Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

Акыйкатчы зордуктоого кабылган тогуз жаштагы кыз реабилитацияга муктаж экенин айтты


Иллюстрация
Иллюстрация

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда зордукталган тогуз жаштагы кыз жана анын ата-энесинен кабар алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Акыйкатчыдан кыздын апасы алардын укуктарын коргоп берүүнү суранган. Ал Жаманбаевага кызын эки эркек төрт жылдан бери зордуктап жүргөнүн айтып берген.

“Кызыма бычак такап, күч менен эски үйгө сүйрөп барып зордуктап келишкен. Бирөө-жарымга айтса өлтүрүп койобуз деп коркутушкан. Ушундай зөөкүрлөр ар кандай шылтоо издеп, жазадан качууга аракеттенип жатышат”, - деп айткан кыздын апасы.

Акыйкатчы бул окуяга тынсыздануусун билдирип, тиешелүү мамлекеттик органдарды балдардын коопсуздугун камсыздоону күчөтүүгө чакырды. Омбудсмен институтунун маалыматына караганда, учурда кыз ата-энеси менен коопсуз жерде, ага зарыл болгон адистер жардам көрсөтүп жатат. Бирок ага узак мөөнөттүү реаблитация талап кылынат.

16-сентябрда Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда тогуз жаштагы кызды зордуктоого шек саналып 19 жана 25 жаштагы эки бала кармалып, шектүүлөр райондук соттун чечими менен эки айга камакка алынган.

Жети-Өгүздүн Барскоон айылында тогуз жаштагы кыздын ур-токмокко алынып, зордукталганы тууралуу маалыматтан кийин милиция Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин ("Зордуктоо") негизинде кылмыш ишин козгогон. Окуя 9-сентябрда болгон. Милицияга Барскоондун тургуну кайрылып, Көк-Сай аймагынан айылдын эки жашоочусу тогуз жаштагы кызын ур-токмокко алып, зордуктаганын айткан.

Башкы прокуратуранын расмий маалыматы боюнча, Кыргызстанда өткөн жылы жашы жете электерге карата 406 оор жана өзгөчө оор кылмыш жасалганы аныкталган. Кылмыш иштеринин 160ы зордуктоого байланыштуу.

Башкы көзөмөл органы быйылкы жылдын статистикасын жарыялай элек. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG