Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:15

11-октябрь: АКШда бороондо 10дон ашуун адам көз жумду, Нобелдин Тынчтык сыйлыгы жапон уюмуна ыйгарылды


Өзөктүк апаатты баштан кечирген, 82 жаштагы Кидо Суэчи Жапониядагы Nihon Hidankyo уюмунун баш катчысы. Бул уюм Нобелдин Тынчтык сыйлыгына татыктуу болду.
Өзөктүк апаатты баштан кечирген, 82 жаштагы Кидо Суэчи Жапониядагы Nihon Hidankyo уюмунун баш катчысы. Бул уюм Нобелдин Тынчтык сыйлыгына татыктуу болду.

11-октябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Ооруканага түшкөн эки адамдын абалы оор экени айтылды

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы 10-октябрда Бишкекте бокс боюнча машыгуу залында ок атуудан жаракат алып ооруканага түшкөн эки бейтаптын абалы оор экенин айтты. Аларга ок чыгарып, өзүнө да ок тийип каза болгон бокс боюнча калыс Мукаш Ырсалиев 4-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун токтому менен эч жакка чыкпоо тил каты аркылуу тергөө абагынан бошотулганы белгилүү болду. Расмий маалыматка ылайык, Мукаш Ырсалиев менен Жылдызбек Ниязалиевдин ортосунда акчага байланыштуу пикир келишпестиктер болгон. Мукаш Ырсалиев 10-октябрда бокс залына барып өзүнө катталган “Сайга” мергенчилик мылтыгы менен Жылдызбек Ниязалиевге ок чыгарганы аныкталган. Мукаш Ырсалиев андан кийин ошол жерде турган С.Э. аттуу адамды бутка аткан. Экөө кармаша кетип, Мукаш Ырсалиевдин башына кокустан ок атылып, ал ошол жерден каза болгон.

Жогорку соттун төрагасы кызматынан бошотулду

Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Замирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагасы кызматынан өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Замирбек Базарбеков кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы 9-октябрда белгилүү болгон. Ушул эле күнү Судьялар кеңеши анын арызын канаттандырып, Жогорку соттун төрагасы кызматынан бошотуу жана судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунушту Садыр Жапаровго жөнөткөн. Жогорку Кеңеш 10-октябрда Замирбек Базарбековду кызматынан бошотууну колдогон. Бул кызматка ким көрсөтүлөрү азырынча белгисиз. 67 жаштагы Замирбек Базарбеков 2022-жылы февраль айында Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалган.

Машинени сатканда анын ээси же кардар гана ОСАГО полисин алат

Кыргызстанда автоунаанын ээси алмашканда анын жаңы ээси машиненин камсыздандыруу тууралуу документин - ОСАГО полисин өзүнө каттатып алууга уруксат берилди. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтомуна өзгөртүү киргизилди. Кыргызстанда 1-сентябрдан баштап автоунааны кайра каттоо жана мамлекеттик белгилерин калыбына келтирүүдө жарандардан ОСАГО полиси милдеттүү түрдө талап кылына баштаган. Ага ылайык, автоунааны сатып алып жаткан жана анын ээси да ОСАГО полисин алууга милдеттүү болчу. Башкача айтканда бир машинеге эки жолу ОСАГО полиси алынып жаткан. Айдоочулар буга нааразылыгын билдиришкен.

Кыргызстанда психикалык саламаттыгы жабыркагандар калктын 11% түзөт

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) эсебинде Кыргызстанда калктын 11% психикалык жактан жабыркайт. Бул тууралуу 11-октябрда ДСУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен Саламаттык сактоо министрлигинин өлкөдөгү психикалык ден соолукка байланыштуу маселе талкууланган жыйынында айтылды. ДСУ өлкөдө өспүрүмдөрдүн дээрлик үчтөн бири шылдыңдоого кабыларын, бул алардын физикалык жана психикалык саламаттыгына терс таасирин тийгизип, билимге болгон кызыгуусунун төмөндөшүнө, стресске алып келерин билдирди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израилге "карапайым тургундардын өмүрүн сактап калуу" маанилүү экенин эскертти

Блинкен Вашингтон Жакынкы Чыгышта кеңири масштабдагы согуштун тутанышын алдын алуу үчүн баардык аракеттерди көрүп жатканын билдирди. Ал ошондой эле Лаосто Чыгыш Азия мамлекеттеринин жыйынан кийин өткөрүлгөн маалымат жыйында Израилди Ливандагы карапайым тургундарды коргоого чакырды. Ал мындай билдирүүнү Израил армиясынын Бейрутка жасаган соккусунан кийин жасады. 10-октябрдын кечиндеги аба чабуулда Ливандын баш калаасында эки имарат кыйрап, 22 кишинин өмүрү кыйылган. Ливандагы булактар билдиргендей, "Хезболланын" (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) жогорку даражалуу ишмерлеринин бири бутага алынган. Бул уюмга караштуу Al-Manar TV телеканалы Вафик Сафаны жок кылуу аракети ишке ашпай калганын кабарлады. Сафа "Хезболланын" байланыш жана координация бөлүмүн жетектечү.

