Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Аба ырайы: 3-сентябрда күн ачык болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 3-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көлдүн көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27,

Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22,

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 18…23,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…-6, күндүз 7…12 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы 9…11°, күндүзгү температурасы 25…27° болот.

XS
SM
MD
LG