Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:22

АКШнын коргоо министри Киевге барды


Ллойд Остин. Киев. 2024-жылдын 21-октябры.
Ллойд Остин. Киев. 2024-жылдын 21-октябры.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин бүгүн 21-октябрда Украинага барды. Борбор калаа Киевде ал өлкө жетекчилиги менен жолугушуу өткөрөрүн жана Кошмо Штаттардын колдоосун билдирерин Пентагон маалымдады.

Соңку 2,5 жылдан бери согуш абалында жашап, жарандык жана энергетикалык инфраструктурасы Орусиянын чабуулдарына күн сайын кабылып жаткан Украинага ал ушуну менен төртүнчү жолу барышы.

Кошмо Штаттардын Коргоо министрлиги кабарлагандай, Остин АКШнын Украина алдындагы милдеттенмелерин дагы бери жолу белгилеп, бул өлкөнүн коопсуздугу канчалык маанилүү экенине токтолот. Согуш башталгандан бери ал «Рамштайн» форматындагы (Украинанын Орусиянын агрессиясына каршы кармашына жардам берип жаткан 50 чакты өлкө) жолугушууларды дээрлик ай сайын өткөрүп жатат.

21-октябрга караган түнү Украина кайрадан дрон чабуулуна кабылды. Бул жолу, Куралдуу күчтөрдүн маалыматына караганда, Орусия 100дөн ашуун учкучсуз учак учурду. Кривой Рог шаарында төрт киши, анын ичинде 12 жаштагы кыз жараат алды. Борбор калаа Киевде бир киши дрон сыныгынан жараат алды. Ал эми Харьковдо түнкү авиа соккудан эки киши каза тапты, дагы 13 киши жарадар болду. (RK)

XS
SM
MD
LG