“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчылары тогуз өлкөдөгү статистиканы анализдеп ушундай жыйынтыкка келишти.
Dahua жана Hikvision компанияларына Кытай мамлекети жарым-жартылай ээлик кылат. Чыгыш жана Борбордук Европа өлкөлөрү акыркы беш жылда алардан миллиондогон камера алган. Ошол мамлекеттер арасында Еврошаркетке жана НАТОго мүчө же бул эки уюмга кошулууга умтулгандар бар.
Көпчүлүк өлкөлөрдө көзөмөл кылуучу жабдыктардын бул түрүнүн улуттук маалымат базалары жок болгону менен сөз болгон эки компания Венгрия, Сербия, Румыния, Молдова, Украина, Босния-Герцеговина, Косово, Болгария жана Грузиянын рыногунда үстөмдүк кылары аныкталды.
IPVM изилдөө борборунун директору Конор Хилинин айтымында, коопсуздуктун өзөгүн ыктымал коркунучтарды пландоо түзөт, өкмөттөр менен коопсуздук кызматтары ушул жагына көңүл бурууга тийиш.
Батыш маанилүү инфраструктурада Кытайдын технологияларынан көз карандылыкты азайтууга аракет көргөнү менен Dahua жана Hikvision компанияларынын камералары Румыниядагы аскердик база же Венгриядагы полиция штабдары өңдүү айрым жашыруун объектилерде колдонулат.
Эксперттер муну менен хакерлер менен чет өлкөлүк тыңчылар андай жайларга оңой эле кире аларын эскертишет.
Ал эми АКШ, Британия жана Австралия кеп болгон эки фирманы “кара тизмеге” киргизгени менен Европада андай чектөө жок.
Венгрия
Бул өлкө Кытайдан адамды жүзүнөн тааныган канча камера алганы же ал тармактагы кытайлык технологияны канчалык кеңири пайдаланганы тууралуу расмий статистика жүргүзүлбөйт.
Интернетке байланган Shodan издөө системасына ылайык, Венгрияда 3567 даана Dahua жана 18 166 даана Hikvision жабдыктары иштейт.
Atlatszo жаңылыктар сайты маалымдагандай, Венгриянын улуттук полициясы 2017-жылы Dahua компаниясы менен биринчи келишимге кол коюп, чек ара кызматынын жана тартип коргоочулардын административдик системалары үчүн камералар менен компьютердик программаларын алган.
Ал эми бир катар университеттер жана Илимдер академиясы Hikvision компаниясынын продукциясын сатып алган. Андан тышкары жергиликтүү акимиаттар жана ОМОН бул компаниянын камераларын колдонушат.
Бирок айрым жерлерде кытайлык технологияны пайдаланууга жол берилбейт. Алсак, өткөн жылы германиялык курал-жарак чыгаруучу Rheinmetall компаниясы Венгриядагы заводунда кытайлык камераларды орнотууга бөгөт койгон.
Ошол эле маалда өзгөчө венгер премьери Виктор Орбандын тушунда Будапешт менен Бээжиндин алакала катышы өнүккөн сайын жогоруда айтылган технология өлкөдө көбөйөт көрүнөт.
Февралда тараптар күч түзүмдөр агенттиктери ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү келишимине кол коюшту.
Украина
Dahua жана Hikvision чыгарган камералар Украинанын булуң-бурчунда орнотулганын ImportGenius маалымат базасынан баамдаса болот. Өлкөнүн күч түзүмдөрү жана менчик фирмалар кытайлык камераларды байма-бай сатып алууда. Сөз болгон базадагы маалыматка ылайык, Украинанын Trading House of Video Surveillance Systems деген компаниясы Dahua компаниясынын продукциясын алган эң ири кардар. 2016-2023-жылдар аралыгында алар бир миллиондон ашуун көзөмөл камераларын, тепловизор, домофон жана камералар орнотулган башка жабдыктарды алган экен.
Муну менен катар коопсуздук маселелери да козголуп келет. Январда Украинанын Коопсуздук кызматы орусиялык чалгынчылар Киевге ракета соккусу урулардын алдында баш калаадагы эки камерага хакердик чабуул койгонун билдирген. Ал аткылоодо кеминде үч жайкын тургун каза болгон.
Украин атайын кызматындагы булак "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна айтып бергендей, 2016-жылы орнотулган ошол камералардын бири Hikvision фирмасыныкы болчу.
Молдова
Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылгандай, Кишинев полиция, аскерлер жана дипломатиялык кызмат үчүн акыркы беш жылда кытайлык көзөмөл камераларын сатып алган. Бирок алардын так саны беймаалым.
Эң көп жабдык полиция, Коргоо министрлигинин авиациялык полкуна, Эмгек министрлигине, Тышкы иштер министрлигине жана Улуттук банкка тийген.
Shodan системасына ылайык, өлкө 15 133 даана Hikvision жана 4,177 даана Dahua камераларын алган.
Кытайлык көзөмөл камералары менен коомдук транспорт системасы, баш калаадагы троллейбустар, Жаза өтөө жайларынын администрациясы, Борбордук шайлоо комиссиясы жабдылган.
Грузия
Бул өлкөдө орнотулган камералардын 80 проценти Hikvision жана Dahua компанияларына таандык. Мындай жыйынтыкка бажычылардын статистикасына, Мамлекеттик сатып алуулар порталына жана башка ачык булактарга таянып, “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун грузин кызматы келди.
Камералардын так санын билүү кыйын. Бажы кызматынын маалыматына караганда, акыркы беш жылда камералардын жалпы импорту кескин өскөн. 2023-жылы эле Грузия 10 миңден ашуун камера сатып алган. 2020-жылы бир миңге жетпеген даана болчу.
Жабдыктардын ири бөлүгүн күч түзүмдөрү алган. Алардын басымдуусун Dahua, Hikvision жана башка кытайлык өндүрүүчүлөр чыгарган.
Кошумчалай кетсек, жыл башында Кыргызстандын Ички иштер министрлиги коомдук жайларда 3 миңге жакын видеокамера орнотулганын билдирген. Анын 800дөн көбү министрликтин коомдук коопсуздук кызматына караштуу Ыкчам башкаруу борборуна онлайн көзөмөлдөө үчүн кошулган жана 100дөн ашык камера адамды жүзүнөн таануучу системага туташтырылган.
Адамды жүзүнөн тааный турган камералар өлкөнүн көчөлөрүнө 2019-жылы коюла баштаган. Ошондо кытайлык CEIEC (China National Electronics Import & Export Corporation) камераларды бекер берип орноткону маалымдалган.
Human Rights Watch уюму Кытайдын кишинин жүзүн аныктоочу камераларын сынга алып, санариптик система жергиликтүү элдин жеке маалыматын чогултуп, топтоп жатканын, аны андан ары эмне кылары белгисиз экенин билдирген.
Февралда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Бишкек шаарындагы 22 чоң мечитке адамды жүзүнөн тааныган камералар орнотуларын билдирди.