Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:30

"Балдарын бакчага жеткире албай калды". Эне менен эки баланын өмүрүн кыйган жол кырсыгы


Таластагы жол кырсыгы болгон жерден тартылган сүрөт
Таластагы жол кырсыгы болгон жерден тартылган сүрөт

Талас шаарында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден балдарын жетелеп өтүп бараткан 31 жаштагы келинди жана анын уул-кызын өлтүрө сүзгөн айдоочу кармалды. Жүрөк үшүн алган кырсык 23-октябрда эртең менен шаардагы мектеп жана бала бакчанын жанында болду.

"Балдарын жетелеп баратканда коюп кеткен"

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Таластагы бөлүмүнөн билдиришкендей, ак түстөгү автоунаа жол эрежесин одоно түрдө бузуп, карама-каршы тилкеге чыгып, жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен.

Кырсык тартылган видеодон өз жолу менен уул-кызын жетелеп көчөдөн өтүп бараткан келинди, анын эки баласын коюп кеткенден кийин бул автоунаа дагы эки жеңил машинеге барып урунганын көрүүгө болот.

«Айдоочу 1995-жылы туулган Талас шаарынын тургуну К.Б. аттуу жаран. Ал катуу ылдамдыкта келе жатып каршы тилкеге чыгып, жөө өтмөкмөн келинди балдары менен сүзүп, андан ары жол чыракта токтоп турган үч жеңил машинени сүзгөн. Алардын айдоочулары жабыркаган эмес, автоунаалары талкаланган", - деп билдирди Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Таластагы бөлүмү.

Милициянын маалыматына караганда, айдоочуну текшерген убакта соо болгон. Азыр ал сурак берип жатат. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу ) менен кылмыш иши козголду.

Кырсык болгон жерде тартылган сүрөт:
Кырсык болгон жерде тартылган сүрөт:

Кырсыктан окуя болгон жерде үзүлгөн келин, анын алты жашар кызы менен төрт жашар уулунун сөөгү дароо мейитканага (морг) түшкөн.

"Азаттык" бир күндө капыс баскан жол кырсыгынан үч кишиден айрылган үй-бүлө ээси, маркумдун жакындары менен байланыша албады.

"Жаркылдаган жан эле"

Социалдык тармактар аркылуу өзүн анын жакын курбусу катары тааныштырган жаранды тапты. Ал аты-жөнүн сайтка чыгарууну каалаган жок. Маркум келинди жаркылдаган, жайдары адам катары эскерди:

"1993-жылы туулган. Көлдөй адам болчу, жоопкерчиликтүү, жүрөгү таза, назик жан эле. Көп нерсени бетке айтчу эмес, ичине сактачу. Үй-бүлөсүн ар дайым биринчи орунга койчу. Досторуна жардам берип, күйүп жүрчү. Жолдошу аны аябай жакшы көрчү. Жакында эле өз мээнети менен үй салып бүтүп, ага киришкен. Өзү эки бир тууган эле. Кесиби боюнча эсепчи, азыр балдарын карап үйүндө отурган", - деди ал.

Келиндин Инстаграмдагы акаунтунан алынган сүрөт
Келиндин Инстаграмдагы акаунтунан алынган сүрөт

Талас шаарынын тургуну Самат кызын бакчага жеткирип келген маалда, саат 08.20 чамасында үрөй учурган кырсыкка күбө болгон. Анын айтымында, ушул аймакта №4 мектеп жана анын жанында балдар бакчасы жайгашкан.

"Биз келгенде кырсык жаңы эле болуптур. Карама-каршыга чыккан унаа жөө өтмөктөн эки баланы жетелеген келинди, андан кийин башка автоунааларды сүзгөн. Мен кызымды бала бакчага таштап кайра чыксам, маркумдун жүзүн күрмө менен жаап коюшуптур. Кичинекей баланын бетин да жаап коюшкан. Андан ары көрүүгө жүрөгүм дааган жок".

Милиция "Азаттыкка" кырсык жана андан кийинки абал тартылган видеолор менен бөлүштү. Анда маркумдардын биринин дене мүчөсү үзүлүп жатканы көрүнөт. Видеону белгилүү себептерден улам жарыялай албайбыз.

Бишкектеги эне-баланын өмүрүн алган кырсык

Кыргызстанда ар кандай жол кырсыктарынан бүтүндөй үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрү кыйылган учурлар байма-бай катталып турат.

17-октябрда эле Бишкектин Масалиев жана Бакаев көчөлөрүндөгү катуу жол кырсыгынан 34 жаштагы келин менен анын 11 жашар уулу каза тапкан. Маркум Алтынай Акбаева Бажы кызматынын капитаны болгону, артында эки баласы калганы айтылган. Эне-баланын сөөгү 19-октябрда Бишкекте жерге берилди.

Жол кырсыгында каза болгон Акбаева Алтынай
Жол кырсыгында каза болгон Акбаева Алтынай

Маркумдар "Хюндай Соната" үлгүсүндөгү таксиде баратканын, Бакаев көчөсүндө солго бурулуп жатып "Тойота Ярис" автоунаасы менен кагышканын, анын ичиндеги эне-бала "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилип, ошол жактан үзүлгөнүн милициянын Кайгуул кызмат башкармалыгы билдирген. Таксинин айдоочусу жана берки машиненин айдоочусу менен 2010-жылы туулган өспүрүм да бейтапканага жеткирилгенин кабарлаган.

17-октябрь, Бишкек
17-октябрь, Бишкек

Бул кырсык маркумдардын үйүнө жакын жерде болгонун Назима аттуу кошунасы айтып берди:

"Болжол менен саат 23:30да автоунаалардын кагылышкан катуу добушун уктум. Катуу сокку болгону билинди. Көп кабаттуу үйдө жашагандыктан терезеден чыгып карасам, жол кырсыгы болуптур. Эртеси үйдүн алдына боз үй тигилгенде кошунам уулу менен кырсыктан көз жумганын билдик. Дагы эки баласы апасыз калды, кичинекейи бир жашта. Менин да үч балам бар, күндө аларды бала бакчага ташыйм. Ошондон бери ал жерден коркуп өтөм".

Тыйылбаган жол кырсыктарынын статистикасы

Расмий маалымат боюнча быйыл январь-июнь айларында Кыргызстанда 3 059 автокырсык катталган. Андан жалпы 280 адам каза таап, 4 464 киши жараат алган.

2023-жылы 6 945 жол кырсыгы болуп, андан 783 адам каза болгон. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп. 2022-жылы 7 040 жол кырсыгынан 11 миң 49 киши жараат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан.

Расмий маалымат боюнча быйыл январь-июнь айларында Кыргызстанда 3 059 автокырсык катталган. Андан жалпы 280 адам каза таап, 4 464 киши жараат алган.

2023-жылы 6 945 жол кырсыгы болуп, андан 783 адам каза болгон. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп. 2022-жылы 7 040 жол кырсыгынан 11 миң 49 киши жараат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан.

  • 16x9 Image

    Айсалкын Качкынбекова

    Айсалкын Качкынбекова "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, 2016-жылы Эл аралык Кувейт университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG