Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:00

ИИМ: Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук фактылары 22% өстү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, Кыргызстанда соңку жети айда үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча 8956 факт катталды. Бул өткөн жылдын ушул убактысына салыштырганда 22,1% же 1622 учурга көп. Маалыматка караганда, зомбулук жасаган адамдарга карата 8 миңдей коргоо ордери берилсе, анын 95,2 пайызы эркектердин зомбулугуна байланыштуу чыгарылган.

Укук бузуулар жөнүндө Кодектин 70-беренеси (үй-бүлөлүк зомбулук) менен 2324 протокол түзүлүп, сот органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн.

Түзүлгөн протоколдор боюнча 828 жаран коомдук ишке тартылса, 1154ү камакка алынган.

Соңку учурда өлкөдө аялдарга жана балдарга жасалган үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда.

Август айынын башында президент Садыр Жапаров “Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койгон.

Өзгөртүү киргизилген мыйзамда сексуалдык, гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган адамдарга комплекстүү жардам көрсөтүү, зомбулук жасаган адамдарды жазасыз калтырбоо жагы күчөтүлгөн. Ошондой эле кылмыштуу зомбулуктан жабыр тарткандардын сот адилеттигине жетүүсүн, жабырлануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоо каралган.

Мындан тышкары зомбулукка байланыштуу кылмыш ишин жана сотко чейинки өндүрүштү алып барган укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максат кылынган.

Былтыр бир жылда 13104 зомбулук фактысы катталган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 32,6% көп. (КЕ)

XS
SM
MD
LG