Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

"Валюта курсунун туруксуздугуна алып келди". Улуттук банктын төрагасы сөгүш алды


Мелис Тургунбаев
Мелис Тургунбаев

Улуттук банктын төрагасы болуп эки ай мурун дайындалган Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыяланды. Анын эки орун басары кызматтан бошотулду.

23-августта жарыяланган расмий маалыматта президент Садыр Жапаровдун мындай чечими аргасыз чара экени белгиленген. Төраганын сөгүш алышы кыргыз банктары орусиялык банктар менен кызматташууга чектөө киргизип жаткан учурга туш келгендиктен, жагдайды ушуга байланыштыргандар да болууда.

"Акча-кредит саясаты чөйрөсүндөгү жетишсиз иштер валюта курсунун туруксуздугуна алып келди, бул болсо экономиканын бардык тармактарына терс таасирин тийгизип, жарандардын жана ишкерлердин бакубаттуулугун начарлатты. Экономикага таасир тийгизген терс факторлор бизнес, финансы рыноктору, калк жана инвесторлор тарабынан ишенимди жоготуу коркунучун жаратты. Кырдаалды талдоонун жана анын кесепеттерине баа берүүнүн жыйынтыгында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыповду ишеним жоготкондугуна байланыштуу кызматынан бошотуу чечими кабыл алынды" - деп жазылган президенттин сайтындагы маалыматта.

Ал эми Тургунбаевге сөгүш "жетекчилик курамды талаптагыдай координациялабагандыгы үчүн" берилген. Анын дагы бир орун басары Кайып Куленбеков өз арызы менен кызматынан бошотулган.

"Банк тутумунун жана улуттук экономиканын туруктуулугуна терс таасирин тийгизип, ишенип берилген участокто көзөмөлдү жоготуу шартында бул чечимдер Президент Садыр Жапаров тарабынан аргасыз чара катары кабыл алынды. Бул чара финансы рыногунун нормалдуу иштешин калыбына келтирүү жана натыйжалуу башкарууга кайтуу үчүн зарыл",- деп белгиленген президенттин сайтында.

Ошол эле кезде Улуттук банктын жетекчилигине так кайсы иштер чара көрүлгөнү белгисиз болууда. "Азаттык" азырынча Тургунбаевден, мурдагы орунбасарларынан же аталган мекеменин жооптуу өкүлдөрүнөн комментарий ала алган жок.

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Элвира Сурабалдиева мунун чоо-жайы такталышы керектигин айтты:

Элвира Сурабалдиева
Элвира Сурабалдиева

"Мелис Тургунбаевдин бул кызматка келгенине эки ай болду. Менин оюмча, мекемеде буга чейин кетирилген кемчиликтердин жыйынтыгында сөгүш алган болушу ыктымал. Балким депутаттар каникулда болгондуктан тиешелүү чечимдер бизге азырынча белгисиз. Биз сентябрда чогулганда комитетте бул маселе көтөрүлөт жана суроолорду беребиз. Депутаттарда Улуттук банктын саясатына байланышкан суроолор бар деп ойлойм. Комитетте болбосо жалпы жыйында албетте буга кайрылабыз. Сөгүш берүү жана орун басарларды кызматтан алуу жөндөн жөн болбойт, орчундуу себеп бар деп ойлойм".

Улуттук банк августта эки ирет интервенция жасады. 8-августта валюта базарына 51 млн 650 миң доллар сатса, 13-августта 59 млн 800 миң доллар чыгарган.

Интервенция валютанын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат.

Кыргызстанда учурда 1 доллар 85,00 - 85,50 сомдун тегерегинде болууда. Май айында 1 доллар 88 - 89 сом болсо, июлдун акырында 83 сомго чейин төмөндөгөн.

Анткен менен экономист, финансы маселелери боюнча эксперт Расул Түлеев Улуттук банктын ишинде олуттуу сынга кабыла турган жагдайлар жоктугун белгиледи. Ал муну акыркы күндөрү кыргыз банктарынын орусиялык банктар менен кызматташууга чектөө киргизе баштаган кадамдарына байланыштуу болушу мүмкүн деп божомолдойт:

Расул Түлеев
Расул Түлеев

"Акча-кредит саясатын карап көрсөк, валюта рыногун туруксуздукка алып келди деген пикирден алысмын. Мисалы, сомдун курсу долларга салыштырмалуу күчүн сактап турат. Кредит саясатында эки айда чоң өзгөрүүлөр болуп кетпегени менен, пайыздык ченди азайтуу аракети көрүлүүдө. Буга каржы саясатындагы туруктуу өнүгүү деп карасак болот. Менимче, бул Орусиянын банктары менен кызматташуудагы мамилени начарлап баратканы буга себеп болду".

Орус банктары демекчи, Кыргызстандагы бир катар ири банктар августтун ортосунда Орусия менен акча которуу кызматташтыгын убактылуу токтотту. Экономисттер муну Батыштын экинчи даражадагы санкцияларына илинип калуу коркунучу менен байланыштырууда.

"Тазабек” сайты 20-августта өлкөнүн төлөм системаларынын ишин жөнгө салган Улуттук банк Кыргызстандагы банктардан АКШнын каржы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын (OFAC), Евробиримдиктин жана Улуу Британиянын санкциялык тизмесиндеги банктар менен иштешпөөгө чакырганын жазган.

Кыргыз банктары Орусиянын банктарына акча которууну токтотту
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:38 0:00


Улуттук банктын жооптуу кызматкерлери "Азаттыкка" комментарий бергенде, "учурда коммерциялык банктар эл аралык санкциялардын терс кесепеттерин алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүп жатканын" айтып, "экинчи даражадагы санкциялардын тобокелдиктерин минималдаштыруу максатында кардарларга жана контрагенттерге көзөмөлдү күчөтүү, кардарлардын санкциялык тизмеде жок экендигин тыкыр текшерүү чаралары көрүлүп жатканын" билдирген. Ага чейин аталган мекеме коммерциялык банктар буга байланыштуу өз алдынча чечим кабыл ала аларын айтып келген.

Улуттук банктын имараты
Улуттук банктын имараты

Сөгүш алган Мелис Тургунбаев Улуттук банктын төрагасы болуп эки ай мурда - 26-июнда келген. Ага чейин 2023-жылдан тарта жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп иштеген. 42 жаштагы Мелис Тургунбаев экономика илимдеринин доктору.

Ага быйыл апрелде да жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп иштеп турган кезинде "өзүнө баш ийген кызматкерлерге жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн" сөгүш жарыяланган.

XS
SM
MD
LG