Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:21

Бустондо кыргыз-тажик чек ара маселеси талкууланды


Министрлер кабинети тараткан сүрөт.
Министрлер кабинети тараткан сүрөт.

Согд облусундагы Бустон шаарында Кыргызстандын жана Тажикстандын атайын кызматтарынын төрагалары - кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк делегациялардын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушту. Бул тууралуу маалымат 1-октябрда Кыргызстандын Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.

Жолугушууда тараптар кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо маселелерин талкуулаганы жана бул боюнча өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторуна эки мамлекеттин чек ара сызыгын мындан ары тактоону улантуу жагынан конкреттүү тапшырмалар берилгени жазылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу 11-17-сентябрь күндөрү Баткен шаарында өткөн.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо иши жыйынтыктоочу баскычка келгенин өкмөттүн 19-августтагы кеңешмесинде билдирген. Мунун алдында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында эки өлкөнүн жарандары өткөн эки-үч транзиттик тилке боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын 5-августтагы маалымат жыйында айткан. Министр кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки-үч айда жыйынтык болорун белгилеген.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. 2022-жылы президенттер жолукканда мунун 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганын жарыялашкан.

Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатак чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон. (TAb)

XS
SM
MD
LG