Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:40

Казакстанда өрттөн жети баланын өмүрү кыйылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда өрттөн улам бир күндө сегиз киши иске ууланып каза болгону кабарланды. Алардын жетөө балдар.

"Өрт үйдү толугу менен каптап калыптыр"

17-ноябрдын таңында Казакстандын баш калаасы Астана шаарынын четиндеги Көктал конушунда өрт чыгып, бир үйдүн 13, 9, 3 жана 2 жаштагы төрт баласынын өмүрүн жалмап кетти. Өрттө үйдүн чатыры күйүп, жарым-жартылай урап түшкөн.

Айрым баштапкы маалыматтарга караганда, балдар бир үй-бүлөдөн болчу.

Өрттөнгөн үй. 17-ноябрь. 2024-жыл. Астана шаары.
Өрттөнгөн үй. 17-ноябрь. 2024-жыл. Астана шаары.

Эрбол Жакуповдун үйү тилсиз жоо жалмаган үйгө кошуна турат. Ал окуя болгон танда жумушта болгонун, өрт анын үйүнө чейин жеткенин, бирок өрт өчүргүчтөр кеч келгенин айтат.

"Саат 9.10до аялым чалып, "өрт болуп атат" деди. Келсем, менин үйүмө, бери карай өтүп калыптыр. Өрт өчүргүчтөр "6 мүнөттө" келдик дейт, 6 мүнөттө учак менен да келип жетишмек эмес. Балдарыбызды дароо сыртка алып чыктык. Анан кошунанын үйүнө келдик, үн каткан эч ким болгон жок. Өрт үйдү толугу менен каптап калыптыр", - дейт Жакупов.

Астана шаарынын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы бул окуя боюнча "Балдардын өлүмүнө алып келген өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу" деген берененин негизинде кылмыш иши козголгонун билдирди.

"Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын тергөө бөлүмү коопсуздук талаптарынын бузулушунан улам жеке менчик эки кабаттуу турак үйдөн чыккан өрт фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Корутунду тергөө аяктагандан кийин белгилүү болот", - деп билдирди мекеме.

Учурда өрттүн так себеби айтыла элек. Соттук-медициналык экспертиза дайындалганы кабарланды.

Көктал конушунун тургундарынын айтымында, бийлик бул аймакка газ түтүгүн тартууну көптөн бери убада кылып келет. Бирок бул көпчүлүктүн чөнтөгүнө чак келбейт. Андыктан кыш келгенден тарта жер тамдагылар көмүр жагып жан багышат.

Белгилей кетсек, 2019-жылы 4-февралда аталган конуштагы жер тамда өрт чыгып, бир үй-бүлөнүн беш кызы каза болгон. Алардын улуусу 12 жашта, кичүүсү тогуз эле айлык болчу. Өрт чыккан учурда кыздардын ата-энелери түнкү нөөмөттө жумушта болушкан. Бул каргашалуу окуядан кийин айрым чиновниктер отставкага кеткен.

Ошондон бери казакстандык көп балалуу аялдар социалдык маселелерди ачык айтып көчөгө чыгып, бийликке талап коюп келатышат. Алардын негизги талабы – көп балалуу үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыз кылуу жана үйдөгү ар бир балага ай сайын жөлөк пул төлөө.

Бир үй-бүлөдөн төрт кишинин өмүрү кыйылды

Ошол эле күнү, 17-ноябрда Казакстандын Костанай облусунун Амангелди районунун Карынсалды айылында да иске ууланып, бир үй-бүлөдөн төрт кишинин өмүрү кыйылганы, алардын бири 67 жаштагы чоң атасы, калган үчөө 8, 2 жана 1 жашар неберелери экени белгилүү болду.

Иллюстрация
Иллюстрация

Балдардын ата-энеси жана 4 жашар уулу ооруканага түштү.

"ТобылИнфо" сайты билдиргендей, кырсыкка учураган үй-бүлө аз камсыздалган, социалдык жактан аялуу катмарга кирчү. Балдардын атасы жергиликтүү мектепте өрт өчүрүүчү болуп иштегени айтылат.

Жыл сайын айрыкча кыш айларында Казакстанда өрттөн каза болгон жаш балдар тууралуу маалыматтар утур-утур чыгып турат.

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Костанай облусунун Житикара шаарында жеке менчик үйдөн чыккан өрттөн каза болгон беш баланын сөөгү табылган. Февралда Караганды облусунун Каркаралы районунун Талды айылында жеке менчик үйдөн чыккан өрттөн төрт жаш бала набыт болгон.

Казак басылмаларынын маалыматына караганда, өрт кырсыгы көп катталган аймактардын башында Акмоло, Астана, Жамбыл облустары турат, кырсык көбүнчө жеке сектордогу үйлөрдө катталат.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG