Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Балдарын кароосуз калтырган мигранттарга айып пул салуу сунушталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Балдарын атайын камкорчуга табыштабай, тиешелүү мамлекеттик органдарга кабарлабай кеткен эмгек мигранттарынын жоопкерчилигин күчөтүү, балдарын кароосуз калтыргандарга айып салуу сунушталууда. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин мигранттардын балдарына байланыштуу Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу коомдун талкуусуна чыгарылды.

Документте ата-энелер камкорчуну дайындабай, көзөмөл органдарына билдирбестен, балдарын туугандарына, кошуналарына жана тааныштарына таштап, чет өлкөгө чыгып кетип жатканы белгиленген.

Аталган министрликтин маалыматы боюнча, Кыргызстанда ата-энеси миграцияга кетип, жакындарынын колунда калган балдардын саны 84,5 миңден ашат. Алардын 42 648и камкордукка берүү тууралуу документтери жок туугандарында жашап жатканы аныкталган.

Мындай маалымат министрлик эмгек мигранттарынын балдарын аныктоо, үй-бүлөлүк, балдарга карата зомбулуктун алдын алуу максатында быйыл жарым жылда 287 миңден ашык үй-бүлөнү кыдыргандан кийин белгилүү болгон.

"Мындан тышкары, эмгек мигранттарынын балдары үй-бүлөлүк чөйрөдө болгону менен ата-эненин мээрими, камкордугу жок болгондугунан улам психологиялык жана эмоционалдык стресске кабылган учурлар кездешүүдө. Кээде мындай балдар психологиялык жардамга муктаж. Ошондой эле эмгек мигранттарынын балдарынын ичинен балдар эмгегинин эң начар формаларына тартылган, жалпы билим берүү уюмдарына барбаган жана башка мамлекеттик кызматтарды албаган балдар аныкталууда... Натыйжада, тиешелүү билдирүүлөрдүн жоктугунан улам бийлик органдары балдардын кызыкчылыктарын жана таламдарын коргоо боюнча жана тийиштүү көзөмөлдү камсыз кылуу боюнча чараларды өз убагында көрө алышпайт", - деп жазылган негиздеме-маалымакатта.

Министрлик Укук бузуулар жөнүндө кодексиндеги "Ата-энелик милдеттерден качуу" беренесине толуктоо киргизүүнү сунуштоодо. Ага ылайык, балдарын кимге таштаганы тууралуу маалымат бербеген ата-энелердин жоопкерчилиги күчөтүлүп, 15 миң сом айып пул салынат.

Кыргызстанда ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын зордук-зомбулукка кабылып, өлүм менен аяктаган окуялары катталган.

Мигранттардын балдарынын кейиштүү тагдыры, алар туш болгон зордук-зомбулук окуяларынан улам кыргыз өкмөтү "Мигранттын баласы" деген аталышта атайын программа иштеп чыккан. Анын негизинде жергиликтүү социалдык кызмат көрсөтүү башкармалыктарында мигранттардын балдары каттоого алынып, жергиликтүү бийликке, айыл өкмөттөргө жана мектептердеги социалдык педагогдорго алар менен тыгыз иштешүү милдети тапшырылган.

Тышкы иштер министрлигинин соңку маалыматында 655 миңден ашуун Кыргызстандын жараны миграцияда жүрөт. Алардын 400 миңдейи Орусияда. Соңку учурда Казакстан, Түркия, Европа өлкөлөрү, Түштүк Корея жана АКШга кеткендердин саны өскөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG