Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:25

Президенттин пресс-катчысы гимнди өзгөртүү сунушу төраганын жеке пикири экенин билдирди


Аскат Алагөзов.
Аскат Алагөзов.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов парламент төрагасы Нурланбек Шакиевдин мамлекеттик гимнди өзгөртүүгө байланыштуу айткандарына комментарий берди.

Ал спикердин билдирүүсүн анын жеке пикири катары кабыл алуу керектигин Фейсбук баракчасына жазды. Алагөзов "мамлекеттик гимн өзгөртүлөт деп дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок" экенин белгилеген.

"Анткен менен бул пикир коомчулукта, социалдык тармакта азыр эле кызуу талкууга жол ачты. Эгерде мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгеси көтөрүлө турган болсо, анда анын сөзүнө, музыкасына сөзсүз түрдө ачык сынак жарыяланып, ага акындар, жазуучулар, композиторлор, философтор, айтор мамлекетибиздин гимнин ийине жеткире иштеп чыгууга дараметим жетет дегендер катышып, алардын иши калктын көпчүлүк катмарынын колдоосуна ээ болушу керек",, - деп жазды Алагөзов.

Билдирүүдө "көпчүлүк эл колдобосо азыркы гимнди өзгөртүүгө деле зарылдык болбой турганы" айтылган.

Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев парламентте Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына жана мамлекеттик ишмер Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган иш-чарада сүйлөп жатып гимнди өзгөртүү тууралуу пикирин айткан.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, төрага “мамлекеттик гимн баарына бирдей ыргакта, кандай кырдаал болбосун оңой ырдап кеткидей жазылышы керек" деп эсептейт.

Нурланбек Шакиев былтыр мамлекеттик тууга оңдоолорду киргизүүнү демилгелеп, парламент кабыл алган. Өткөн жылдын аягында Элдик курултайда президент Садыр Жапаров тууга оңдоолорду киргизүү анын демилгеси экенин, "чет мамлекеттердин өкүлдөрү туудан улам күн карамага байланыштырган суроону көп берерин" айткан. Демилге коомчулукта кызуу талкууга түшүп, мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыккан жарандык активист Афтандил Жоробеков алты ай абакта отуруп чыккан.

Кыргызстандын гимни 1992-жылы 18-декабрда бекитилген. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев, обонун Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG