн көрүп, же бизди колтуктап сүйөп жүрөр кишибиз болбогондон кийин мен студент болсом, коё тур, окуумду бүтөйүн деп жүрдүм. Ар кайсы жерде жүрүп жүдөп кеткендей болду. Кээде темир жол вокзалына түнөп калганын да билип жүрдүм. Анысын менден жашырып калчу.

Мындай турмуштан тажап кетти окшойт, айылга барып иштейм деп келди бир күнү. Маселе эле үй болду. Анын үстүнө жакын арада үй берчүдөй эмес. Институттун директору Большаковго арыз жазып бердим деп келди кечинде. Бир топ күн өтүп кетти, арызынын жообу жок. Бир күнү эле Иса Ахунбаев (ал учурда Илимдер академиясынын президенти болчу) чакыртып алып, “кыргыз балдардан окумуштууларды, адистерди даярдайлы, республиканы өзүбүз башкаралы деп жатсак, анча-мынча кыйынчылыкка чыдабай айылга эле качасыңар" деп чала-була тилдеп, арызына кол койбой коёт. Ошентип, убагында Султандын республиканын Өкмөтүнүн жетекчилигине чейин иштешинде атактуу хирург Иса Ахунбаевдин да таасири болгон.

Көп өтпөй эле Кызыл Октябрь менен Иваницын көчөлөрүнүн кесилишинде согуш жылдарында академия сатып алган эски үйдүн бир бөлмөсүн Султанга берип калышты. Анда мен окуумду бүтө элек студентмин, жатаканада жашайм. Сүйүнгөн боюнча келип, "үй алдым, буюрса баары ойдогудай болот, эми үйлөнбөйлүбү" деп сунуш киргизди.

Азыркыдай шаан-шөкөт кайда, баягы жалгыз бөлмө үйүнө ала качып барды. Азыр ойлосом, Султан экөөбүздүн жаштыгыбыздын кайсы бир таттуу күндөрү ошол жалгыз тар бөлмөдө өтүптүр. Ушул күнгө чейин ал мезгилди унута албайм. Болгон мүлкүбүз - үстүндө эки-үч жуурканы бар бир керебет.

...Кайсы бир жазгы күндөрдүн биринде жамгыр төгүп турду. Сыртта кандай нөшөрлөсө, ичкериде да бут коёрго жер жок тамчы акса болобу. Кургак жер эле керебеттин үстү, ага кызыбызды жаткырып койгонбуз. Болгон чака-чыныбызды тосуп, өзүбүз бүрүшүп тикебизден тик туруп таң атырдык. Андан да кызыгы, эртеси жамгыр басылгандан кийин эптеп баш калкалап турган ал жалгыз бөлмөбүздүн бир капталы "күп" этип урап калса болобу. Аңырайып эле көчө көрүнүп калды. Же бир калап коёлу десек, чатыр табылсачы. Айлабыз кетип эле калды.

Эртеси Султан академиядан экспедицияга берчү чатыр сурап келип, азыркы “Шампанкомбинат” турган жер анда ээн сай эле, ошол жакка көчүп чыгып кеттик. Жайлата ошол кичинекей чатырда кайнежем, кайын сиңдим, эки кызым болуп алты жан жашадык. Үчүнчү кызым боюмда. Күндүн ысыгын айт. Чекеден баарыбыз бир сыйра ооруп, айыктык. Таза суу жок, арыктан ичебиз. Баса, анда Султан Борбордук Комитетте инструктор болуп иштеп калган.

Сентябрда урап калган үйүбүздү оңдоптур, кире бергиле деп калды. Көчүп келсек, баягы суу куюлган бир бөлмөбүз тим эле аксарай. Тамтыгы жок тамчы акканын унутуп, кубанып эле жашап калдык. Ошол убакта Борбордук Комитет (БК) Бөкөнбаев менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишине үй куруп, анда БКнын биринчи секретары, маркум Раззаков үй-жай бөлүштүргөндө жаш кызматкерлерге өзгөчө көңүл бурулсун деген экен. Ар ким өз көйгөйүн айтканда эле ала турган киши көп, үй талаш-тартыш болуп калабы, айтор, Абдылда Каниметов БКда бөлүм башчы экен, "ЗиМди" (машинанын ошол кездеги маркасы) айдатып алып, кызматкерлердин жашаган жерлерин кыдырып чыгат. Биздин да бир бөлмөдө жашап жатканыбызды көрүп кетти. Бөлүм башчысы кеткенден кийин "менин жаман турмушумду көрүп койбодубу” деп Султан көпкө уялып жүрдү. Анча көп өткөн жок окшойт, үй бүтүп, ордер берилип калды. Эки бөлмөлүү экен, сентябрдын аягында көчүп келдик. Сүйүнгөнүбүзгө чек жок. Октябрда үчүнчү кызымды жаңы үйүбүздөн төрөдүм.

