Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:09

Ооганстанда куралдуу кол салуудан 14 кишинин өмүрү кыйылды


Ооганстанда хазарлар азчылыгынын өкүлдөрү буга чейин да түрдүүу чабуулдарга кабылып келген. Кабул. Архивдик сүрөт.
Ооганстанда хазарлар азчылыгынын өкүлдөрү буга чейин да түрдүүу чабуулдарга кабылып келген. Кабул. Архивдик сүрөт.

Ооганстанда кеминде 14 кишинин өмүрүн алган куралдуу кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун аймактык бөлүмү алганын 13-сентябрда “Азади” радиосу билдирди.

Шии зыяратчыларына каршы чабуул 12-сентябрда Ооганстандын борбордук бөлүгүндө жасалган. Өзүн «Ислам мамлекети Хорасан» деп атап алган, сунни багытын карманган топ каза болгон зыяратчылардын сүрөтүн жарыялаган.

Кол салуу болгон аймактын жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар билдиргендей, Ирактын шиилер үчүн ыйык деп эсептелген Кербела шаарынан зыяраттан кайтып келаткандарды тосуп алыш үчүн Фирузкух шаарына чогулгандарды мотоцикл айдаган куралчан төрт киши аткылады, натыйжада 14 кишинин өмүрү кыйылды.

Ооганстандын “Талибан” башкарып турган өкмөтүнүн Ички иштер министрлигинин өкүлү Абдул Матин Кани окуя Дайкунди провинциясында болгонун тастыктап, кошумча маалымат берилерин айтты.

«Ислам мамлекети Хорасан» Ооганстанда 2014-жылы негизделген, анын максаты – жалпы Түштүк жана Борбор Азиядагы таасирди күчөтүү.

«Азади» радиосу белгилегендей, Ооганстанда бийликке талибдер кайтып келген 2021-жылдан бери аталган топ көптөгөн чабуулдарды жасады. Негизинен ал «Талибандын» жогорку кызматтагы адамдарын, чет элдиктерди жана хазарлардын шии коомчулугунун өкүлдөрүн бутага алууда. (RK)

XS
SM
MD
LG