Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:37

Украина төрт облусу дрон чабуулуна кабылганын билдирди


Запорожье. 2024-жылдын 29-сентябры.
Запорожье. 2024-жылдын 29-сентябры.

Украина 29-сентябрда Орусиянын чабуулдарынан бир нече аймакта жыйырма чакты жайкын тургуну жараат алганын, соккулар учкучсуз учактар менен жасалганын билдирди. Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн расмий маалыматына караганда, украин аскерлери кеминде төрт облуста Орусия учурган 22 согуштук дрондун 15ин атып түшүрүүгө үлгүрүштү.

Запорожье облусунун аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров дарыгерлерге жардам сурап 16 киши кайрылганын, алардын тогузу аялдар, бири 17 жаштагы жигит жана дагы бири сегиз жаштагы кыз экенин айтты.

Украинанын Башкы штабы соңку суткада фронтто болгон 165 кагылышуунун төрттөн бири чыгыштагы Донецк облусунда, Орусиянын чабуулдары токтобой жаткан стратегиялык шаар Покровск тилкесинде катталганын билдирди.

28-сентябрда Харьковдо орус аскерлеринин аба соккуларынан чек арадагы Сумы аймагында оорукана талкаланып, кеминде тогуз киши каза болгон, 12 киши жараат алган. Ошол эле күнү гуманитардык жүк таратып жүргөн машиналардын бири бутага алынып, ичиндеги айдоочусу каза тапкан, үч жүргүнчүсү оор жараат алган. «Азаттыктын» украин кызматы 29-сентябрда билдиргендей, мерт кеткен киши Украинанын Жогорку сотунун судьясы, 61 жаштагы Леонид Лобойко экени аныкталды.

Өлкө президенти Владимир Зеленский 28-сентябрда Fox News телеканалына курган маегинде мурдагы президент Дональд Трамп менен жолугушууда ал эгер шайлоодо утса Киевге жардамын убада кылганын айтты. 27-сентябрда Нью-Йоркто өткөн жолугушуусу тууралуу украин президенти "Шайлоодон кийин эмне болорун жана ким президент болорун билбейм... Бирок мен Дональд Трамптан анын биз тарапта болору, Украинаны колдой турганы тууралуу так маалымат алдым", — деп айтты.

Орусиянын 29-сентябрдагы расмий маалыматында бир күндө Украина учурган 125 согуштук дрон атып түшүрүлгөнү, чек арадагы Шебекино шаарында бир адам каза болгону айтылды. Жергиликтүү Телеграм каналдар бул жолу дрон чабуулуна эң көп Волгоград облусу кабылганын жазып жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG