Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:19

Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода алакасы төмөндөдү


ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн желектери. Иллюстрациялык сүрөт.
ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн желектери. Иллюстрациялык сүрөт.

2024-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөр менен жүргүзгөн сооданын көлөмү дээрлик 2,0 млрд АКШ долларын түздү. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, бул былтыркы жарым жылдагы көрсөткүчтөн 9,3% аз.

Министрлик буга Кыргызстан былтыркыга караганда экспортту 27,8% азайтканын негиз кылууда. Ага ылайык, быйыл жабдуулар, механизмдер (4,8 эсеге), керамикалык плиталар (3,9 эсеге), эт жана эт азыктары (3,7 эсеге), тоңдурулган балык (3,0 эсеге), электр машиналары жана жабдуулар (2,0 эсеге), нан жана ундан жасалган кондитердик азыктар (1,9 эсеге), автоунаалар жана алардын тетиктери (1,7 эсеге) былтыркыга салыштырмалуу аз сатылган.

Мындан тышкары баалуу металлдардын рудалары жана концентраттары (1,6 эсеге), кийим-кече жана фурнитуралар (1,6 эсеге), жылмаланган айнек (1,6 эсеге) сатуу да төмөндөгөн.

Ошол эле учурда биримдиктеги өлкөлөргө кара металл (1,5 эсеге), желим жана алардан жасалган буюмдар (28,9%), эмеректер (28,6%), сүт жана сүт азыктары (14,4%) арбын экспорттолгон.

Жарым жылда Кыргызстандын соода үлүшү Орусия менен 71,6%, Казакстан менен 26,5% түздү.

Ошондой эле Кыргызстанга импорт да төмөндөп, көмүр, жер семирткич, автоунаалар жана алардын тетиктери, өсүмдүк майы, жуучу каражаттар, кагаз жана кагаздан жасалган буюмдар жана башка товарлардын көлөмү азайган.

Ошол эле учурда учүнчү өлкөлөр менен тышкы соода алака 5,6 млрд АКШ долларын түздү. Бул былтыркы жарым жылкы көрсөткүчтөн 18,1% көп. (ZKo)

XS
SM
MD
LG