Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:38

Бишкекте майыптыгы бар адамдардын 10-жүрүшү өтөт


Майыптыгы бар адамдардын маршы. (архив) Сүрөт "Равенство" уюмунун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
Майыптыгы бар адамдардын маршы. (архив) Сүрөт "Равенство" уюмунун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Бишкекте 10-сентябрь күндөрү майыптыгы бар адамдардын 10-жүрүшү өтөт. "Кыргызстандын келечеги үчүн!" деген аталышта болуучу иш-чарага түрдүү категорияда майыптыгы бар адамдар катышат.

Иш-чара өлкөдөгү майыптыгы бар адамдардын укугун коргоо, алардын коомго аралашуусун - инклюзияны өнүктүрүү маселесине коомчулуктун көңүлүн бурууну көздөйт. Бул тууралуу майыптыгы бар адамдардын "Равенство" биримдигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, мындай жөө жүрүштөр Кыргызстанда мурда да өткөрүлүп келген, бул жолкусу 10-жүрүш болмокчу.

Майыптыгы бар адамдардын жөө жүрүшү бир катар эл аралык уюмдардын каржылык колдоосу жана Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Ички иштер министрлигинин жана Бишкек мэриясынын көмөгү менен өткөрүлүүдө.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын расмий саны 216 миңлен ашуун. Алардын ичинде 37 миңдейи 18ге толо элек балдар.

Кыргызстандагы майыптыгы бар адамдардын укуктары көп бузуларын Акыйкатчы институту, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор бир нече жолу маалымдаган. Аталган борбор майыптыгы бар адамдар багылуучу социалдык-стационардык мекемелерде шарт жоктугун, суук мезгилде жылытылбасын, тамак-аш жетишсиздигин, эскирген дары-дармектер берилерин аныктаган.

17 социалдык-стационардык мекемелерде 2347 адам бар. Алардын 517си майыптыгы бар кары адамдар, 472си балдар интернаттарында тарбияланууда. Калган 1358и психоневрологиялык социалдык стационарларда жатат.

ЮНИСЕФ уюму Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын 82% жакындары, карап-баккан адамдары психологиялык кысымга алып, уруп-сабай турганын жылдык баяндамасында билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG