Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:23

Оң рулдуу машинени такси катары айдоого тыюу салууну парламенттеги дагы бир комитет колдоду


Бишкек шаары, архив.
Бишкек шаары, архив.

Министрлер кабинетинин Кыргызстанда такси кызматын көрсөтүү үчүн милдеттүү түрдө лицензия алуу боюнча мыйзам долбоору 12-ноябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети дагы биринчи окууда колдоду.

Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Эмил Жакыпов лицензия баасы 500 сом деп аныкталып, аны алуунун тартиби иштелип чыкканын билдирди.

“Лицензия алуу үчүн жарандын ырастоочу документи, автоунаанын каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү же ишеним каты талап кылынат. Ишеним кат менен айдабаса, учурда бирөөнүн автоунаасын убактылуу алып таксиге чыккан учурлар болуп жатат. Мындан тышкары техникалык кароодон өткөнү тууралуу документи болушу керек жана жарандын үч жылдан кем эмес айдоочулук тажрыйбасы, милдеттүү камсыздандыруусу болуусу шарт. Ден соолугунун абалы боюнча медициналык аныктама да суралат”, - деди Жакыпов.

Жакыпов лицензия оң рулдуу автоунаалардын ээлерине берилбей турганын айтып, аны оң рулдуу автоунаалар жол кырсыгына көп кабылып жатканы менен түшүндүрдү.

7-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети бул мыйзам долбоорун биринчи окууда колдогон. Ошол жыйында Жакыпов Кыргызстанда 180 миңден ашык оң рулдуу автоунаа бар экенин, анын канчасы такси кызматын көрсөтөрү тууралуу маалымат жок экенин билдирген.

Министрлер кабинети быйыл жыл башында да оң рулдуу автоунааларда такси кызматын көрсөтүүгө, жүк ташууга тыюу салган токтомду коомдук талкууга чыгарган. Өкмөттүн мындай демилгесине оң рулдуу автоунаанын ээлери нааразылыгын билдирип келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG