Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:17

Өкмөт Өзбекстанга берилген пансионаттар боюнча түшүндүрмө таратты


Өзбекстанга башкарууга берилген пансионаттардын бири. Архив сүрөт.
Өзбекстанга башкарууга берилген пансионаттардын бири. Архив сүрөт.

Министрлер кабинети Өзбекстанга берилген Ысык-Көлдөгү пансионаттар жөнүндө түшүндүрмө таратты. Анда өкмөт Өзбекстан пансионаттарды реконструкциялоо менен инвестициялык кызматташууну жогорулатып, ири инфраструктуралык долбоорлор үчүн шарт түзүлөрүн белгилеген.

Маалыматта 1959-1967-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Совети Ысык-Көлдө пансионат куруу үчүн Өзбекстанга жер бөлүп бергени, коңшу өлкө ал обьектилерди 2016-жылга чейин башкарып, андан кийин Кыргызстан пансионаттарды өзүнө өткөрүп алганы жазылган.

Өзбекстан кетирген чыгымын толтуруу үчүн эл аралык арбитражга кайрылып, 2023-жылы Кыргызстан 40 млн доллардай каражат төлөп берүү чечими кабыл алынган.

“Бирок эки мамлекеттин башчыларынын саясий эркинин аркасында арбитраждык маселени тынчтык жолу менен чечүү тууралуу макулдашууга жетишилди. Жыйынтыгында 2023-2024-жылдары Өзбекстанга пансионаттар берилген келишимдерге кол коюлган. Ал эми жер тилкелери, ошондой эле пляж аймагы 49 жылга ижарага берилген. Өзбекстандык инвесторлор "Дилором" жана "Рохат НБУ" пансионаттарын реконструкциялоого 5 млн АКШ долларынан ашык каражат жумшашкан”, - деп айтылат маалыматта.

Ушул күндөрү социалдык тармактарда Өзбекстанга өткөн пансионаттар жөнүндө ар кандай талкуулар кайра жанданды.

2023-жыл 18-августта президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга башкарууга берилишине байланыштуу комментарий берген. Анда бул жайлардан улам кыргыз тарап Ташкент менен соттошконун айтып, убагында пансионаттарды Кыргызстанга кайтарган 2016-жылдагы премьер-министр Темир Сариевди "популисттик" кылган деп айыптаган.

Президент бул пансионаттарды сатыкка чыгарганда аларман чыкпастыгын, узак мөөнөткө пайдаланууга берилгени ыңгайлуу болорун айткан.

Ага чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги өзбекстандык компанияларга башкарууга берилген пансионаттар тууралуу түшүндүрмө таратып, "Дилором", "Золотые пески", "Рохат" жана "Бустон" пансионаттары 49 жылга пайдаланууга, ал эми жери ижара шартында берилерин билдирген.

2016-жылы кыргыз өкмөтү совет доорунда Ысык-Көлдө Өзбекстан пайдаланып келген төрт пансионатты менчиктештирүү боюнча токтом чыгарган. Эс алуу жайларынын аталыштары кыргызчаланып, "Рохат" - "Алтын жай", "Дилором" - "Эне-Сай", "Золотые пески" - "Бостери" деп өзгөргөн. Ал эми "Бустон" пансионатынын аталышы ошол бойдон калган. (TSh)

XS
SM
MD
LG