Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:11

Кремлдин YouTube'га жеткен цензурасы


Санкт-Петербург шаары. 29-июлда автобус бекеттеринин биринде "VK Видео" платформасынын жарнамасы пайда болду. Анда Орусиянын үстөмдүк кылган VK социалдык түйүнүнүн видео стриминг кызматынын артыкчылыктары тууралуу айтылат.

"Баары ушунчалык тез жүктөлөт", — дейт "YouTube2024" деген ат менен катталган колдонуучу бул жарнамада.

Жарнаманын чыныгы ээси ким экени белгисиз, бирок бул дагы орус бийлиги өлкөдөгү интернетти өз көзөмөлүнө алууга аракет кылып жатканынын белгиси экени анык. Бул орусиялык жарандардын пикирин, жада калса күнүмдүк өз ара мамилесин да расмий бийлик каалагандай калыптандыруу максатында РуНетти параллелдүү онлайн ааламга айлантуу боюнча көптөн берки аракеттин бир бөлүгү.

Мурда бийликтин бул багыттагы иши мониторинг жүргүзүп туруу үчүн атайын жабдыктарды орнотуу, ири интернет компанияларга басым жасап, аларды "тил алчаак" кылдыруу, жада калса дүйнөлүк технологиялык гиганттарга серверлеринин орусиялык мамлекеттик мекемелер үчүн ачыктыгын талап кылуу эле.

Эми орус бийлиги жарандарын Google компаниясына таандык, Орусияда гана эмес, бүт дүйнөгө тараган YouTube платформасынан алыстатып, орусиялык кызматтарга өткөрүүгө аракетин көрүүдө. Мындан майнап чыгабы же жокпу, азырынча белгисиз, бирок аткаминерлер арасында ниетин ачыктан ачык эле билдиргендер жок эмес.

YouTube "деградациясы" — катардагы орусиялыктарга каршы эмес, "хостингдин Орусияга каршы саясатчына» каршы багытталган аргасыз кадам", — деди Мамлекеттик Думанын маалыматтык саясат комитетинин башчысы Александр Хинштейн 25-июлда.

Ал эми өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги 31-июлда YouTube "нейтралдуу платформа эмес, ал Вашингтондун саясий тапшырмасы боюнча иштейт" деп эч бир далил келтирбестен билдирди.

РуНетти жөнгө салуу

Ондогон жылдан бери Орусиянын медианы жөнгө салуучу башкы мекемеси Роскомнадзор жана ага караган агенттиктер онлайн ааламды цензурага алуу максатында РуНеттин негизги инфраструктурасы менен алышып келди.

Мисалы, 1990-жылдардын соңунда интернет кызматын көрсөткөн компанияларды атайын жабдык орнотууга милдеттендирген Ыкчам издөө иш-чаралар системасын (СОРМ) иштеп чыгышкан. Кийин бул система жана ага байланыштуу технологиялар кыйла кеңейтилген.

2010-жылдардын ортосунда парламент Google, Facebook жана Apple сыяктуу ири интернет-компаниялардан серверлерин Орусиянын аймагында орнотууну талап кылган бир нече мыйзам долбоору кабыл алынган.

Бул бийликке алардын трафигин көзөмөлдөөгө жана мониторинг жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген.

2018-жылы Роскомнадзор Орусиянын аймагында кеңири колдонулуучу Telegram социалдык түйүнүнө да "көңүлүн бура" баштаган.

Роскомнадзордун сайттарды "кара тизмеге" киргизүү, бөгөттөө жана колдонуучуларга өзү тууралуу, каерде жүргүнү жөнүндөгү маалыматты купуя кармоого мүмкүнчүлүк берүүчү VPN виртуалдык түйүнүн каалашынча чектөөгө жол 2019-жылы ачылып, тийиштүү мыйзамдар кабыл алынган.

Facebook социалдык түйүнүнүн орусиялык версиясы катары белгилүү болгон VK сыяктуу башка дагы ири веб-компаниялар Кремл менен байланышы бар магнаттардын же мамлекеттик компаниялардын көзөмөлүндөгү ишканаларга бириктирилген.

Google боюнча эмне кылуу керек?

Бирок Google, Apple, Facebook жана ушул сыяктуу ири дүйнөлүк технологиялык компаниялардын Орусиядагы ишмердүүлүгүн чектөө орус бийлиги үчүн "баш ооруга" айланган.

MediaScope изилдөө компаниясынын маалыматына караганда, орусиялыктардын онлайн активдүүлүгүнүн 50 пайызга жакыны социалдык түйүн колдонгонуна туура келет.

Орусиялык жарандар арасында көргөн убактысы жана көрүүчүлөрдүн саны жагынан YouTube басымдуулук кылуучу платформа болуп эсептелет.

Google компаниясына таандык бул платформа бийликке ыктаган ондогон аткаруучунун жана мамлекет каржылаган кээ бир ЖМКлардын аккаунтун жаап салгандан кийин мыйзам чыгаруучулар жана жөнгө салуучулар менен маселе жарала баштаган.

Ал Роскомнадзор өчүрүүнү талап кылган миңдеген аккаунтту өчүрүүдөн баш тартып койгон.

Быйыл 20-июлда кремлчил аткаруучу, Шаман деген ат менен чыгып ырдап жүргөн, чыныгы аты-жөнү Ярослав Дронов YouTube каналы бөгөттөлгөнүнө нааразылыгын билдирип, АКШнын Орусиядагы элчилигинин алдында акция уюштурду.

Анын YouTube сайтынан өчүрүлүшүнө Орусиянын Украинага каршы ачкан согушун ачык колдогон позициясы үчүн Европа Биримдигинин жана АКШнын санкциясына кабылганы себеп болгон чыгар.

Ошондон бир нече күн мурда, 12-июлда Орусияда YouTube ишинин ылдамдыгы бир аз жайлап калганы байкала баштаган.

Телекоммуникациялык кызматтарды жөнгө салуучу Ростелеком мамлекеттик ишканасы бул үчүн Google компаниясынын өзүн айыптап, ал видео материалдын тез жүктөлүшүнө жана көчүрүлүшүнө таасир тийгизүүчү "кэш серверлерин" тийиштүү деңгээлде иштеткен эмес деп белгилеген.

Эки аптадан кийин депутат Хинштейн YouTube бөгөттөлөрүн ачык жарыялап, сайттын ишин атайылап жайлатуу ыктымалдыгы тууралуу кыйытты.

Google "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун бул маселеге байланыштуу электрондук почта аркылуу жөнөткөн бир нече катына жооп берген жок.

"Мен ылдамдыктын акырындап калышы Google жана YouTube үчүн кэш серверлеринин деградациясы менен түшүндүрүлөт деп ойлогом. Бирок, алар акырындап көйгөйгө батып бараткандай. Кремлдин пикиринде, мындай абал колдонуучулардын бара-бара жергиликтүү түйүндөргө өтүүсүн шартташы керек. Алар колдонуучуларды эң мыкты, ылдамдыгы жогору, эң жогорку сапаттагы YouTube платформасынан орусиялык аналогдорго кетишине мажбурлашат", - деди "Роскомсвобода" укук коргоо уюмунун киберсаясат маселелери боюнча юридикалык эксперти Саркис Дарбинян Current Time телеканалына.

"Алардын жакшы көргөн оюнчугу"

Орусиялык аналогдор – VK Video жана "Газпром-Медиа" компаниясы аркылуу мамлекеттик "Газпром" ири газ ишканасына таандык болгон RuTube.

"Газпром-Медианын" башкы директору VK акцияларынын негизги бөлүгүн кармап турган адам, ошондой эле ал Роскомнадзордун мурдагы башчысы.

Быйыл июнь айында Орусияда "Платформа" деп аталган дагы бир жаңы видеосервис пайда болду.

"Орусиянын Тышкы иштер министрлиги [орусиялыктарды] RuTube түйүнүн өнүктүрүүгө активдүү катышууга чакырат", — деп айтылды мекеменин 31-июлдагы билдирүүсүндө.

Аталган интернет аянтчалардын арасынан кайсы бири Орусиянын ичинде YouTube платформасынын ордун толук баса алабы, албетте, белгисиз.

Мамлекетке YouTube боюнча "жөнгө салуу" иштерин каалагандай жүргүзүүгө мыйзамга 2019-жылы киргизилген өзгөртүүлөр шарт түзүп, Роскомнадзорго тийиштүү мүмкүнчүлүктөр берилген.

2021-жылдын март айында Twitter (азыркы X) социалдык түйүнүнүн ишине Орусияда мамлекеттин чечими менен чектөө киргизилген. Буга аталган компания Роскомнадзор ишканасы "эрежени бузууда" деп эсептеген айрым постторду өчүрүүдөн баш тартып койгону себеп болгон. Америкалык жана орусиялык иликтөөчүлөрдүн пикиринде, бул "тарыхта биринчи жолу цензура үчүн атайын жасалган масштабдуу чектөө" болуп калды.

Бирок мындай аракет тескери натыйжа берди, анткен себеби көп сандаган орусиялык сайттардын ишинде маселе жаралды. Быйыл январь айында да орус бийлиги ушундай эле аракет жасап көргөн, анын да натыйжасы айырмаланган жок. Кийин эксперттер бул РуНет кабылган эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири болгонун белгилешкен.

26-июлда, YouTube боюнча мамлекеттик жөнгө салуу иштери башталганда, бүткүл Сибирь аймагындагы колдонуучулар мобилдик байланыш кызматтарынын иштөөсүндө кыйынчылык жаралганын, үзгүлтүккө учуроо болгонун айтып даттанышты. Маселе башка тиркемелерге, анын ичинде Telegram социалдык түйүнүнө да терс таасирин тийгизгени байкалды.

Ал тапта орусиялык эң ири уюлдук байланыш операторлорунун бири деп эсептелген МТС компаниясы өзүнүн абоненттерине кайрылып, YouTube ишинде үзгүлтүк жаралышы ыктымал деген эскертүү бергенин мамлекеттик ТАСС маалымат агенттиги кабарлады.

"МТСтен көз каранды эмес себептерден улам айрым абоненттер YouTube боюнча көйгөйлөргө туш болушу мүмкүн", - деп айтылды МТСтин билдирүүсүндө.

"YouTube орусиялыктардын жашоосуна ушунчалык терең тарагандыктан, эгер ал бөгөттөлөсө, баланын жакшы көргөн оюнчугун колунан тартып алып койгондой боштук сезими пайда болушу мүмкүн. Кээ бир адамдар ызы-чуу чыгарышы мүмкүн, ал эми сүйүктүү оюнчугунан ажыраган адамдар революция башташы ыктымал", — деп жазды орусиялык ComNews онлайн техникалык сайты.

Макаланын автору RFERL сайтынын Орусия жана Борбор Азия боюнча баяндоочусу Майк Экель.

XS
SM
MD
LG