Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:16

Нью-Йорк мэри мыйзамсыз иштерге шектелип жатканы кабарланды


Эрик Адамс.
Эрик Адамс.

АКШда Нью-Йорктун мэри Эрик Адамс мыйзамсыз иштерге шектелип жатканы 25-сентябрда белгилүү болду. Буга чейин шаардын тарыхында кызматтагы мэр кылмышка айыпталган окуя болгон эмес.

Расмий маалымат жарыялана элек. Бирок Нью-Йорктун федералдык прокуратурасы соңку бир жылдан бери мэрдин жакын кеңешчилеринин жана жардамчыларынын айрымдары, анын арасында коопсуздук маселелери боюнча орун басарына карата иликтөө жүргүзүп келе жатканы белгилүү.

Бир жыл мурда FBI (Федералдык иликтөөлөр бюросу) агенттери Адамстын смартфону менен планшетин конфискация кылышканы маалымдалган. Шаардын басылмалары жазып жаткандай, прокуратура ал 2021-жылы Нью-Йорктун мэри кызматына талапкер болуп турган кезде шайлоо өнөктүгүн кайсы булактардан каржылаганына кызыгып жатат.

АКШдагы бул ири шаардын тарыхындагы экинчи афроамерикалык мэр Адамс мурда полицияда иштеген, мэрликке кылмыштарды азайтуу жана калааны башкаруудагы кесипкөйлүктү жакшыртуу ураан-убадалары менен шайланган.

25-сентябрдагы видеокайрылуусунда ал кандай гана айып тагылбасын, баары тең жалган болуп чыгарын, азыркы кырдаал шаар тургундарынын таламын талашып иштегени үчүн түзүлгөнүн айтты жана кызматынан кетүү ниети жоктугун ишарат кылды. (RK)

XS
SM
MD
LG