Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:27

Өкмөт башчы экономика өнүгүп жатканын айтты


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 17-июлда Экономика жана коммерция министрлигинин жарым жылдык коллегиясына катышып, өлкө экономикасындагы көрсөткүчтөр жөнүндө маалымат берди.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Жапаров өлкө экономикасы туруктуу өнүгүп жатат деп баа берди.

“Бул жыл чоң өзгөрүүлөрдүн башталышы болот. Башкача айтканда, белгилүү Азия жолборстору деп аталган Чыгыш Азия өлкөлөрүндөй чоң ийгиликтерге жетебиз деп үмүттөнөбүз. Алардын ийгилиги “жолборс секирик” деп аталса, “илбирстин секириктерин” жасап, алдыга жылгыбыз келет”, - деди.

Жапаровдун маалыматында, 2023-жылы Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 7% түзсө, 2024-жылдын биринчи кварталында 8,8% чейин өстү. Ал Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянып, 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында экономиканын өсүшү 8,1%, ал эми Кумтөр кенин эсепке албаганда 9,9%, ИДӨ 559 млрд сомду түзгөнүн билдирди.

Айрым экономисттер акыркы эки-үч жылдагы көрсөткүчтөр 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу төмөндөп кеткен экономиканын фонунда көп көрүнүп жатканын белгилеп келет. Кыргызстанда соңку жылдары айрым азык-түлүктүн, кызмат көрсөтүү жана үй-мүлк баалары сезилерлик кымбаттап жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG