Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:31

Акыйкатчы пикир үчүн айып салган мыйзамды сынга алды


"Азаттыктын" коллажы
"Азаттыктын" коллажы

27-сентябрда Кыргызстандагы медиа аракеттенүү платформасы “Укук бузуулар Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбооруна байланыштуу талкуу өткөрдү.

Тегерек үстөлдүн көпчүлүк катышуучулары бул мыйзам долбоору Кыргызстандын Конституциясына, өлкөбүз мүчө болгон эл аралык келишимдерге да каршы келет деп белгилеп, аягында Министрлер кабинетин аталган мыйзам долбоорун артка чакыртып алууга үндөгөн резолюция кабыл алышты.

"Эркин ЖМКларга каршы мыйзам"

Интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун талдап чыккан журналист Семетей Аманбеков бул көз карандысыз маалымат каражаттарына, эркин журналисттерге каршы иштеген гана мыйзам болот деген пикирде:

"Үч-төрт жыл мурун кабыл алынган Гүлшат Асылбаеванын фейк маалыматтар тууралуу мыйзамы жалаң көз карандысыз маалымат каражаттарына каршы иштеди. "Азаттык", 24 kg убактылуу сайттары иштебей, бөгөттөлдү. "Клооп Медиа" жабылды. Мыйзам кабыл алынгандан бери бир да фейк маалымат расмий жокко чыгарылган жок, интернетте фейк-аккаунттар жайнап кетти, бирөө да жабылбады".

Семетей Аманбеков.
Семетей Аманбеков.

Семетей Аманбек уулу бул мыйзам долбоору Кыргызстандын Баш мыйзамына, адам укугу, сөз эркиндиги жаатында өлкө кошулган эл аралык документтерге да каршы келет деп белгиледи:

"Баш мыйзамдын 10-беренесине жана 24-беренесине каршы келет. 10-беренеде "цензура болбойт" деп турса, 24-беренеде сөз эркиндиги улуттук коопсуздукка жана коомдук тартипке шек келтирсе чектелет" деп жазылып турат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мыйзам долбоорун негиздегенде "маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жана жарандарга туура маалыматтарды берүүнү көздөйт" деп айтып жатат. Ар кайсы бийлик сындан өтүшү керек. Сындын артынан чара көрүшү керек. Көйгөйдү көтөрүп, айтып чыккан адам же журналисттер күнөөлүү болбошу керек. Бул ошол көйгөйдү чечүү керек деген сигнал. Маселени чечүүнүн ордуна аны айтып чыккан адамдарды, жарандарды четинен жоопко тарта берсе, аягы жакшы болбосун тарыхтагы окуялар аныктап турат. Тескерисинче, диалогго келип, "сиздер бизге кемчиликтерди айтып туруңуздар, биз аны оңдойлу" деп, чогуу-чаран иштеши керек. Ал эми кастыкты козутуп, туура эмес маалыматтарды берип, башаламандыктарга чакыргандарга мыйзам чегинде чара көрүү үчүн мыйзамдар жетиштүү".

"Маданият министрлиги укук коргоочу орган эмес"

“Укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору же талкуулоого арналган иш-чарага эл аралык уюмдардын, айрым элчиликтердин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, журналисттер катышты.

Сөз алып сүйлөгөндөрдүн басымдуу бөлүгү мыйзам долбоорун сөз эркиндигине каршы келет деп сындашты.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева да Министрлер кабинети демилгелеп, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ишке ашырат делген мыйзам долбоорунда мүчүлүштүктөр көптүгүн белгилеп, мыйзамды артка чакыртып алууну сунуштады:

Жамиля Жаманбаева, Акыйкатчы. Бишкек. 27-сентябрь, 2024-жыл.
Жамиля Жаманбаева, Акыйкатчы. Бишкек. 27-сентябрь, 2024-жыл.

