Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Түркияда бөгөттөлгөн Инстаграм кайра иштей баштады


10-августтун кечинде Түркиянын Транспорт жана инфраструктура министри Абдылкадир Уралоглу Анкара МЕТА компаниясы менен бир чечимге келгенин, Инстаграм платформасына чектөө жоюлганын Х баракчасына жазды.

"Мета платформасы. PKK (ред. Түркияда террордук уюм деп эсептелген Күрд жумушчулар партиясы), YPG (ред. Сириядагы күрттөрдүн Демократиялык союз партиясы) жана ФЕТО сыяктуу террордук уюмдарга таандык эсептер жана үгүттөөлөр алынат. Ошондо коопсуздук жана коомдук тартип корголот", - деп жазды Уралоглу.

2-августта Түркиянын Маалыматтык технологиялар жана байланыш башкармалыгы эртең менен Инстаграмга кирүү чектелгенин кабарлаган. Байланыш башкармалыгы чектөөнү "Кылмыш-жаза кодексинин айрым беренелерине туура келбейт" деген жүйө менен байланыштырган. Бирок кайсыл берене экени так айтылган эмес.

31-июлда Түркиянын Коммуникация бөлүмүнүн башчысы Фахреттин Алтун X баракчасында АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАС тобунун саясий жетекчиси Исмаил Ханиянын өлүмүнө байланыштуу көңүл айткан билдирүүсүн жарыялап, Инстаграм аны жаап салганын айыптаган.

"Инстаграм социалдык платформасын Ханиянын шейит болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу билдирүүлөрүн эч кандай негизсиз бөгөттөп койгонун айыптайм. Бул цензурага аракети", - деп жазган Алтун.

Израил жана Батыш өлкөлөрү ХАМАСты "террордук кыймыл" деп эсептейт, бирок Түркия аны террордук уюм катары тааныбайт.

Түркияда 2007-жылдан 2015-жылга чейин YouTube, Твиттер, Википедия жана Фейсбук бир канча жолу сот чечими менен жабылган. Буга кишилердин намысына шек келтирген посттор, сүрөттөр жана билдирүүлөр себеп болгону айтылган.

Түркиянын 85 миллиондон ашык калкынын 62 миллиону интернет колдонору, алардын 54 миллиону социалдык тармактарды жигердүү пайдаланат. (ElB)

XS
SM
MD
LG