АКШнын Флорида штатын каптаган "Милтон" бороону 10дон көп кишинин өмүрүн алды

Флориданын губернатору Рон Десантис издөө иштеринин натыйжасында миңдей киши аман-эсен куткарылганын, 3 миллиондой турак жай электр жарыксыз калганды кабарлады. Жергиликтүү бийлик бороон келтирген зыяндын материалдык чыгымын эсептеп, жарыялай элек. Анткен менен аналитиктердин баамында, бул сан миллиарддаган долларлады түзүшү мүмкүн. "Милтон" жээкке жеткиче эле штатты 20га чукул торнадо каптап, жүздөн көп үй кыйрап, эки киши каза болгону кабарланган. Калкы 7,5 миллионго жеткен Флориданын бийлиги 5 миллиондой кишини коопсуз жактарга чыгып кетүүгө чакырган. Ошентип кооптуу аймактардан 2 миллиондон ашуун адам чыгарылып, бул штаттын тарыхындагы эң ири эвакуация болуп калды. Эки апта мурда ушул эле аймактарды "Хелен" бороону каптаган. Ал жалпы 270тей адамдын өмүрүн алган. "Милтон" – жыл башынан бери Флориданы каптаган үчүнчү бороон.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Ирандын лидери Масуд Пезешкиан Ашхабадда жолукту

Эл аралык форумга жалпы 10дой мамлекеттин лидери чогулду. Алардын арасында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана башка Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчылары бар. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Путин менен Пезешкиандын жолугушуусунун алдында эки лидер эки тараптуу алкаларды талкуулаша турганын, "Жакынкы Чыгыштагы кырдаал, албетте четке кагылбай, күн тартибинде болорун" билдирген. Бул Пезешкиан 30-июлда президенттик кызматка киришкени Путин менен болгон алгачкы жолугушуусу. Эки лидер 22-24-октябрда Казан шаарында өтө турган БРИКС уюмунун саммитинде да жолугары күтүлүп жатат. Москва менен Тегерандын алакасы Орусия Украинага 2022-жылдын февраль айында согуш ачкандан бери бекемделди.

Пакистанда куралдуу жоочулардын кол салуусунан 20дан ашуун шахтачы мүрт кетти

Пакистан полициясы билдиргендей, окуя өлкөнүн түштүк-чыгышында жайгашкан Белужистан провинциясынын Дуки районундагы көмүр шахтасында болгон. Кол салгандар гранатометторду да колдонушкан. Кандуу кол салуу үчүн бир да топ жоопкерчиликти өз мойнуна ала элек. Дуки райондук ооруканасына жараат алган жети адам кайрылды. Кен байлыктарына бай Белужистанда жыл башынан бери бир нече жолу куралдуу топтордун чабуулдары катталган. АКШда террордук деп таанылган "Белужистанды куткаруу армиясы" сыяктуу жергиликтүү жикчил топтор расмий Исламабадга каршы күрөш жүргүзүп келишет.

Нобелдин Тынчтык сыйлыгы жапониялык Nihon Hidankyo уюмуна "өзөктүк куралсыз дүйнөгө жетүүгө багытталган тынымсыз аракеттери үчүн" ыйгарылды

Нобел комитетинин төрагасы Ватне Фрюднес мындай чечим өзөктүк курал колдонуу боюнча соңку кездери өзгөчө Орусия тараптан жаңырып жаткан ар кандай коркутууларга байланыштуу болгонун баса белгиледи. Nihon Hidankyo уюму 1956-жылы Хиросима менен Нагаскидеги атомдук бомба жарылгандагы апаатта жабыркагандардын башын бириктирүү үчүн негизделген. Анын мүчөлөрү өзөктүк курал колдонулса анын гуманитардык кесепеттери канчалык эбегейсиз болорун элге түшүндүрүү менен алектенишет. 2024-жылы Нобелдин Тынчтык сыйлыгына 286 талапкер көрсөтүлгөн. Анын 197cи жеке адамдар, 89у уюмдар болчу.

XS
SM
MD
LG