АКШнын, Британиянын жана Австралиянын Кыргызстандагы элчиликтери кыргыз бийлигин көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарын коргоого жана кесиптик ишмердигин толук кандуу аткаруу үчүн журналисттердин коопсуздугун камсыз кылууга чакырды.
Ал арада социалдык тармактагы билдирүүсү үчүн Айтилек Орозбеков аттуу жаран кармалганы маалым болду. Ал "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси боюнча айыпталып жатканы айтылууда.
Элчиликтер эмнеге тынчсызданды?
2-ноябрь журналисттерге каршы кылмыштар үчүн жазасыз калууну токтотуунун эл аралык күнү.
Датага байланыштуу Кыргызстандагы АКШнын, Британиянын, Австралиянын элчиликтери кыргыз бийлигине кайрылды.
Биргелешкен билдирүү көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарын коргоого жана кесиптик ишмердигин толук кандуу аткаруу үчүн журналисттердин коопсуздугун камсыз кылуу жазылган.
“Кыргызстанда соңку кездери журналисттерди жөн гана өз жумушун аткарганы үчүн кармоо, аларга каршы козголгон кылмыш иштеринин көбөйүшү, ошондой эле кыргыз өкмөтүнүн маалымат сайттарды жабуу жана медиа уюмдарды жоюу боюнча чечимдери бизди тынчсыздандырууда”, - деп айтылат билдирүүдө.
Үч өлкөнүн Кыргызстандагы элчиликтери эркин жана көз карандысыз маалымат каражаттары демократия үчүн жана мыйзам үстөмдүгүн сактоодо маанилүү экенин эске салууда.
Бул билдирүү бир катар журналисттер жана жарандык активисттер соттолуп, бир даары пробация менен эркиндикке чыккан маалга туура келди.
УКМК кармаган Айтилек Орозбеков ким?
Ал арада социалдык тармактагы билдирүүсү үчүн Айтилек Орозбеков деген жаран кармалганы белгилүү болду.
Адвокатынын айтымында 1-ноябрда кармалган Орозбековго УКМК “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси менен айып тагууда.
"Буга "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар" беренеси менен айып коюлуптур. Ал азыркы бийликти жамандап жазган окшойт. Ал күнөөнү мойнуна алган жок, "эч кандай чакырык кылган эмесмин" дейт. Жакынкы күндөрү экспертизага жөнөтүшөт экен, чакырык бар же жокпу аныкталат дешти".
Жактоочу макала жарыяланардын астында чалып, Орозбеков эки айга, келе жаткан жылдын 1-январына чейин камакка алынганын кабарлады.
Ал эми Айтилек Орозбековдун досумун деп тааныштырып, атын ачык айтпоону суранган адам Айтилек TikTok социалдык түйүнүнө жарыялаган видеого байланыштуу кармалганын айтты.
"Тик Токтогу "Убакыт көрсөтөт" деген каналындагы видеолор үчүн кармалыптыр. Бирок ал каналда азыр видеолор жок экен. Ошол видео жана "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү болгону үчүн деп расмий айтышыптыр. Мага ошентип жазып жибериптир адвокат келгенче. Ал Кыргыз түрк Анадолу лицейинде сабак берчү. Ал жактан да кеткенине аз эле болгон, азыр жумуш издеп жүргөн".
Атайын кызмат Айтилек Орозбековго коюлган айып жана козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий бере элек.
Айтилек Орозбековдун жакындарынын айтымында, ал буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүловдун коомдук башталыштагы жардамчысы, кийин “Бүтүн Кыргызстан” оппозициялык партиясынын мүчөсү болгон.
Кыргызстанда акыркы жылдары Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("массалык башаламандыкка"), 327-беренеси ("бийликти күч менен басып алууга") жана 330-беренеси ("кастыктын түрлөрүн козутууга чакырган") боюнча суракка чакырылып, соттолгон адамдардын катары калыңдоодо. 2023-жылы "Азаттык" радиосу мындай адамдардын санын тактаганда отуздан ашкан.
