Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:06

Султан Ибраимов. Өкмөт башчынын Ысык-Көлдөгү сырдуу өлүмү


Султан Ибраимов ортодо чыны кармап турат. Айыл эли менен жолугушуу. Сүрөт качан тартылганы белгисиз
Султан Ибраимов ортодо чыны кармап турат. Айыл эли менен жолугушуу. Сүрөт качан тартылганы белгисиз

Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы (премьер-министр) Султан Ибраимов жана дагы эки адам киши колдуу болгон окуядан бери туура 43 жыл өттү. 1980-жылы 3-декабрдан 4-декабрга караган түнү Ысык-Көлгө эс алууга барган Султан Ибраимовду, анын айдоочусун жана Чолпон-Атадагы өкмөттүк дачанын кароолчусун атып кетишкен.

Чуулгандуу окуя ошол кезде катуу иликтенип, расмий маалыматтарда кылмышты орус улутундагы чолпонаталык жигит жасаганы, кийин ал Куйбышев облусунда өзүн-өзү асып алганы айтылган. Тергөөнүн жыйынтыгы чыкса да, 53 жашында киши колдуу болгон Султан Ибраимовдун өлүмүнүн тегерегиндеги айрым суроолор улам көтөрүлүп келет.

Чолпон-Атадагы үрөй учурган окуя

Кыргызстанды селт эттирген окуя 1980-жылы 3-декабрдан 4-декабрга оогон түнү болгон. Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденцияга аялы жана төрт жашар небереси менен эс алууга барган Султан Ибраимов уктап жатканда белгисиз кишинин колунан ок жеп каза табат.

“Советтер Союзунда өкмөт башчыны атып кетет деген эмне деген шумдук? Мындай болбошу керек эле, эмне деген республикасыңар деп Москвадан бери айтып жатышты. Элдин арасында болсо муну атайын уюштурушту, атайын өлтүрүштү деген сөз тарап кетти”, - деп эскерет ошол күндөрдү коомдук ишмер, академик Жамин Акималиев.

Ал каргашалуу түндө Кыргыз ССРинин өкмөтүн жетектеген С.Ибраимов гана эмес, анын айдоочусу Ю.А.Вольф да көз жумган. Андан саал мурдараак, 3-декабрдын кечинде санаторийдин кароолчусу С.Коңуратов да атып өлтүрүлгөн.

Өкмөт башчынын жана дагы эки кишинин өлүмү тууралуу маалымат элди дүрбөлөңгө түшүрөт. Мурдагы прокурор Күрүчбек Эсеналиев кандуу окуядан кийин эс алуу жайына алгач баргандардын бири болгон. Ал 2018-жылдагы кыргыз гезиттерине берген маегинде окуяны мындайча сүрөттөгөн:

“Бир бөлмөнүн эшигинин туткасын колума кагаз кармап ачтым, себеби туткада колумдун изи калбасын деп ойлодум. “Кайсы бир эшиктен чыга калып мени да атып салабы?” – деген ой кетти. Бөлмөгө кирсем, баягы “Чайка” токтоп турган тарабында полдун үстүндө айдоочу Юрий Вольфтун сөөгү жаткан экен. Байкуштун үстүн жаап коюшуптур. Кылмышкер айдоочуну желкеге атканда, ок оң кашына келип токтоп калган экен. Экинчи кабатка барсак, гезит-журнал коюлчу столдун үстүндө “Чалкан” журналы жатыптыр. Сол жак бурчтагы уктоочу бөлмөдө Ибраимовдун аялы небереси менен уктаса, ал эми чыгыш тараптагы бөлмөдө Ибраимов өзү жаткан экен. Аялынын айтымына караганда, ал жаткан бөлмөдө түн ортосунда столдордун кычыраганы угулуптур. Киши өлтүргүч кетип калгандан кийин аял күйөөсү жаткан бөлмөгө кирсе Султан Ибраимов эчак эле өлтүрүлгөн экен. Кийин карасак, уктап жатканда кирип келип мылтыкты башына такап туруп аткан экен. Кичине кыймылдаганга да жараган эмес. Башынан кан 4-5 сантиметр агып барып, токтоп калган экен. Аялынын эси чыгып, кыйкырып милиция бөлүмүнө чалмак болгондо эч бир телефон иштебептир. Андан тышкары, “тревога” бере турган аппарат да иштен чыгыптыр. Айласы кетип, сыртка чыгып исполкомдун төрагалары, райкомдун секретарлары эс алган төрт кабат санаторийге барып, тиешелүү жерлерге телефон чалгандан кийин гана келишиптир. Ошентип, ызы-чуу болуп, иликтөө, киши өлтүргүчтү издөө башталган”.

Султан Ибраимов жубайы Рева Телтаева менен. Сүрөт кайсы жылы тартылганы белгисиз
Султан Ибраимов жубайы Рева Телтаева менен. Сүрөт кайсы жылы тартылганы белгисиз

Султан Ибраимов бир канча күн мурда эле эс алуудан келгени, бирок буга карабастан ага эс алып келүү сунушу айтылып, Чолпон-Атага барганы эл арасында айтылып келе жатат.

Мурдагы коопсуздук кызматкери Курманбек Мусаев:

"Ошондо Султан Ибраимович эс алып жүрүп Бишкекке келген экен. Анан Бишкекте бир канча күн болуп, кайра Чолпон-Атага эс алууга кетиптир. Хандогин деген резиденциянын директору анын келер-келбесин так билген эмеспи, айтор, кароолду алып койгон экен. Ал эми кошумча күзөткө кыргыз бала жиберилип, бирок ал ошол күнү Чолпон-Атага жетпей, кийинки күнү барган. Ушундай чалкештик болуп калган экен".

Кандуу окуяны иликтөө иштери

Султан Ибраимов Министрлер кеңешинин төрагасы кызматына 1978-жылы дайындалып, иштеп жатканына эки жылдай болгон. Чуулгандуу окуяны иликтөөгө Москвадан жана башка советтик республикалардан жүздөгөн тергөөчүлөр, адистер тартылган. Ишти СССРдин КГБ башчысы Ю. Андропов өзү көзөмөлгө алып, анын орун басарлары В. Чебриков, Ф. Бобков тергөөнүн жүрүшүнө күн сайын көзөмөл жүргүзгөн.

Кыргызстанда штаб түзүлүп, аны СССР КГБнын башкармалыгынын башчысынын орун басары И.Абрамов жетектеген.

Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин ошол кездеги биринчи катчысы Турдакун Усубалиев кийин жазган эскерүүсүндө Ибраимовдун иши боюнча 700дөй адис алты ай тергөө жүргүзүп, 900 киши суралганын, 60тай экспертиза өткөрүлгөнүн белгилеген.

Кылмышка шектүүнүн өлүмү

Чолпон-Атадагы үч кишинин өлүмүнө шектүү Александр Смагин 1981-жылы 6-январда Куйбышевдеги Безенчук станциясында электр поездде асынып өлгөнү аныкталган. Ал өзүн-өзү асып алганы, эч кандай кыйноонун белгилери жоктугу айтылган. Смагин өз жанын кыйды деген негизде СССРдин прокуратурасы 1981-жылы 2-июлда ага карата кылмыш ишин кыскарткан.

Тергөөчүлөр бир катар материалдарга таянып, үч киши каза тапкан кылмышты Александр Смагин жасаганы, ал маркумдарды "Белка" мылтыгы менен атканы аныкталды деген жыйынтыкка келишкен. 1957-жылы туулган Смагин "мурдагы орус кулагынын" уулу экени, акыл-эси жайында эместиги, башынан кыргыздарды жек көргөнү, начар үй-бүлөдө тарбияланганы белгиленген. Армиядан шизофрения менен жабыркай турганы, психикалык оорусу аныкталганына байланыштуу эрте бошотулуп келгени да айтылган. Смагиндин кылмышы анын атасы Михаил Смагиндин көрсөтмөлөрү менен да бекемделгени жазылган. Маалыматтарда Александр адам өлтүргөнүн атасына айтканы, эртеси Чолпон-Атадан чыгып, Москвага качып кеткени, атасы ага 200 рубль бергени тууралуу маалыматтар кезигет.

Михаил Смагин уулунун кылмышын жашырганы үчүн беш жылга соттолгон. Мурдагы коопсуздук кызматкери Курманбек Мусаев ошол сотко катышканын айтып берди.

Кылмышкер табылды, бирок суроо көп

Бир сөз менен айтканда, премьер-министр Султан Ибраимовду, анын айдоочусун жана Чолпон-Атадагы өкмөттүк дачанын кароолчусун атып кеткен кандуу кылмыштын бети расмий ачылган. Бирок ошол эле кезде көптөгөн суроолор калган. Маселен, Александр Смагинди бул кылмышка эмне түрткөнү тууралуу суроо жоопсуз. Академик Жамин Акималиевдин сөзүн угалы:

Султан Ибраимов. Сүрөт кайсы жылы тартылганы белгисиз
Султан Ибраимов. Сүрөт кайсы жылы тартылганы белгисиз

"Бул эми татаал нерсе, ушул убакка чейин жообу жок. Жалпы жолунан бул күмөн болуп калды. Ким буйрутма берген? Ким ошол Смагинди жалдаган? Кантип эле бир орустун баласы "мен кыргыздарды кырам" деп чыксын? Ошончонун ичинен кантип өкмөттүн башчысын атып кетет? Муну колдогондор болушу мүмкүн. Ошон үчүн атып кетти да деген сөздөр болуп келе жатат".

