Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Аба ырайы: тоолуу аймактарда өткүн өтөт


27-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30 градус ысыйт.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 29…31° ысык болот.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 25…27° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 25-августта күндүз 22,8°, 26-августта эртең менен 21,1° түздү.

XS
SM
MD
LG