Инструкторлуктан эле партиянын Аламүдүн райондук комитетинин экинчи катчысы болду. Биринчиси Ходос эле. Анда “биринчи" үчүн эле машина берилчү окшойт, Аламүдүнгө күн сайын автобус менен барып келип иштечү. Кээде үйгө аябай кеч, колхоздун жүк ташыган машиналары менен келгенде "сени ким секретарь дейт, качан болсо май жыттанып, шалдыраган машиналарда эле түшүп жүрөсүң" деп чычалатып калар элем...

Кийин суу чарба министри болуп калды. Ошондо даана үй бетин көрбөс болгон. Анын үстүнө өзүнүн кесиби да ирригатор эле. 15 күн республиканын түндүгүндө жүрсө, калганын Ош тарапта болчу. Деле жайында отпуск алып эс алганын көргөн жокмун. Чолосу тийбей, сугаттын артынан түшүп, катуу көзөмөлгө алганын сезер элем. Түнкү сугатты да Султан уюштургандай болгон. Күздө түшүм жакшы болгондо кадимкидей барпалаңдап сүйүнүп калар эле. “Жүгүргөн эмгектин акталганына эмне жетсин” деп көп айтчу.

Бүбүкан эне

Борбордук Комитеттин айыл чарба боюнча катчылыгында көп кармалган жок. 1968-жылы январда партиянын Ош обкомуна биринчи катчылыгына бекитилди. Мен Уркуя Салиева атындагы мектепте иштедим. Жайында окуучулар менен чөпкө, кийин ноябрдын орто ченине чейин, кээде декабрга ооп пахтада болобуз. Биздин мектеп көбүнчө Араван районуна Дилором Рафикованын колхозуна барчубуз. Султан экөөбүз антип талаалап жүргөндө тобокелге салып балдарды деле үйгө калтырып кетер элек. Кээ бирлери “обкомдун байбичеси болсоңуз, койкоюп эле үйдө отура бербейсизби" деп калышат. Обкомдун байбичеси болсом эмне экен? Башкалардан эмнем кем? Айтканым мактаныч болбосун, ошол учурда чогуу иштеген кесиптештерим деле билишет, катардагы мугалимдерден калчу эмесмин.

Ушул жерден айтканым оңдур, Ошто турганыбызда жалгыз бой, жолдошу согушта өлгөн, балдары жок, жалгыз бир тууганы да майып болуп калган карыган кемпирди чоң эне кылып үйгө киргизип, багып алдык. Аты-жөнү Нурматова Бүбүкан болчу. Адамкерчилиги жакшы аял эле, биз айлап талаалап кеткенде балдарга баш-көз болуп жүрдү. Эне-бала болуп, аябай көнүшүп кеткен экенбиз, кийин Султан каза болгондо (анда өзү да ооруканада экен) куран окутуп келип, буркурап ыйласа боло. Көрсө, Султанды уулундай жакшы көрүп калган тура, курган кемпир. Андан көп узабай байкуш ал энебиз өзү да каза болуп калды. Жашында ата-энесинен эрте ажырап калганынанбы, карыларды кайсы жерден көрсө да жан-алы калбай ал абалын сурап, сыйлаганга шашчу. “Карысы бардын ырысы бар" деп көп айтып калчу, бейиши болгур.

Султан Ибраимов.
Султан Ибраимов.

1978-жылы августта Султан Жогорку Советтин Президиумунун төрагасы болуп шайланып, Фрунзеге келди. Үй жок, бир жылча Кулатовдун дачасында жашай турган болуп макулдашылды. Ал кызматта төрт ай гана иштеди. Декабрда эле күтүлбөгөн жерден Министрлер Советинин төрагасы кылып жогортон (Москвадан) эле дайындап салгандай болду. Андай-мындай кеп болсо, мени менен да кеңешип калар эле, ага деле үлгүрбөй калды. Султан Москвага кайсы бир жыйналышка бара калса эле, ошол жактан шайланганын айтышат. Менимче, Турдакун Усубалиевичке деле күтүлбөгөн, түшүнүксүз окуя болду. Кыргызстанга кызматка кимди коюп, кимди аларын өзүбүзгө ээ кылбай, Москва гана билерин ошондо сезгем. Азыр баары айтып жаткан буйрукчул-акимдик саясаттын бир көрүнүшү ошол тура деп ойлойм.

Мынча болду ачык эле айтайын. Оштон келгенден кийин кире турган үйүбүз тууралуу да нааразылыктар болуп кеткендей болду. Шаардык аткаруу комитети Турусбеков көчөсүнө жаңы үй салып, анын беш бөлмөлүү бир квартирасы бизге тиймек болуп жүргөнбүз. Мен дүкөндөрдөн ал үйгө ылайыктап карниз издеп калгам. Султан бир күнү үйгө ачуулуу келди. "Акматбек Сүттүбаевичтин (мурда өкмөт башчы болуп иштеген, анда коммуналдык чарба министри эле, ардактуу эс алууда болчу) жашап турган үйүнө сен киресиң, көп тепкичтүү үйдөгү беш бөлмөнү ал кишиге бер" деп Москвадан жанды койбой чалып жатышат". Көрбөйсүңбү, ким кайсы үйгө жашарына да Москва кийлигишип чечип турган. Учурунда борбордун ал түркөйлүгү Акматбек Сүттүбаевичке Султан бийлигинен пайдаланып тартып алгандай сезилип жүрдү.

Токмок эт комбинатындагы үч муздаткыч

Кызматында жетекчи катары катуу талап кылып, жоопкерчилик менен мамиле жасап, айтканын аягына чейин аткарган мүнөзү бар эле. Үйдө да ошондой мамиле болчу. Жумушундагы өйдө-ылдый маселелердин баарын эле мага айтып келген адаты деле жок эле. Эмнегедир бир күнү республиканын ошол мезгилдеги ички иштер министри Габидулин көңүлүнө толбогонун айтып жиберди. “Кимге ишенерин деле билбейм, колдогону чоң окшойт, экөөбүз акыркы күнү тил табыша албас болдук. Кылмыштуулук болсо күндөн-күнгө күчөөдө..." деп эле туюгунан айтып калганы эсимде. Сөздүн чындыгы, анда бул кепти деле оюма албаптырмын, баягы толгон ишинин бири эмеспи деп. Кийин кыңыр иштердин учу кылтайганда түшүнбөдүмбү.

Айткаңдай эле, ал министрдин таянган тоосу, ишенгени Брежневдин күйөө баласы Чурбанов экендиги билинди. Ал ким экенин борбордук гезиттер жакшы эле жазгандай болду окшойт. Чоң кырсык болуп, республиканын жетекчиси өлүп жаткандан кийин биринчи ички иштер министри жооп бериш керек эле. Тескерисинче, Габидулин Султан өлгөндөн кийин (1981-ж.) генерал-лейтенант деген жогорку чинди алды. Ошондо жанымды коёрго жер таппай, “атабыз өлгөндүгү үчүн бердиби" деп балдарым менен буркурап ыйлаганымды айтпа. Чинди ага ким ыйгарат? Ошол Чурбановдун өзү эмеспи.

Экинчи шектенген жерим. Биздин көлгө аттанганыбызды Султандын жардамчысы Залунин дароо Габидулинге кабарлаганы билинген. Ал биринчи суракта телефон чалганын мойнуна алган. Кийин жакшылап консультациядан өткөнбү, айтор, караманча танып салды. Күйбөгөн жерибиз күл болуп, айласыз отуруп калдык. Кимге барып арызданасың, баары чырмалышып, жиптин бир учу Москвада жатса. Анча деле өткөн жок, Залунин Москвага МВДга которулуп кетти. Азыр да ошол жакта иштеп жаткан болуш керек.

Токмоктун эт комбинатында 1980-жылга чейин эки муздаткыч иштеген экен. Биринде балдар бакчасына, аскер бөлүктөрүнө, мектептерге, ооруканаларга бериле турган эт сакталса, экинчиси дайыма бузулуп калды деген шылтоо менен бош турат. Жалпы элге эт жетпейт, жакын арада маселе чечилчүдөй болбогондон кийин Султан өзү жагдайды талдап көрүүгө кызыгып калат.

