Сексуалдык ыдыкка шектелген жаран сегиз жылга кесилди
- Айпери Ганыжан кызы
- Эрлан Жумакадыров
Тогуз жаштагы кызга сексуалдык ыдык көрсөттү деп шектелген жаранды 8 жылга кескен райондук соттун чечимин Чүй облустук соту күчүндө калтырды. Быйыл апрель айында жабыркаган кыздын энеси окуя тууралуу коомчулукка айтып чыккан. Ал үй-бүлө бул окуядан соң оор психологиялык басымга кабылганын билдирген.
Шерине