"Биз демилгечилерди мыйзам долбоорун кайтарып алууга чакырып жатабыз. Анткени ошол эле "Укук бузуулар кодексинин" 31-беренесине ылайык, жеке жактарга салынуучу айып пулдун өлчөмү 200 эсептик көрсөткүчтөн ашпашы керек. Ал эми юридикалык тараптарга салынуучу айып пулдун өлчөмү 650 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш. Бул мыйзам долбоорунда жеке жактарга салынуучу айып пул 1000 эсептик, ал эми юридикалык тараптарга 2000 эсептик көрсөткүч деп көрсөтүлгөн. Экинчиден, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Министрлер кабинетинин тутумуна кирет, аткаруу бийлигинин мүчөсү. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорун ишке ашыруу же аткаруу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин функциясына табиятына туура келбейт. Акыйкатчы институту укук бузуу маселеси сот тарабынан гана каралышы керек деп эсептейт".

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева журналисттин суроосуна жооп берип жатып, ушул учурга чейин жалган маалымат же ушактан жабыркап, сот органдарынын аракетсиздигине даттанган жарандар болбогонун кошумчалады.

Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун Министрлер кабинети сунуштап, 27-августта коомдук талкууга коюлган. 17-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация жана архитектура боюнча комитетинде каралып, 1-окуудан өткөн. Эми дагы төрт комитетте каралышы керек.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Юстиция министрлиги иштеп чыккан мыйзам долбоору кабыл алынса, жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта, сайттын баракчасында социалдык тармактарды колдонуу менен жалган маалыматтарды таратууга тыюу салынат.

Жалган кабарларды же пост, комментарийлерди жазган колдонуучулар 100 миң сом, андай маалымат чыгарган медиалар 200 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилет. Демилгечилер Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүүгө маалымат каражаттары жана интернет-ресурстар аркылуу мазактоо жана кемсинтүү учурлары көбөйгөнү себеп болгонун айтып келишет.

"Мыйзамдын демилгечиси - президенттик администрация"

27-сентябрда уюштурулган жыйынга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Салкын Сарногоева да катышып, мыйзам долбоорун өзгөртүү максаты менен дагы бир жолу тааныштырды.

Ал Кыргызстан эгемендик алгандан берки убакта жалган маалыматтардан, жалаа жана ушактан коргоо боюнча мыйзамдарды санап өтүп, сунушталып жаткан долбоордун артыкчылыгы - жарандар соттошууга коротулуучу каржыдан жана убакыттан утушат деди.

Салкын Сарногоева. Бишкек. 27-сентябрь, 2024-жыл.
Салкын Сарногоева. Бишкек. 27-сентябрь, 2024-жыл.

"Мыйзам долбоору жарандардын так, туура маалымат алуусун жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоого багытталган. Маалымат тармагындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан жабырлануучунун арызынын негизинде иш козголот. Жоопкерчилик чаралары да ошол эле ыйгарым укуктуу орган тарабынан Юстиция министрлигинин алдындагы соттук экспертизанын жыйынтыгына жараша көрүлөт. Ошондой эле жарандардын кызыкчылыгы мамлекет тарабынан корголот, анткени сотко кайрылган учурда көп каражат жана убакыт талап кылынат".

Салкын Сарногоеванын маалыматына караганда, Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунун демилгечиси - президенттик администрация. Маалымат тармагындагы ыйгарым укуктуу орган катары аны коомдук талкууга чыгарып, жарыялоо министрликке жүктөлгөн.

Кыргызстанда 2021-жылы “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзам боюнча ЖМКга чыккан кайсы бир маалымат боюнча арыз түшсө, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги соттун чечими жок эле ЖМКнын ишин эки айга токтотуп, сайтын бөгөттөп коё алат.


Кыргызстан Freedom House, Human Rights Watch (HRW) сыяктуу бир катар эл аралык уюмдардын акыркы баяндамасында төртүнчү жылы катары менен “эркин эмес” мамлекет деп аталды. Буга өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгону негиз кылынган.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет.


26-сентябрда прокуратура Бишкектин Ленин райондук сотунда иши каралып жаткан иликтөөчү 11 журналисттин ар бирин алты жылдан эркиндигинен ажыратууну соттон сурады. 16-январда кармалып, камалып, "Массалык башаламандыктарды уюштуруу" беренеси менен айыпталып жаткан 11 журналисттин төртөө учурда тергөө абагында. Калгандары түрдүү себептер менен үй камагына чыгышкан.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG