Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:15

Ишкер жана экс-депутаттын камалышы, "Салимбай байбача" менен байланышы


Салайдин Айдаров жана Жалил Атамбаев. Коллаж
Салайдин Айдаров жана Жалил Атамбаев. Коллаж

Оштогу таанымал ишкер, милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Салайдин Айдаров уюшкан кылмыш топторун каржылоого шек саналып камакка алынды.

Ишкер жана экс-депутаттын камалышы

Айрым маалыматка караганда, аларга Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) "Салимбай байбача" деген каймана ат менен таанымал өзбекстандык кримавторитет, олигарх Салим Абдувалиевге байланыштуу кылмыш ишин козгогон. Өткөн аптада Кыргызстандын атайын кызматы Абдувалиевге эл аралык издөө жарыялаган жана былтыр октябрда атайын операцияда жок кылынган кыргызстандык кримтөбөл Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөттөрүн тараткан.

Жалил Атамбаев менен Салайдин Айдаровго Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси (“Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо”) менен кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Бишкек шаардык соту алар 8-августта камакка алынып, Октябрь райондук сотунун чечими менен Атамбаев 4-сентябрга чейин шаардагы №1 тергөө абагына, Айдаров болсо УКМКнын тергөө абагына калтырылганын ырастады. УКМК бул иштердин чоо-жайы тууралуу азырынча маалымат тарата элек.

Атайын кызмат ушул жылдын март айынан бери өз өлкөсүндө абакта отурган Абдувалиевге өткөн аптада Интерпол аркылуу издөө жарыялаган. Анда өзбекстандык кримтөбөл жалпы КМШ өлкөлөрүндө таасири чоң болгонун, Европага маңзат ташыган каналдарын уюштуруп, кыргызстандык кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланышта болуп, анын кылмыштуу тобуна дайыма материалдык жардам көрсөтүп жүргөнүн биллдирген.

2018-жылдын башында Атамбаев менен Салайдин Айдаровдун бир тууган агасы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нургазы Айдаровдун Салим Абдувалиевге жолукканы тартылган видео тараган.

Тасмада "Абдувалиев - Кыргызстандын тиреги, ал президент Сооронбай Жээнбековду колдойт" деген мазмундагы мактаган сөздөр айтылган.

Ишкер менен экс-депутаттын камалышы тууралуу алардын жакындары, жактоочулары азырынча үн ката элек.

  • Салайдин Айдаров 2015- жылдагы парламенттик шайлоодо "Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен шайланып келген. Курманбек Бакиев президент кезинде анын администрациясын жетектеген Үсөн Сыдыковдун күйөө баласы.

"Бизнесин Өзбекстанга алып кетти дегендей сөздөр бар"

Жалил Атамбаев 2021-жылы мартта "мыйзамсыз баюу" беренеси менен камалып, эртеси күнү эле үй камагына чыккан. УКМК ал тергөө менен кызматташууга барып, өз эрки менен 50 млн сом төлөп бергенин, калган 50 млн сомду бир айда төлөп берүү милдетин алганын жарыялаган.

Оштогу журналист Арген Нуров ишкер Атамбаев өз бизнесин Өзбекстанга чыгарып кеткени тууралуу сөздөр бардыгын айтты:

Арген Нуров
Арген Нуров

"Убагында капчыгы өтө калың ишкер болчу. Оштун мэри, губернатору, милициянын башчысы баштаган жетекчилерге таасири бар эле. Бир телефон чалуу менен бардык маселесин бүтүрүп жүргөн. Азыркы күндө анын таасири мурдагыдай болбой, жөнөкөй эле ишкер болуп жүрсө керек. Ал тууралуу иликтөө, чуу чыккандан кийин бизнесин Өзбекстанга алып кетти дегендей сөздөр чыккан. Мунун канчалык чын-жалган экенин билбейм. Бирок анын бизнесине бул жакта тоскоол кылып жатат дегендей сөздөр бар. Ал Өзбекстанга барып, көп кабаттуу үйлөрдү сала баштады деп айтылган".

  • Жалил Атамбаев - Ошто бир катар ресторан-кафелердин, көп кабаттуу үйлөрдүн жана ишканалардын ээси.
  • Ал Ош эл аралык аэропортунун милициянын жетекчиси кызматынан 2016-жылы алынган. 2009-жылы Ноокат райондук милиция башчылыгынан алынган. Ага журналист Алмаз Ташиевдин милиция кызматкерлеринин токмогунан көз жумганы себеп болгон.


“Азаттык” 2019-жылы Жалил Атамбаев тууралуу "Ош: салыктан буйтаган "ишкерлер" деген журналисттик иликтөө жарыялаган. Анда радионун ошол кездеги кабарчысы Ыдырыс Исаков Атамбаев жана анын жакындарына таандык компаниялар 40 млн сом салыкты жашырганын аныктап чыккан. Бул берүүдөн кийин Атамбаев журналистти сотко берип, кийин арызын кайтарып алган.

"Бир жактуу каралоо туура эмес"

Талдоочу Төлөгөн Келдибаев ишкерди бир тараптуу каралоо туура эмес экенин белгилеп, анын Салим Абдувалиев менен бизнестеги байланышына токтолду:

Төлөгөн Келдибаев.
Төлөгөн Келдибаев.

"Азыр эми Жалил Атамбаевдин криминал менен байланышы болгон дегенде, эми Кыргызстан 30 жылдан бери криминал өлкөнүн саясатына чейин таасир эткен күчкө айланганын эске алуу керек. Кандай гана ишкерлер болбосун, уюшкан кылмыштуу топ баарынан салык алып турган. Ошолордун катарында, милицияда жетекчилик кызматтарда иштесе дагы, Атамбаев деле болгон. Жеке өзүнүн, үй-бүлөсүнүн коопсуздугун ойлоп, аларга акча бергенге аргасыз болгон. Ошол маалда алар криминалдар менен кызматташканга аргасыз болгон. Салим Абдувалиев менен, менимче, алардын бизнесте гана байланышы болгон. Кыргызстандан көмүр жана башкаларды сатууда ошол Салимбайдын фирмалары менен келишимдерди түзүп жөнөтүп турган. Кылмыштуулук, уюшкан топторго байланыштуу булардын байланыштары жок, бизнес өнөктөш гана болушса керек. Буларды бир жактуу эле каралай берген болбой калат го".

Жалил Атамбаев 2020-жылдын аягында коронавирус пандемиясындагы чектөөлөргө карабай жүздөгөн адамды чакырып, уулунун үйлөнүү тоюн өткөргөнү талкуу жараткан. Тойго Ош шаарынын ошол кездеги мэри Таалайбек Сарыбашов, Жогорку Кеңештин ал убактагы вице-спикери Аида Касымалиева, депутаттар Искендер Матраимов, Азамат Арапбаев, Алтынбек Сулайманов жана башка аттуу-баштуу адамдар катышканы белгилүү болгон. Ошол маалда атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев Атамбаевдин кыйчалыш маалда той бергенин "элдин бетине түкүргөнү" деп эсептей турганын билдирген. Атамбаевдин ал уулу УКМКда иштерин, ал атасынын жоругу үчүн катуу сөгүш алганын маалымдаган.

2010-жылдагы июнь коогасында жабыркагандарга үй бөлүштүрүлгөндө Жалил Атамбаев күйүп кеткен бир үйүнүн ордуна төрт батир алганы ачыкка чыккан. Турак жайларды мыйзамсыз бөлүштүрүүгө байланыштуу кылмыш иши козголгон жана төрт жылдан кийин сот ага бөлүнгөн батирлерди мэрияга кайтаруу тууралуу чечим чыгарган.

XS
SM
MD
LG