Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:23

Аба ырайы: Тоолуу аймактарда жаан жаайт


Синоптиктер 7-8-сентябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, абанын температурасы төмөндөп, үшүк жүрө турганын эскертүүдө. Мындай үшүк мөмө жана жашылча-жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картөшкө, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

6-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз тоолуу райондордо жаан жаайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 18…23;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 16…21;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 23…28 градус жылуу болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 21…23° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын жаабайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 22…24° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 4-сентябрда күндүз 21,5°, 5-сентябрда эртең менен 20,2° түздү.

XS
SM
MD
LG