Бир топ себептерден улам тергөөнүн расмий версиясына Султан Ибраимовдун жакындары да ишенген эмес. Маркумдун кызы Гүлмира Ибраимова 43 жыл мурдагы окуяны эскерип жатып, ошол кездеги тергөөнүн жыйынтыгы боюнча буларды билдирди:

"Министрлер Советинин төрагасы (ал кезде премьер-министрдин кызматы ушундай аталчу) Султан Ибраимовичтин капыстан келген кайгылуу өлүмү көп уу-дуу жаратып, түрдүү божомолдор айтылды. "Смагин аттуу акыл-эси ордунда эмес жаш жигит улут аралык жек көрүүчүлүктөн улам ушундай кылды" деген расмий версияга эч ким ишенбегендиктен ушундай болду. Ошол кезде айтылган версия улуттар аралык маселеге такалганына биз катуу таң калдык. Анткени совет доорунда элдердин достугу, бир туугандыгы жана биримдиги деген идеялар коомго жайылтылып турган эмес беле. Бирок расмий версия ушундай болчу. Апам, ал кезде кичинекей балдары биз, мындай үрөй учурган жоготуудан али да өзүбүзгө келе алган жокпуз. Апам өмүр бою өзүн кыйнаган «ким жана эмне үчүн?» деген бир гана суроону кайталап келет. Иш жүзүндө атабыздын канына кимдер забын болгону тууралуу биздин өз божомолубуз бар. Бирок биз ачык айта албайбыз, анткени айныксыз жана талашсыз далилдерсиз мынчалык оор айып коюу мүмкүн эмес. Анткен менен бир нерсени айтып коёюн. Бул киши өлтүрүүнү пландаган жана ишке ашыргандардын ыктымал далилдерди ың-жыңсыз жашырууга жана ойдон чыгарылган жана сандырак расмий версиядагы карама-каршылыктарды жоюуга толук бийлиги бар болчу. Алар Султан Ибраимовдун элесин түбөлүккө өчүрүүгө жан үрөшкөнү анык".

Ошентип маркум 53 гана жашында жарык менен кош айтышты.

"Бул эми киши колдуу болгондон кийин бирөөнүн буйрутмасы менен өлтүрүлдү деген ой кетет экен да шак эле. Бул сөздөрдүн баары Усубалиевге тийип жатты да", - дейт мурдагы коопсуздук кызматкери Курманбек Мусаев.

Тергөөнүн жыйынтыгы расмий жарыяланган эмес, бирок партиялык кызматкерлерди, активди анын мазмуну менен тааныштырган бир катар партиялык жыйындар өткөн. Академик Жамин Акималиев ошол чогулуштарга катышып, тергөөнүн мазмуну менен таанышкан экен:

"Муну Турдакун Усубалиев кылды деп ойлогондор да болду. Мен муну Усубалиев жасады деп ойлобойм. Ал кылбаганына кийин көптөр ынанды. Себеби Москванын материалдарында да Усубалиевдин катышы тууралуу эч бир сөз айтылган жок. Эгер Усубалиев кызматтан кетирем десе, башка жолдор менен эле кетирип коймок. Аны көрүп эле жүргөнбүз".

Кыргызстан Компартиясынын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев Султан Ибраимовдун өлүмү, өзүнүн дарегине айтылып жүргөн ар кыл аңыздар боюнча өзү да кийин кенен-кесири жооп берип, китеп жазган. (Усубалиев Т. Клевещите, клевещите – что-нибудь да останется: Документальный рассказ / Ред. Б.Исакеева. – Бишкек: Учкун, 1995. – 68 бет).

"Тергөөнүн жүрүшүндө жана сот процессинде С. Ибраимовдун жана башкаларды өлтүргөн адам Александр Смагин экени толук далилденген. Ошондой эле коомдук коркунучтуу ишти жасаган уулун жоокерчиликтен качырган, кылмыштын изин жана киши өлтүргүчтүн куралын жашырган, "Белка - 3" куралын жана анын окторун мыйзамсыз сактаган, ошондой эле маңзат - апийим жасаган анын атасынын кылмыштуу аракеттери да толук далилденген", - деп жазган Усубалиев Ибраимовдун өлүмүнө байланыштуу ага курулай жалаа жабылып келе жатканын айткан.

Турдакун Усубалиев.
Турдакун Усубалиев.

