Өзбекстанда телеканалдар, радиостанциялар жана социалдык түйүндөр аркылуу чыга турган медиа продукцияны, анын ичинде сериалдарды, мультфильмдерди, тасмаларды жана клиптерди атайын экспретизадан өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматы Руханият жана агартуу борборунун маалыматына таянып кабарлады.
Аталган мекеменин маалыматына караганда, экспертиза жүргүзө турган топтун курамына кирген адистер Өзбекстандын аймагында жарыялануучу жергиликтүү дагы, чет элдик дагы авторлордун материалы "мамлекеттик саясатка, мамлекеттик символдорго, улут жана жалпы адамзат баалуулуктарына, адеп-ахлак стандарттарына" канчалык туура келерин текшерип чыгышат. "Моралдык-этикалык критерийлерге туура келбеген, адамдык акыл-парастка коркунуч жаратуучу элементтерди" аныкташат.
Эксперттер ошондой эле ыр, тасма жана башка медиа продукция жаштарды тарбиялоого, улуттук менталитетке кандай таасир тийгизип жатканын текшерип, ылайыксыз деп эсептегендерине тыюу салуу тууралуу сунуштарын тийиштүү мекемелерге берип турушат.
Бийликтин мындай демилгесин колдогондор да, нааразылыгын билдиргендер да бар. Айрым блогерлер "руханий көзөмөл" деген шылоо менен өкмөт цензура киргизгиси келип жатканын айтууда.
Руханият жана агартуу борбору өүнүч ата-энелерден, интеллигенция жана коомчулук өкүлдөрүнөн түшкөнүн, алар азыркы медиа контент жаштарга, айрыкча бала бакчадагы жана мектеп курагындагы балдарга терс таасир берип жатканын айтып, арызданышканын билдирди.
"Экспертиза медиа продукцияны цензурага албайт. Эксперттер медиа контент түзүүчүлөргө, чыгармачыл топторго жана көркөм кеңештерге кеп-кеңеш иретиндеги сунуштарын гана иштеп чыгып, жөнөтөт. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн, журналисттердин, авторлордун жана блогерлердин чыгармачыл эркиндиги чектелбейт", - деп айтылды билдирүүдө.
2016-жылы президент болуп шайланган Шавкат Мирзиёев алгач өзүн мурунку башчы Ислам Каримовдун катаал авторитардык жолун жолдобой, сөз эркиндигин жактай турган саясатчы катары көрсөткөн. Бирок азыр Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси менен, мисалы, жаранды социалдык түйүндөр аркылуу "президентке акарат келтирдиң" деп жоопко тартса болот. UzNew Жогорку Соттун маалыматына таянып жазгандай, бир жылда 25-60 жаш курактагы кеминде 10 адам ушул берене менен абакка кесилди. (RK)
Шерине