12-сентябрда Сербияда кытайлык жарандар аралашкан сексуалдык кулчулук тууралуу алгачкы документтештирилген иш боюнча териштирүү башталды.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун колуна тийген айыптоо корутундусуна ылайык, эки аял Кытайдан Сербияга сексуалдык кулчулукка сатылып кеткен. Сербияга жеткенде паспортторун тартып алышып, күнүнө бир жолу гана тамак берип, "өлтүрөбүз" деп коркутуп, сексуалдык кызмат көрсөтүүгө мажбурлашкан.
Документте белгиленгендей, аялдарга өзүлөрүнүн эле мекендеши Сербияда укалоочунун (массажист) ишин таап берүүнү убада кылган. Ал ошондой эле тамак-аш, турак жай менен камсыздоого да убада берген. Балкан мамлекетине жетери менен аялдарды коркутуп, эркектерге кызмат көрсөтүүгө мажбурлаган. Ал кытай киши ошондой эле “колунан баары келерин, алардын жигин билгизбей жок кылып салууга да чама-чаркы жетерин” эскерткен.
“Аялдар келгенден бир нече саат өтпөй ал Сербиядагы кытай эркектерин тейлөөгө буйрук берген. Ал ошондой эле “билет үчүн карызды төлөөгө жана ишке уруксат алуу документи үчүн акча таап алуу керектигин” кошумчалаганы" айыптоо корутундусунда жазылат.
Тек-жайы азырынча белгисиз кытайлык жаранды быйыл март айында серб полициясы өлкө чыгышындагы Бор шаарында кармап камаган. Ал эми коңшу Заечар шаарындагы сот ага адам аткезчилигине байланыштуу айыптарды таккан.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун журналисттеринин колуна тийген айыптоо корутундусунун көп бөлүгү, анын ичинде иштин чоо-жайы жана аялдардын кыйноого кабылганы жашыруун бойдон калган.
Бул сот иши Бээжин менен Белграддын ортосундагы достук алакаларына сыноо болчудай таризде.
Кытай соңку жылдары Сербиянын ири инвестору жана соода өнөктөшүнө айланган. Эки өлкөнүн жарандары бири-бирине визасыз каттайт.
“Дипломатиялык алакалардын сезимталдыгы көп учурда, өзгөчө кытайлык жарандарга же команияларына тийиштүү иликтөөлөргө келгенде [серб] бийлигин этият болууга аргасыз кылат. Бул Сербия менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык байланыштарды коркунучка кептеши мүмкүн деген кооптонуудан улам серб бийлиги жана мекемелери анча чечкиндүү боло албашы ыктымал”, - дейт "Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилге" деген швейцариялык аналитикалык борбордун улук аналитиги Саша Жоржевич.
Адам сатуунун курмандыктарын коргоо борбору эки аялды аткезчиликке кабылган деп расмий тааныган. Бул мамлекеттик уюм мындай жабырлануучуларга колдоо көрсөтөт.
Аталган борбор “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдиргендей, бул 2015-жылдан бери Кытай жарандары аралашкан Сербиядагы алгачкы кылмыш иши.
Уюмдун статистикасына ылайык, 2024-жылы Сербияда адам аткезчилигинин 35 курмандыгы катталган.
Кытай аялдарын Сербияга сатып жиберген учурлар боюнча АКШнын Мамлекеттик департаментинин 2024-жылкы адам аткезчилиги тууралуу баяндамасында дагы белгиленет.
Анда “адам аткезчилиги менен алектенгендер [Кытай Элдик Республикасынан] аялдарды сексуалдык эксплуатациялоо максатында, биринчи кезекте Кытай каржылаган, анын ичинде жез кендеринде иштеген жумушчуларга коммерциялык сексуалдык тейлөө көрсөтүү үчүн сатып жиберген” деп жазылат.
Айыптоо корутундусунда тоо-кен өндүрүшү менен байланыш тууралуу эч кандай билдирүү жок.
Адам сатууга айыпталган кытайлык киши камалган Бор шаары жана анын жака белиндеги Майданпек калаасында алтын жана жез казган кендер жайгашкан.
Бул ишканаларды 2018-жылдан бери Zijin Mining деген кытай компаниясы иштетет. Ал жерге ишке Бор менен Майданпектеги сербиялык жана кытайлык жумушчулар алынат.
АКШнын Мамлекеттик департаменти баяндамасында белгиленген иш тууралуу “Эркин Европа/Азаттыктын” суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.
Сербиянын өкмөтүнөн да комментарий сураган өтүнүчкө жооп берген жок.
Кытайдын Белграддагы элчилиги журналисттердин иштин айыптоо кортунудусу, баштапкы соттук угуулар жана Мамдепартаменттин дооматтары тууралуу суроолоруна жооп берген жок.
Сербиянын акыйкатчысы жана адам аткезчилиги боюнча башкы баяндамачысы Зоран Пашалич бизге берген комментарийинде эки кытайлык аялдын иши менен тааныш экенин жана “алар адам аткезчилигине кабылганынан эч кандай күмөн жоктугун” билдирген.
Пашаличтин айтымында, шектүү кытайлык жарандан башка эки аялды сатууга жана эксплуатациялоого башка адамдар да аралашкан.
“Биздин маалыматка караганда, бул бир гана Кытайдын жарандары эмес. Анткен менен иликтөөнүн кызыкчылыгы үчүн бул ишке дагы кимдер аралашканын ачыктай албайм”, - деди ал.
Пашалич кошумчалагандай, адам сатуунун курмандыктарын коргоо боюнча борбор аялдарга акысыз баш паанек берип, психологиялык колдоо көрсөтүп, убактылуу жашоого уруксат тууралуу документ менен камсыздап, “Кытайга кайтарууда колдоо көрсөтөрүн” билдирди.
Сербияда адам аткезчилиги менен алектенгендерге максималдуу абак жазасы 12 жыл.
Бирок адам аткезчилигинин курмандыктарына колдоо көрсөткөн ASTRA уюмунун башкы директор Мария Анжелкович билдиргендей, адатта сот айыпталуучуга үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу сыяктуу "жумшак өкүм" чыгарып коет.
"Бул жараяндар узакка созулуп, курмандыктарды жүдөтүп жибериши ыктымал. Жабырлануучулар өз башынан өткөргөнүн бийлик өкүлдөрү менен биринчи жолугушуудан баштап сот аяктагыча орто эсеп менен жети жолу кайталашы мүмкүн", - дейт ал.
Сербиядагы адам аткезчилигине байланыштуу башка окуялар
Сербиянын түндүк-чыгышында бир миллиард долларга дөңгөлөк заводун куруп жаткан кытайлык Linglong компаниясы 2021-жылы 500дөй вьетнамдык жумушчуну мыйзамсыз эксплуатациялоого жана адам аткезчилигине айыпталган.
Ошол кезде эл аралык жана жергиликтүү медиа жарыялаган сүрөттөр көрсөткөңдөй, жумушчулар курулуш аянтчасынан анча алыс эмес жерде суусуз-жарыксыз кепе тамдарга жайгаштырылган.
Жумушчулардын паспортторун алар Сербияга келери менен менежерлери тартып алышкан. Бул окуя Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңешинде көтөрүлгөн.
Ушуга окшош эле окуяга жыл башында China Energy Engineering Group Tianjin Electric Power Construction курулуш компаниясында иштеген индиялык жумушчулар кириптер болгон.
Сербиялык тергөөчүлөр бул окуялардын биринде да адам аткезчилигинин изи болгон эмес деп аныкташкан. Алардын мындай бүтүмүн бир катар уюмдар, анын ичинде БУУнун атайын баяндамачысы да сындаган.