Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:28

ЖАК: Абакта отургандар уюлдук телефон колдонгон учурлар толук жоюла элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Юстиция министрлигине карашты Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары Кемел Садыков абактарда уюлдук телефондорду колдонууга каршы күрөш болуп жатканын, бирок маселе дагы деле бар экенин билдирди.

Бул тууралуу ал 24-сентябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында айтты.

“Бул биз үчүн көйгөй жана мекеменин кадыр-баркына шек келтирет. Бирок биз муну менен күрөшүп жатабыз. Убакыт берсеңиздер бул көрүнүштү азайтып, акырындан жок кылабыз”, - деди ал.

Кыргызстанда жабык жайларда уюлдук телефондорду колдонууга тыюу салынган. Бирок ага карабай жазасын өтөп жаткандар телефон колдонгон окуялар көп катталат.

Асел Ногойбаевага зомбулук көрсөткөн мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесов быйыл июль айында абактан уюлдук телефондон коркутуп кат жазып жатканы белгилүү болгон. Бул окуяга байланыштуу Жаза аткаруу кызматына караштуу №3 абактын үч кызматкери дисциплинардык жазага тартылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG