Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Украинанын Угледарды алдырышы согуш нугун өзгөртөбү?


Ukraine Russia War
Ukraine Russia War

Орусиянын армиясы Украинанын аймактарын абадан аткылоону улантууда. НАТОнун жаңы башчысы Марк Рютте Киевге күтүүсүздөн барды. Аскердик аналитиктер Угледарды басып алгандан кийин орусиялык күчтөр чабуулун улантып, алдыга баратканын маалымдашты.

Угледардын орусиялык армиянын көзөмөлүнө өтүшү эмнени билдирет? Согуштун нугуна кандай таасирин тийгизет?

Марк Рюттенин Киевге күтүүсүз сапары

НАТОнун жаңы баш катчысы Марк Рютте 3-октябрда Киевге барды. Нидерланддын мурдагы өкмөт башчысы аскердик альянстын башчылыгына киришкенине эки гана күн болду.

Ал украин президенти Владимир Зеленскийге жолугуп, фронттогу кырдаалды, курал-жабдык маселесин,"жеңиш планын" талкуулады. Жолугушуу соңунда уюштурулган маалымат жыйында Зеленский НАТО украин асманын коргоо боюнча позициясын өзгөртүп, ракета жана дрондорду атып түшүрүүгө көмөктөшөт деген үмүт менен бөлүштү.

Мисал катары ал Ирандын жакында эле Израилге жасаган ракеталык чабуулун келтирди. Анда Тегерандын 180дей ракетасынын дээрлик баары абадан атып түшүрүлгөн. Буга Израилге Кошмо Штаттар жана Британия да жардамдашканы маалым болгон.

Рютте буга комментарий берген жок. Ал Батыштын курал-жабдыгы менен Орусиянын аймагына сокку уруу тууралуу Киевдин өтүнүчү боюнча суроого жооп берип жатып, маселе 12-октябрда өтө турган "Рамштайн" форматындагы жыйында АКШ президенти Жо Байден менен талкууланарын билдирди.

"Орусия бул мыйзамсыз согушту жүргүзүп жатат. Орусиялык аскердик учактарын жана ракеталарын алар жарандык жайларга сокку ургуча жок кылуу, канчалаган өмүрлөрдү сактап калууну билдирет. Украина "кызыл чийинден" өткөн жок, согушту баштаган Орусия өттү", - деди Рютте.

Ал Киев НАТОго кошулууга качан расмий чакыруу алат деген суроого да түз жооп бербеди. Ошол эле маалда Рютте Украина азыр НАТОго абдан жакындаганын жана анын альянска кошулуу багыты артка кайтарылгыс экенин кошумчалады.

НАТОнун баш катчысы Марк Рютте жана Украианын президенти Владимир Зеленский. 3-октябрь, 2024-жыл.
НАТОнун баш катчысы Марк Рютте жана Украианын президенти Владимир Зеленский. 3-октябрь, 2024-жыл.

Ушул эле жыйында Зеленский украин аскерлеринин Угледардан чегиниши тууралуу комментарий берди.

Ал бул чечимди аскерлердин өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк берген туура кадам катары мүнөздөдү.

"Алар биздин аскерлердин турумдарын жок кылып жаткан маалда өмүрүлөрүн сактап калуу керек. Алардын өмүрү турак жайларга караганда маанилүү. Анткени аскерлер биздин, Украинанын жарандары. Чегингени туура эле", - деди Зеленский.

Угледар согуштун нугуна кандай таасир тийгизет?

Орусиялык күчтөр бул калааны басып алуу үчүн эки жылдай тынымсыз күрөштү. Бир нече жолку чабуулунда чоң жоготууга учурады. 2023-жылдын башында орус армиясы Угледарды курчоого алууга аракет көргөндө украин күчтөрү чопкутталган автоунаанын кыркалекей колоннасын жок кылган.

"Узакка созулган кармаштарда чоң жоготууларга учураганына карабастан, душман Угледарды басып алуу максатынан кайткан жок. Кандай болсо да бул шаарды өз карамагына алуу үчүн резервдик күчтөрдү чабуулга салып, украин аскерлеринин айласын кетирди. Мындан улам биздин армияга курчоодо калуу коркунучу жаралды", - деп түшүндүрдү украин армиясынын Чыгыш командачылыгынын өкүлү Назар Волошин.

Бул калааны эки жылдан бери украин армиясынын 72-бригадасы коргоп жатты. Жарым-жартылай курчалган шаарда жоокерлер акыркы сааттарга чейин болушту.

Бригаданын командирлеринин бири Андрей Назаренко "Настоящее время" телеканалына курган маегинде соңку айлардагы кырдаал тууралуу айтып берди.

"Душман алты айдан бери бул багытта тынымсыз чабуул коюп жатты. Алардын аскерлери улам алмашып, биринин ордуна эс алган, даярдыктан өткөндөр келип, жаңыланып турушту. Ошондуктан алардын потенциалы күчтүүрөөк болду".

Украин армиясы үчүн Угледарды карамагында кармап туруу стратегиялык мааниге ээ эле. Шаар дөңсөөдө жайгашып, орус күчтөрүнүн турумдарын көзөмөлдөп турууга жакшы шарт түзчү. Андан тышкары бул жакта темир жолдун маанилүү бөлүгү жайгашкан.

"Угледарды жоготуу - Орусиянын оккупациялык аскерлеринин “Днепр” жана “Чыгыш” деп аталган топтору үчүн Волноваха аркылуу темир жол каттамдарын жандантуу, логистикалык артиллерияарды көбөйтүү болуп саналат. Алардын Керч көпүрөсү, Мариупол аркылуу темир жол каттамы бар, эми Волноваха аркылуу ачылды. Ошондуктан олуттуу эле маселе", - дейт украиналык аскердик аналитик Александр Коваленко.

Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Согушту иликтөө институту Угледарды алгандан кийин орус армиясы алдыга карай жылып, чабуулдарын улантып жатканын жазды.

Аналитиктер маалымдагандай, орус күчтөрү Угледардын түндүк-батышындагы Константиновка, Катериновка жана Богоявленка шаарларына чабуулун күчөттү.

"Бир жолку жеңилүү согуштан жеңилүү дегенди билдирбейт. Украинанын ичинде Орусиянын бастырып кирүүсүн токтотуп, аларга каршы күрөшүүгө чечкиндүүлүк жетиштүү", - дейт Chatam House аналитикалык борборунун өкүлү Орисия Луцевич.

Согушка чейин Угледарда расмий маалыматка ылайык, 14 миңдей киши жашачу. Шахта, мектеп, дүкөндөр иштейт эле. Орус армиясынын тынымсыз аткылоосунан кийин бүтүн имарат калбады.

Орус күчтөрүнүн аба соккусу тийген Харьковдогу беш кабат үй. 3-октябрь, 2024-жыл.
Орус күчтөрүнүн аба соккусу тийген Харьковдогу беш кабат үй. 3-октябрь, 2024-жыл.

Орусиянын армиясынын соңку чабуулу

Ал тапта орус армиясы украинанын аймактарын абадан аткылоону улантып жатат. Соккулардын бири Харьковдогу жай тургундар жашаган беш кабаттуу үйгө тийди. Жергиликтүү бийлик чабуул башкаруучу авиабомба менен жасалганын билдирди.

Жалпысынан, украин армиясы тараткан расмий маалыматка караганда, 3-октябрда 15 облуска аба соккусу урулду. Баш калаа Киевде алты саат бою тынбай сирена жаңырды.

Ал арада Орусиянын Белгород, Воронеж облустары дрон чабуулуна кабылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты. Соңку бир суткада Белгород облусунда төрт киши набыт болуп, 20дан көбү жараат алганы маалым болду.

Соккулар үчүн Москва менен Киев бири-бирин күнөөлөшөт. Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG