Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:10

АКШ жана Европа мамлекеттери Иранды Орусияга ракета жеткиргени үчүн айыпташты


АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми. Лондон, 9-сентябрь, 2024-жыл.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми. Лондон, 9-сентябрь, 2024-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми Иранды Орусияга ракета жеткиргени үчүн айыпташты. Блинкен Лондонго жасаган сапары маалында Тегеранга каршы жаңы санкциялар киргизилерин жарыялады. Ал ошондой эле Орусияны да Тегеранга керектүү технологияларды, анын ичинде өзөктүк технологияларды берип жатат деп айыптады.

"Орусия [ирандык] баллистикалык ракеталардын партиясын алды. Эми жакынкы жумаларда аларды Украинада украин элине каршы колдонушу мүмкүн", - деди Блинкен 10-сентябрда.

Көп өтпөй Германиянын тышкы иштер министрлиги Иранды Орусиянын "агрессивдүү согушун" колдоп жатканы үчүн сындап, Тегерандын ракеталары Европанын аймагына чейин жетип калышы мүмкүн экенин баса белгиледи.

Германиянын, Франциянын жана Британиянын биргелешкен билдирүүсүндө "Бул Иран менен Орусиянын эскалациясы болуп саналат жана Европанын коопсуздугуна түз коркунуч катары кабылданат" деп жазылган.

9-сентябрда Тегеран мындай куралды Орусияга жеткирип жатканы тууралуу маалыматтарды караманча четке какты.

Ошону менен катар Блинкен жана Лэмми бул аптада Украинага баруу планы менен бөлүштү.

Вашингтон бир нече айдан бери Иранга Москвага баллистикалык ракеталарды бербөөнү эскертип келген.

Буга чейин АКШнын чалгын кызматтары Түндүк Корея Орусияга Украинадагы согушка колдонуу үчүн курал-жабдык жана ракеталарды жөнөткөнүн аныкташкан. Ошол эле маалда Иран Орусияга "Шахед" дрондорун жөнөтүп, Кремлге учкучсуз аппараттарды чыгарган завод курууга көмөктөшкөнү кабарланган.

XS
SM
MD
LG