Султан Ибраимовдун өмүрү, саясий жолу

Мамлекеттик ишмер 1927-жылы 20-сентябрда Чүйдөгү Алчалуу айылында туулган. Балалыгы согуш жылдарына туш келип, кийин тракторчу болуп иштеген. 1946-1949-жылдары Фрунзе шаарындагы Гидромелиоратив техникумунда окуган. 1952-54-жылдары Ташкенттеги Ирригация жана айыл чарбасын механизациялоо инженердик институтунда билим алган. Кыргызстанга келгенден кийин Илимдер академиясында, Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинде иштеген. Ал эми 1960-жылы Исхак Раззаков аны Аламүдүн райкомунун экинчи катчысы кылып бекитет. Ошондон дароо 1961-жылы 34 жашында суу чарба министри кызматына келет. Ал кезде өлкөдө чоң кадрдык өзгөрүүлөр болуп жаткан эле. Исхак Раззаковдун ордуна Турдакун Усубалиев келип, мурдагы суу чарба министри Болот Мамбетов Министрлер Кабинетинин төрагасы болуп шайланып, анын орду бош турган эле.

"Экинчи катчылыктан дароо министр болгон жалгыз киши ушул болду. Кийин укканыбызга караганда, Султан Ибраимовду баалап жүргөн Болот Мамбетов (1954-1961-жылдары суу чарба министри, 1961-1968-жылдары Министрлер Кеңешинин төрагасы) болуптур. Ал киши да ирригатор болгон, ал киши да Илимдер академиясында иштеп кеткен. Султан Ибраимовду суу чарба министрине Болот Мамбетов сунуштаган деп укканым бар. Ибраимов илимдин жетишкендиктерин өндүрүшкө киргизүүнү жактаган, новатор киши болчу. Ал киши кеңседе отурганды жактырчу эмес, мен жеринен көрүшүм керек деп, республиканы кыдырып эле жүрчү", - деди Жамин Акималиев.

Султан Ибраимовду эскерүүгө арналган жыйында тартылган сүрөт. 2019-жыл
Султан Ибраимовду эскерүүгө арналган жыйында тартылган сүрөт. 2019-жыл

1968-78-жылдары Ош обкомунун биринчи катчысы болот. Андан соң Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун төрагасы, 1978-80-жылдары Министрлер советинин төрагасы болгон Ибраимов жалпысынан 20 жыл бою мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген.

"Ибраимов Ошко кеткенден кийинки жылы Турдакун Усубалиев мени айыл чарба министринин биринчи орун басары кылып койду. Ишиме байланыштуу мен Ошко көп барып калдым. Султан Ибраимов Ошту көтөрдү, ал жакта республикалык мааниси бар чоң-чоң иштерди жасады. Эл аябай жактырып, мактап жатты. Кийин 1978-жылы Министрлер Кеңешинин төрагасы болуп келди. Бул кишинин деңгээлин, билимдүүлүгүн, көрөгөчтүгүн мамлекеттик денгээлдеги көрөңгөсүн Москва байкап калды окшойт. Акматбек Сүйүнбаев пенсияга узатылганда ордуна Султан Ибраимов өкмөттүн башчысы болуп келди. Ошондо Министрлер Кеңешинин төрагасы болгондон кийин эле эл арасында бул келечекте биринчи катчы болот деген сөз тарап кетти".

Мамлекеттик ишмер Султан Ибраимов 1961-жылы министр болгондо 34 жашта эле. Кызы Гүлмира Ибраимова буларды айтат:

"Эмне үчүн 34 жашында ага гидромелиорация министри кызматын ишенип беришти? Советтик доордо жакшы ойлонулган кадрдык саясат бар эле. Тигил же бул кызматка адамды көрсөтүүдөн мурда анын кесиптик жана жеке сапаттары тыкыр текшерилген. Ал турсун бригадирди да чоң жоопкерчилик менен тандашкан. Ошондуктан министр кызматына талапкерлер дыкат каралып, көбүнчө Кремлдин макулдугу менен чечилген. Демек, Султан Ибраимович аталган кызматка кокусунан келген деп айтууга такыр мүмкүн эмес. Ал Ташкенттеги гидромелиорация институтунан мыкты билим алып, Илимдер академиясында илимий кызматкер катары иштеп, райкомдун катчысынын кызматын да аркалаган. Мунун баары ал үчүн чоң тажрыйба болгон. Андан республикабыздын суу чарбасын көтөрүүгө дарамети бар жетекчини көрүшкөн".

2019-жылы президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовго «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды (каза болгондон кийин). Жарлыкта ал мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги, ошондой эле мекенге берилип кызмат өтөгөндүгү үчүн сыйланганы белгиленген.

XS
SM
MD
LG