“Медиа полиси” уюмунун юристи Нурбек Сыдыков бул беренелер туура эмес колдонулуп жатканын айтууда.
"Жактоочулардын оюу боюнча бул берене массалык башаламандык өзү болуп жаткан учурда, башаламандыкка чакырган болсо ишке ашышы керек. "Жок токтобогула, алдыга жылгыла, талкалагыла" деген чакырыктар болсо гана ушул беренелер иштеш керек эле. Ошон үчүн мунун жазасы да өтө оор көрсөтүлгөн. Тилекке каршы аталган беренелер азыркы күндө туура эмес иштелип жатат деп ойлойбуз".
Пикир үчүн камалгандар
Деген менен кыргыз бийлиги кайсы гана саясатчы активист кармалып-камалбасын, анда эч кандай саясий куугунтук жок экенин билдирип келет жана ар бир ишти андагы коюлган айыптар боюнча гана талдоого чакырат.
Президент өзү да интервьюларында Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин кайталап турат.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов буга чейин "Азаттыктын" студиясындагы талкууда журналисттердин камалышын аларды ириде "тарбиялоо максаты" менен байланыштырган.
"Биздин жаш балдар, алар, албетте, душман эмес. Албетте, жаңылышкан. Алар "бала баладай, башы-көзү чарадай". Алардын эч кандай чыккынчылык, эч кандай маселеси жок. Аларды деле президентибиз болобу, органдарыбыз болобу, соттор болобу, түрмөгө чиритейин деген деле ою жок. Бул тарбиялык маселе. Аталык, агалык милдет - бул тарбия. Үй-бүлө башчы болобу, үй кожоюну болобу, тартипке салып коюш керек. Тартиптүү эл кул болбойт. Ошондуктан тартип болушу керек. Бул камоо эмес, бул бардыгын ишке тартуу", - деген Байсалов.
Эске сала кетсек, 10-октябрда 11 журналистке Бишкектин Ленин райондук сотуну чечим чыгарып, Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга кескен. Актилек Капаров менен Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берип, сот залынан бошотулган. Ал эми Максат Тажибек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сапарбек Акунбеков, Сайпидин Султаналиев, Тынысн Асыпбековдун аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталган.
Айып коюлган журналисттер тагылган кинени четке кагып келишет.
Бир катар эл аралык уюмдар журналисттердин кармалышын айыптап, бийликти аларга козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан. Temirov Live каналынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкери жыл башында кармалган. Журналисттердин баарына Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” менен айып тагылган болчу.
Мындан сырткары Кыргызстанда социалдык тармактын колдонуучулары жарыялаган билдирүүлөрү үчүн ар кандай айып менен камакка алынган окуялар катталууда.
- Жакында эле Чүйдүн Ысык-Ата районунда дөңгөлөк желимдөөчү жайда иштеген Тариел Ботбаевге Аламүдүн райондук соту 120 миң сом айып салган. Ал Фейсбукка жарыяланган посту үчүн айыпталып, кармалган.
- Ал эми Ютубдагы "За правду" баракчасынын ээси Азамат Карабаев Ноокаттагы жаңы салынган жолдун сапатына нааразылыгын билдирип, Фейсбукка видео жарыялагандан кийин милиция кармап кетип, 22-ноябрга чейин камалган.
- Мамлекеттик экспертизанын кемчиликтерин айтып чыккан соң камакка алынган илимий кызматкер Жоомарт Карабаев төрт айдан кийин, 31-октябрда үй камагына чыкты.
- Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыккан соң бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого айыпталып кармалган Афтандил Жоробековду Бишкектин Ленин райондук соту күнөөлүү деп таап, 70 миң сом айыпка жыкты.
- Октябрь айынын башында жазуучу жана публицист Олжобай Шакир Жогорку сот тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен айыпталып, үч жылдык пробация менен жазасын абакта өтөөдөн бошотулду.