Ишти дароо колго алып, муздаткыч чыгарган заводдон чоң адисти чакыртып келип оңдотсо, азыр эсимде жок, кайсы бир тетиги атайын алынып ташталганын Султанга көрсөтөт. Анын артында көп сыр бар экенин ошондо байкап калган көрүнөт, көп өтпөй эт комбинатына үчүнчү муздаткычты койдурат. Өзү көзөмөлгө алып, үч муздаткычты тең этке толтуртат. Көзөмөлгө Ички иштер министрлиги биринчи жооп берери да түшүнүктүү.

Эл үчүн жасайм деген көңүлүндө жүргөн иши аткарылып калса, үйгө келгенде босогодон кире электе баладай кудуңдап сүйүнүп, биринчи мага сүйүнчүлөчү. Ошол жылы (1980-ж.) республикада картөшкөнүн түшүмү да мол болуп, семинар, кеңешмелер өткөрүлүп, Султан катышып жүрдү. Бир күнү: "Ай, Рева, буюрса, Фрунзенин эли май айына чейин эт, картошканы кенен жей турган болду. Баягы үч муздаткыч тең толду. Байкуш чабандардын эле шору экен да, көрсө, буга чейин эт башкалардын эле чөнтөгүнө түшүп жаткан тура” деген эле.

Айткандай эле кийин Токмок эт комбинатында Бостонов баштаган чоң "мафия" кармалып, дүйнөгө дүң деди. Ал жиптин бир учу, Султандын каргашалуу өлүмүнө болгон даярдыктын изи Токмоктон министр Габидулин аркылуу Москвага чейин созулуп жатпайбы.

Үзгүлтүккө учураган эмгек өргүүсү

Сексенинчи жылга чейин Кыргызстандын "чоңдору" Ысык-Көлдө эс алчу эмес. Мен билгенден дайыма борбордук курортторго барышчу. Эмнегедир ошол жылы эле көлдү мактап калышты. Таптакыр Ысык-Көлдө болбогон Турдакун Усубалиев үй-бүлөсү, атасы менен эс алды деп жатышты.

Султан Ибраимов (солдон экинчи), Турдакун Усубалиев (оңдон биринчи).
Султан Ибраимов (солдон экинчи), Турдакун Усубалиев (оңдон биринчи).

Султан ар убак Трускавецкиге барчу. Бул жолу да эмгек өргүүсүнүн убактысы келгенде багып алган неберебизди кошо ала кетели деп камынып жатсак, бала менен алынбайт деп айтышты. Өзү да кайра көңүлдөнүп, "баары эле көлгө эс алып жатса, борбор деп жутуна бербейинчи" деп тартынып калды.

Чолпон-Атадагы өкмөттүк эс алуу үйүндө илгери атайын Брежневге (КПСС БКнын баш катчысы – Б.О.) арнап салынган эки кабат үй бар экен. Мен да ошондо билип отурам ал үйдүн жайын. Ага чейин кээде гана Москвадан “Кремлдин чоңдорунан" келгендер болбосо, угушумда, биздикилерден бул жакка эч ким баш бакпаптыр. Көп учурда бош турчу дешет. Ал үйдө жайында биринчи Усубалиев үй-бүлөсү менен эс алыптыр.

Биз 20-сентябрда жөнөп кеттик. "Брежневдин үйүнө" экинчи жолу биз бардык. Бир күнү эле Арстанбек Дүйшеев (Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы – Б.О.) келип калды. Ал киши ага чейин "Аврорада" болгон экен, калганын бул жерден улантат экен деп калышты. Алар кошуна үйгө токтошту.

Эртеси Султан, Арстанбек дагы бир эки-үч киши болуп сууга түшүп жатышкан. Дүйшеев жакшы сүзөт экен, суудан чыккан жок. Султан бир-эки жолу гана сууга кирип, көбүнчө сыртта отурду. Жээк үйгө жакын эле, терезеден баары көрүнүп турат. Мен баланы уктатып үйдө отургам. Бир маалда телефон шыңгырап, трубканы алсам Турдакун Усубалиевич "Султан Ибраимович кайда?" деп сурады. Көлдө жүрүшкөнүн айттым. “Арстанбек Дүйшеевич да ошол жерге барды дейби? Андай болсо Султан Ибраимовичке эле айтып койсоңуз, мага чалсын...” - деди. Көлгө барып, Султандын өзүн эле чакырып келдим да жанагы сүйлөшүүнү айттым. Дароо эле шаар менен байланышты да, "эмне болуптур, кантип, эмне үчүн" деп эле кооптуу сүйлөшүп калды. Мен да чочуп калдым, ой-санаам эле үйдөгү балдарда болду. Чыдамым кетип сурасам, "эмне кулагыңды саласың, иш да, укканыңды эч кимге ооз ачпа" деп жээкке кайра кетти.

Султан ал күнү бассейнге түшүш керек эле, сурасам "бүгүн баргым келбей турат” дегенинен анын ордуна төрт аял (Матен Сыдыковдун байбичеси, врач Запопатина, врач-физиотерапевт Керез Алашбаева жана мен) бассейнге түшө турган болдук. Врачтар аркы-берки эрежелерин айтып, жаңы эле сууга киргенде бассейндин ичиндеги телефон шыңгырады. Эки догдурубуз бири-бирин карап эле делдейип, "бул соо эмес, телефондун номерин Хандогин (эс алуу үйүнүн директору) менен поликлиниканын башкы медайымы гана билет" деп калышты. Керез жашыраагыбыз эле, суудан чыгып, телефонго жүгүрдү. Трубкага жетип-жетпей таш полго тайгаланып жыгылды. Телефон шыңгыраганы да токтоду. Андан кийин баары эле үрпөйүп калгандыктан сууга түшпөй эле тарап кеттик. Оюма эч нерсе алган жокмун. Көрсө, Султан жалгыз келгенде, телефонду өзү алмак экен да. Эмне болот эле ким билет? Мүмкүн ошондо эле атып коймоктур.

Келсем, дагы ошондой, көңүлү ачык эмес. "Машинаны чакырттым, эртең кетебиз. Турдакун Усубалиев чакыртып жатат. Белорусиянын “биринчиси” Машеров автокырсыктан каза болуптур. Сен барасың дейт". Ошентип, 5-октябрда эртең менен эрте шашылып шаарга жөнөдүк. Кийимдер, башка буюмдарыбыз калды. Кайра келип эс алууну уланта турган болдук.

Машеровду коюуга барып келди. Иши көп болуп кетти окшойт, ошол боюнча отпускасын уланта алган жок. Унутуп деле калгандай болду. Арадан бир топ күн өтүп кеткен, бир күнү шашып келип эле, "көлдө калган кийим-кечелерди, башка жүктү алып кел, Москвадан "чоңдор" келатыптыр, үйдү бошотушубуз керек" деп калды. Дароо Чолпон-Атага барып жүгүбүздү чогултуп кайра жолго чыгарда дарбазанын жанынан баягы физиотерапевт Керез Алашбаева учурады. Көрсө, байкуш келин, өткөндө бассейнден жыгылганда мээсине доо кетип, бир ай ооруканада жатып чыгыптыр. Шаарга чогуу келдик.

4-декабрь түнкү ок

Убакыт зымырап октябрды, ноябрды артка таштап, декабрга кирип келди. Суук түшө баштаган кез. “Отпусканы улантпасам болчудай эмес, качан эс аласың деп эле кулак мээни жеп коюшту, Ошто эс албай канча отпуска калды эле” деп келди. Дал ушул сөздөн улам "такыган Усубалиев эле болуш керек" деген эл арасына жөө жомок тарап кетти. Анда заман башка эле, ачык айта алган эмесмин, сөздүн чыны, жүрөк дааган эмес. Анчалык артынан түшүп, шаштысын алган ким дебейсиңби? Фомиченко болчу. Ал ошол мезгилдеги Кыргызстан Компартиясынын экинчи катчысы.

3-декабрда Султан радиого интервью берип келди. Ал сүйлөгөн сөзү 7-декабрда бүткүл союздук радиодон берилмек экен. Тагдыр ушул тура, анын акыркы сөзүн өлкөнүн угармандары укпай калды. Ал күнү (3-декабрь) дачага кечирээк келди. “Чарчадым, эртең эле жөнөйлүчү, керек болсо чакыртып аларбыз” деп шоферун кетирип жиберди. Үйгө жетпей өкмөттүк дачанын директору Борис Скрипник жолугуп калып, экөө жол боюнда бир топко сүйлөшүп туруп калышты. Аңгыча эле Фомиченко да өзүнүн дачасына келип, машинасын кетирип жиберет да, экөөнүн жанына басып келип Султанга "Сиз дагы эле кете элексизби?" дейт. "Бүгүн кеч болуп кетти, эртең жөнөйлү дедик". "Эх, сиз эс алганды билбейсиз, бүгүн барсаңыз бир күнүңүз эсептелип калбайбы" дейт. Үйгө киргенде Фомиченко анын баскан изин баарын иликтеп, демиткенине түшүнбөй отурду.

Булардан кутулайын дедиби, айтор, эки сыйра кийимибизди (кышкы, күзгү) алып, шашып, саат кечки алтыдан кийин көлгө жөнөп кеттик. Кичине балабыз Айбекти да ээрчитип алдык. Султан жолго чыкканда эле көңүлү ачылбай баратты. "Эмнегедир баргым келбей турат" деп жиберди. Анда жүр, айылга кетип калалы десем, "ишенген кайсы тууганыбыз бар, кимдикине токтойбуз, болбосо, айылга эле барбайт белек" деп калды. Эгер ошол жерден айылга барганда бул каргаша болбой калат эле деп өксүйм.

Биз барганда Хандогин (өкмөттүк дачанын директору – Б.О.) тосуп чыкты. Кечки тамактан кийин "жакшы кино бар, барасыздарбы" деп калышты. Биз макул болдук. Султан "эми кеч болуп кетти, эртең эле кет" деп шоферду кетирбей койду. Ашпозчу эки кыз, үйдү жууп тазалаган аял да ошол эле үйдүн биринчи кабатында турушчу. Кыздарды да чогуу киного жүргүлө десем, "бизди директор урушат, ал эмес бүгүн бул жерге түнөбөшүбүздү да катуу эскертти" деп жатышпайбы. Таң калам, эмне үчүн ошол түнү эле кыздар башка жакка түнөш керек эле? Сентябрда барганда ал кыздар менен өз балдарыбыздай көрүп эле чогуу жашаганбыз. Кийин Хандогин суракта "жолдо чарчап келишсе, жакшылап эс алышсын" деп ойлогом деп гана кутулуп кетпедиби.

Ашпозчу кыздар ачкычты колубузга берип, ашкана жактан кирерибизди, ачкычты илип коёр орунду дайындап кетишти. Киного Хандогин гана барды. Кайра келгенде эшикти Султан өзү ачып, өзү жаап, кыздар айткан мыкка ачкычты илдик. Шофер "түнүңөр бейпил болсун" деп биринчи кабаттагы бөлмөсүнө кирип кетти. Биз экинчи кабатка көтөрүлдүк.

Султан жатарда "чыт көйнөгүмдү жууп берсең" деп айтып калды. "Башка толгон көйнөктөрүң турбайбы" десем, "ал көйнөк этке жумшак, эртең догдурларга көрүнсөм ыңгайлуу да болот эле, беркилериң химия аралашкан да" деп калды. Көйнөгүн жууп, ваннага иле турган жер жок, уктоочу бөлмөгө келсем, төшөктүн үстүндө тим эле эзилишип дүйнөсү түгөл, батарга жер табылбагансып кучагын жая барпалаңдап бала менен бала болуп, ойноп жаткан экен. Эми ошол мүнөттөр али бүгүнкүдөй көз алдымдан кетпес болду. Көрсө, Султандын акыркы элеси ошол тура...

Султан Ибраимов.
Султан Ибраимов.

Жүрөктү эзип, муунумду бошотуп, Султандын өлүмүн эстеп отургандан жаман нерсе жоктур менде. Эртеси (4-декабрь) сөөктү алып келүүгө да комиссияны Фомиченко менен Габидулин баштап барды. Кыскасы, ок "Белка" мылтыгынан атылган. Жарым жылдык изилдөөнүн жыйынтыгы, жалпыга белгилүү Султанга, шоферуна тийген ок Москва—Куйбышев багытындагы поездде асылып өлгөн Саша Смагин деген баланын Чолпон-Атадагы атасына таандык "Белка" мылтыгына туура келген. Анын жарым акыл баласы кайсы бир жолу "кыргыздын бир жигитин өлтүрөм" деген кеби бар имиш. Айтор, соттун өкүмүнүн негизги маңызы да ушу.

