Ал соңку жылдары кайсы бир маселелерге пикирин билдирип, же бийликти сындагандан кийин камалган жетимиштей активист-саясатчылардын бири болуп калды. Укук коргоочулар алардын баарынын кармалышын - саясий куугунтукка байланыштырса, бийлик мындай кинени четке кагып келет.
Жоробековдун иши
Ленин райондук соту активист Афтандил Жоробековдун ишине байланыштуу чечимин 1-ноябрда өткөн отурумда чыгарганын алгач ага укуктук жардам көрсөтүп жаткан “Кылым шамы” уюму кабарлап, кийин соттун басма сөз кызматы да ырастады.
Анда айтылгандай, Жоробеков Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”) 1-бөлүгү (“Жалпыга маалымдоо каражаттарын же маалыматтык-коммуникациялык тарамдарды колдонуу менен”) менен күнөөлүү деп табылды. Аталган беренелердин алкагында 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул же 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Афтандил Жоробеков өзү “Азаттыкка” иши тууралуу учкай гана комментарий берди:
"Мени ошол 327-берене боюнча бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого күнөөлүү деп таап, 70 миң сом айып пул салды. Менин бир жылкы видео кайрылуума байланыштуу. Ал видео кайрылууда эч кандай чакырык болгон эмес, жөн гана "желек өзгөрбөсүн" деген пикиримди билдиргем. Азыр эми өкүмдү колубузга ала элекпиз. Өкүмдү алган соң адвокаттар менен кеңешип, эмне кыларыбызды чечебиз".
40 жаштагы активист 2023-жылы Кыргызстандын мамлекеттик туусун өзгөртүү демилгесине каршы чыккан. Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта буга байланыштуу тынч митинг өткөрүүнү көздөп, акцияга бир күн калганда, былтыр 9-декабрда камакка алынган.
Жоробековго алгач “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган. Кийин анын Фейсбуктагы жана Инстаграмдагы Bespredel kg баракчаларындагы видеолоруна байланыштуу да башка беренелер кошулган.
Ортодо желек да өзгөртүлдү. Ал эми Афтандил Жоробеков алты ай тергөө абагында жатып, быйыл 15-июнда үй камагына чыккан.
Жоробековдун адвокаты Жаныш Бараков тиешелүү экспертизаларда видеого же постко эле эмес, анын алдындагы комментарийлер үчүн да активистке күнөө коюлганын сынга алууда.
"Башында биринчи экспертиза чыккан, кийин комиссиялык экспертиза дайындалган. Аларда көбүнчө комментарийлерге юридикалык баа берилип, ошол жерде "бийликке каршы терс пикирлер пайда болду" деп айтылып жатат. Ошондуктан эксперттер аны "чакырык деп эсептейбиз" дешти. Соттук отурумда лингвист эксперт да муну бири-бири менен байланышта деп баалашууда. Мен муну туура эмес деп эсептейм".
Жактоочу тактагандай, соттун соңку чечими менен Жоробековдун бөгөт чарасы үй камагынан эч жакка чыкпоо режимине өзгөртүлдү.
Саясий куугунтукпу же жокпу?
Мурдараак "Азаттык" Кыргызстанда 2020-жылдан бери социалдык тармактарда пикирин билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголгон же жазага тартылган жарандардын саны 30дан ашканын аныктаган.
Бул топко "Кемпир-Абад иши" боюнча камалып чыккан 27 саясатчы-активисттерди жана 11 журналистти кошкондо соңку үч-төрт жылдан бери 70тен ашуун киши өз пикири үчүн кармалып же камалып чыккан болот.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова аталган иштерге улам көз салып, тизмектеп келатат. Ал пикири үчүн кармалган адамдарга коюлган беренелерди талдап чыкты.
"Мен соңку үч-төрт жылдан берки камоолор, кылмыш иштери, сот жообуна тартылган учурларды жана башка жагдайларды тизмектеп, документтештирип чыктым. Бүгүнкү күндө анда атайын саясий мотив менен колдонулган беренелер үчөө экен. Мен аны өзүмчө “дүжүр” берене деп атап алдым. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси – "Массалык башаламандыктар" же "ага чакырык жасоо", 326-беренеси – "Бийликти күч менен басып алуу” жана 327-беренеси – "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар". Көбүнчө кармалган адамдарга аталган беренелерди коёт да, кийин башка беренелерге кайрадан квалификация жасап коюшууда. Мындан сырткары кээде 330-берене – "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" боюнча да айып тагылат, муну төртүнчү берене катары атаса болот. Бул боюнча кармалгандардын көпчүлүгү, тагыраагы 70% социалдык тармактарда пикирин билдирип же бөлүшүп, комментарий жазгандар. Калгандары да андан сырткары кайсы бир маселелерге каршы экенин билдиришкендер, бийликти сындаган пикирин айтышкандар же тынч митингге чогулгусу келгендер. Бирок алардын эч бири бийликти күч менен басып алууга аракет жасашкан эмес жана ага чакырык жасаган эмес. Азыркы шартта Кыргызстанда эч ким бийликти тартып алгысы келбейт жана андай күч жок деп эсептейм. Ошондуктан мен акыркы жылдары аталган иштер боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылып, соттолуп жаткан активист-саясатчылардын дээрлик бардыгы саясий мотив менен камалды деп ойлойм. Алар азыр болбосо, кийин толук акталышы керек. Бирөө дагы күнөөлүү эмес. Мунун баары ойлоп табылган жана ачыктан ачык саясий куугунтук", – деди Азиза Абдирасулова.
Деген менен кыргыз бийлиги кайсы гана саясатчы активист кармалып-камалбасын, анда эч кандай саясий куугунтук жок экенин билдирип келет жана ар бир ишти андагы коюлган айыптар боюнча гана талдоого чакырат. Президент өзү да интервьюларында Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин кайталап турат.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров 28-сентябрда “Кабар" улуттук агенттигине курган маегинде буларга токтолгон:
"Кыргызстанда сөз эркиндиги бар, болуп келген жана мындан ары да боло берет. Мен жогоруда айткандай социалдык түйүндөргө жалган маалымат таратпа, бирөө жарымды далили жок каралаба, абийирине шек келтирбе. Өлкө боюнча каалаган жерде суроо-талабың болобу, сын-пикириң болобу, бийликтин кемчиликтери болобу далил менен сайрай бер. Кемчиликтерибизди оңдойбуз, суроо-талаптарыңарды колдон келишинче чечебиз. Эл менен да, ЖМКлар менен да эриш-аркак иштешкенге даярбыз жана ачыкпыз".
Буга чейин укук коргоочулар Кыргызстанда журналисттер, блогерлер, активисттер соттук-лингвистикалык эксперттердин туура эмес корутундусунан улам айыпсыз абакка кесилген учурлар көп кездешип жатканын айтып чыгышкан. Алар тиешелүү кылмыш иштерде корутунду чыгарууга жалаң Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери тартылып жатканын белгилешсе, аталган мекеме комментарий берүүдөн карманып келет.