Ошентип, бул иш ушинтип аяктаганына он жылдан ашты. Андан бери ооз ачып, чындыкты айткан эч ким болбоду. Жакында Турдакун Усубалиев соттун өкүмүн "Советская Киргизия” гезитине кайрадан жазып чыкты. Элге белгилүү нерсени кайрадан жарыялоонун канчалык зарылчылыгы бар эле? Эмне максат менен жазылганын түшүнгөн жокмун.

Эмнесин айтайын, ал күнү (3-декабрда) кайтара турган милициясы да барбай калып отурбайбы. Бул кимдин жоопкерчилиги эле? Биринчи кезектеги жооптуу министр Габидулин бериши керек эле да. Тилекке каршы, министр кылдай да жоопкерчилик тарткан жок. Ал эми өкмөттүк жетекчилерди кайтарган атайын гарнизондун командири ал мезгилде отпускада болуп чыкты. Орун басары юрфакта сырттан окуйт экен, университетте жүргөм деп кутулду. Экөө болбогондон кийин старшина милицияны 4-декабрда (ал убакта Султан аганын сөөгү шаарга жөнөп калган – Б.О.) жөнөткөн гарнизондун парторгу Рысбеков экен, бир жыл бою курулай шылтоолор менен буйтактап жүрдү. Чакырып суракка алуу эч кимдин колунан келбей, даай албай далайга жүрүштү. Көрсө, парторг кочкорлук экен...

Атадан калган үйдүн айлансындагы чуу

Акыркы жылдары Султан "алтымышка чыксам эле пенсияга чыгып, айылга кетели, атамдын эски үйүн оңдотуп алсак эле болот. Балдар да турмушка жакыныраак өскөнүнө жакшы" деп көп айтчу. Бул сөзүн ойлосом, Брежневден улам айтчу экен. "Кайран киши, аябай карып калды, эс алууга эле кетсе болмок" деп калганын көп укчумун. Өмүрү кыска экен, ал тилеги да орундалбады. Өзү жасай албаганын артында калган балдарына ал керээзин аткарып, атадан калган эски үйдү оңдотуп коёюн деген тилек менен Токмок ПМКсына кайрылып, атайын келишим түзүп, үйдү толук бүткөрүүгө макулдашылды.

Көп убакыт өткөн жок, "чуу" башталды. “Ибраимовдун жесири үй салып жатат. Кайдагы каражатка экинчи тамды тургузду. Эки тамды кармоого анын укугу барбы?” деген кеп республиканын жетекчилеринин арасында тарайт. Ушак арты суумак түгүл кадимки текшерүү башталды.

Үй жөнүндө кийин БКнын пленумунда сөз болуптур. Мени телефон аркылуу үйдү ким салды, ким жардам берди эле деп такышса болобу.

Акыры бир үйдү ала турган болуп, опузалай баштаганда атадан калган белекти Султандын айылдагы досторунун бири Калидинге сатууга аргасыз болдум. Ошентип, учурунда мындай кордуктун азабын ичиме катып, демимди чыгарбай, тилимди тиштеп отуруп калгам. Антпесем мени ким коргойт?

Кечээ эле Султан менен чогуу, тизгиндеш, үзөңгүлөш иштеп жүргөн жетекчилер эле басып келип абалды сурагандан, анын сөөгүнүн деми сууй электе минтип анын жесири, балдарынын абийирине "алчы, таа" ойногону мезгилинде ызага батырып, көп күчтү алып кетти. Мынча болду, ачык айтайын, башкасын кой, эшиктеш жашаган Турдакун Усубалиевич деле бир ооз кеби менен алигиче баарын көрүп-билип отуруп унчукпай келгенине таңмын.

Эл бар экен, журт турат, өз уулунун ысымын түбөлүккө калтыруу үчүн туулуп-өскөн айылын Султан Ибраимов атындагы деп атады. Элден ой-пикирлер, сунуштар түшүүдө, үй-музей уюштурулса деп. Ошондон улам баягы аяшыбызга барып, Султандын керээзи да бар эле, үйдү берсең музей жасайлы деген тилектер болуп жатат десем, алигиче кыйыктанып жүрөт. Үй четинен бузулууда..."

Шерине

XS
SM
MD
LG